ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫ КЫРГЫЗ СПОРТУНА СТИМУЛ БЕРЕБИ? 

Кезектеги жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды, ага катышкан 16 спортчубуз элди бириктирди, толкундантты, сүйүнттү, ыйлатты... Жалпы караганда, бул жолку Олимпиада оюндары Кыргыз тарыхындагы эң ийгиликтүүсү болду. Кыргызстан 2 күмүш жана 4 коло медаль утуп, олимпиадага катышкан 201 өлкөнүн ичинен 68-орунду ээледи. Бул жаман көрсөткүч эмес. 

Жеңгенине да, жеңилгенине да сыйлык

13-августта Бишкектеги эски аянтта Олимпиадага катышып келген 16 спортчуну, алардын машыктыруучуларын, дарыгерлерин, айтор, спортчуларды коштоп барган топту сыйлоо аземи өттү. Аземдин башында президент Садыр Жапаров туруп, миңдеген күйөрмандар катышты. Өзгөчөлүгү – мамлекет олимпиадада жеңишке жеткенин гана сыйлап, калганын экинчи планда калтырбай, баарына тегиз белек бергени болду. Бул көрүнүш “калыстык”, “адилеттик” деп бааланып көпчүлүктө жылуу пикир жаратты. Спортчулар менен алардын алгачкы, жеке жана башкы машыктыруучуларынан тышкары, укалоочу (массаж), дарыгерлерге да акчалай сыйлык тапшырылды. 

Садыр Жапаров ар бир спортчунун өзгөчөлүгүн атады

Садыр Жапаров спортчуларды сыйлоо аземинде Кыргыздын намысын коргогон 16 спортчунун ар биринин атын атап, алардын өзгөчөлүгүнө токтолду.

– Бул Олимпиада оюндарында баатыр балбандарыбыз Айсулуу, Акжол, Мээрим тарых жаратып, эки ирет катарынан Олимпиада оюндарынын байге ээлери болушту. Силер баарыбызды кубанычка, сыймыкка бөлөдүңөр. Өзгөчө Айсулуу алтын кызыбыздын жаракатына карабай, коло байге үчүн күрөшү баарыбыздын эсибизде калды. Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышып жатса да, Мунарбек өзүнүн токтоолугу, жөнөкөйлүгү, салкын кандуулугу, өзгөчө техникасы менен өзгөчөлөнүп, атаандаштарын биринин артынан экинчисин жеңип жатты. Мунарбектин жеңиши Кыргыз боксунун тарыхында Олимпиада оюндарынын алгачкы медалы болуп калды. Силердин тер төгүп алган медалыңар биз үчүн алтындан да жогору, – деди президент.

Кимге кандай сыйлык берилди? 

1. Мунарбек Сейитбек уулу (бокс, күмүш медаль) – 10 миллион сом жана автоунаа

2. Мээрим Жуманазарова (эркин күрөш, күмүш медаль) – 10 миллион сом жана автоунаа

3. Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш, коло медаль) – 7 миллион сом жана автоунаа

4. Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү, коло медаль) – 7 миллион сом жана автоунаа

5. Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү, коло медаль) – 7 миллион сом жана автоунаа

6. Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү, коло медаль) – 7 миллион сом жана автоунаа

7. Бекзат Алмаз уулу (эркин күрөш, 5-орун) – 1 миллион сом жана автоунаа

8. Айпери Медет кызы (эркин күрөш, 5-орун) – 1 миллион сом жана автоунаа

9. Айаал Лазарев (эркин күрөш, 5-орун)  – 1 миллион сом жана автоунаа

10. Амантур Исмаилов (грек-рим күрөшү, 5-орун) – 1 миллион сом жана автоунаа

11. Денис Петрашов (сууда сүзүү, 13-орун) – 500 миң сом жана автоунаа

12. Сардана Трофимова (жеңил атлетика, 14-орун) – 500 миң сом жана автоунаа

13. Эрназар Акматалиев (эркин күрөш, 16-орун) – 500 миң сом жана автоунаа

14. Эрлан Шеров (дзюдо, 16-орун) – 500 миң сом жана автоунаа

15. Елизавета Печерских (сууда сүзүү, 30-орун) – 500 миң сом жана автоунаа

16. Айбек Кубанычбек уулу (дзюдо, 32-орун) – 500 миң сом жана автоунаа 

Ошондой эле...

