Кийинүү стили, ачык-айрым мүнөзү, “эл эмне дейт?” деген сөздөн коркпогону менен башкалардан өзгөчөлөнгөн ырчы Салтанат Шекенова бул аптанын каарманы. Бул айымды хейтерлер “ачык кийинесиң” деп көп сындашат. Ал эми ырчы өзү “кийим келбетиме сонун жарашып жатса эмне кылайын? Мен элдин көңүлүн буруу үчүн эмес, өзүмө жакканы үчүн ушундай кийинем” дейт.
– Кандайсыз, Салтанат? Супсулуу болуп жаркылдап келип калдыңыз?
– Салам! Ооба, келип калдым. Биринчи жолу “Супер-Инфонун” башкы бетине чыгып жатам. Өзгөчө эч кимге окшобогон образда чыккым келип жатат.
– Жакшы экен. Куурчактай болгон образ менен келипсиз...
– Мен 7-класска чейин куурчак ойноп өскөн кызмын. Үй-бүлөбүздө акча жок, каржы тартыш мезгилдер да болгон. Андайда куурчактын башын, колу-бутун, денесин ар кайсы жактан таап келип, анан бири-бирине чаптап кураштырып ойночумун. Куурчактардын кийимдери жакчу. Менин образымдын, кийинүү стилимдин куурчактарга окшош болуп калганынын себеби ушунда болсо керек.
– Чыгармачылыкта кандай жаңылыгыңыз бар?
– Негизи чыгармачылыктан алыстап, ырчылыкты таштайынчы, унутулуп эле калайынчы деген элем. Бир жерде ачылып, каткырып кенен отура албайсың, кайсы бурчта жүрбө таанып калышат. Болбой эле ырчылыкты таштай албай койдум. Тузу оор экен, өзүнө тарта берет тура. Азыр казактардын бир ырына жаңы версияда дуэт жаздырып жатабыз. Буюрса, жакында жарыкка чыгат.
– Сизге карата “ачык кийинесиң” деген сын көп айтыларын байкасак болот. Хейтерлердин пикирин эске алган учуруңуз болобу?
– Алардын пикири мен үчүн маанилүү болсо, ошолор айткандай кийинип жүрмөкмүн да (күлүп). Жакшынакай келбетиме жарашып турса, эмнеге кийбешим керек? “Ой, жарашпайт экен, буга көңүл буруу жетпейт, жигиттерди караткысы келет” деп жазышат. Жарашпаса койсун, мага жакты, кием, бүттү. Элдин көңүлүн буруу үчүн эмес, өзүмө жагат, ошол үчүн кием.
– Турмушка чыккандан кийинчи, стилиңиз өзгөрөбү