Бокс боюнча башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу 3 миллион сом, мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу (Олимпиадага жөнөтүлбөй калып талкууга түшкөн каарман) Беганас Султанбаев 2,5 миллион сом, кыз-келиндер күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 5 миллион 650 миң сом, Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов
2 миллион 450 миң сом, Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов 1 миллион 750 миң сом, эркин күрөш боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев
6 миллион 600 миң сом менен сыйланды. Башка машыктыруучуларга да ири суммада акчалай сыйлыктар берилди. Жалпысынан спортчулардын сый акысына өлкө казынасынан 104 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

Олимпиаданын урунттуу учурлары

Олимп оюндарынын сенсациясы Мунарбек Сейитбек уулу болгону талашсыз. Ал финалга чейин жетип, өзбекстандык атаандашына жеңилип калды. Бирок ага чейинки окуялар Мунарбек мырзанын атагын арттырып, дүйнөгө дүңгүрөттү. Жеке машыктыруучусу жок Олимпиадага барганы, рингде ага өзбекстандык машыктыруучунун секундант болгону, атүгүл анын жеңишке жетишине ишеним артпай, аны Кыргызстанга жөнөтүүгө учакка эрте эле билет алынып калганы сыяктуу окуялар көпчүлүктүн эсинде калды. Бирок кыргыздын жөнөкөй, намыстуу жигити далайдын эсин оодарды. “Кыргыз боксунда тарых жаратты” деген мактоо ага азыр жарашып турганы да чындык. Эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиададан бокс боюнча алгачкы медалды өңөрүп келди, болгондо да күмүш.

Быйыл январь айында “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде Мунарбек Сейитбек уулу “Париж олимпиадасына барып элибиздин намысын коргоп келүү – эң негизги максатым” деген эле. Максатына жетти. 

Жоламан Шаршенбековдун жарым финалдык беттеши. Албетте, Жоламан алтын утат деген ишеним күч эле, бирок спорттун табиятын кайда катабыз? Дайым эле жеңиш буюра бербесин түшүнүп турса да, балбаныбыз утулуп калганда элдин ичи ачышты. Жоопкерчиликти сезген Жоламан мырзанын жарым финалда япониялык атаандашына утулуп калганда көзүнө жаш алганы ушундан уламдыр. Баары алдыда, сыйлоо аземинде кийинки Олимпиада оюндарынын алтынына умтуларын Жоламан өзү да билдирди.

Айсулуу Тыныбекованын коло медаль үчүн беттешин күйөрмандар көпкө унута алышпаса керек. Балбан кызыбыз жеңишти акыркы секунддарда гана атаандашынан жулуп кетти. Демин ичине катып, толкунданып эфирди тиктеп отурган миллиондогон күйөрмандар үчүн бул көз ирмем, бул жеңиш майрам тартуулады. Кийинчерээк Айсулуу айым мурда алган жаракатынан улам бир буту менен эле күрөшүүгө аргасыз болгонун билдирди. Айсулуу спорттук карьерасын жыйынтыктайбы же улантабы, азырынча белгисиз. “Ойлонууга убакыт керек” деди өзү. Кыз-келиндер күрөшүнүн ак жолтой өкүлү кандай чечим чыгарбасын, кыргыз элинин сыймыгы бойдон калары анык.

Мээрим Жуманазарова дагы алган жаракатынан улам Олимпиада оюндарында кыйынчылыктарга туш келди. Олимпиада алдында ага операция жасатуу сунушталып, бирок ал баш тарткан. Эгер баш тартпаса, Парижге бара албай калмак. Ден соолугун курмандыкка чалса да өлкөгө күмүш медаль алып келди. 

Олимпиада оюндары кыргыз, өзбек, казак элдеринин достугун бекемдеди. Үч өлкөнүн жарандары бири-биринин Париждеги жеңиштерине сүйүнүп, спортчуларга интернет желеси аркылуу 2 апта бою колдоо көрсөтүп турушту. Мындай ынтымак, тилектештик мындан ары да уланабы?

 

Сый бүттү, эми катачылыктар талданабы?

“Той болот, тойдун эртеси да болот” дейт кыргызда. Кубаныч, сыймыктануулар, сыйлоолор аяктады. Эми кезек жол берилген катачылыктарды талдоо, кемчиликтерди белгилөө, өз ишин талаптагыдай аткарбаган тиешелүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу маселесине жетти болуш керек. Анткени өткөндөн сабак албасак, кийинкиде алдыга жылуу кыйын. Көпчүлүк азыркы учурда дал ушул маселеге көңүл бурууну бийликтен талап кылып жаткан учур.   

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан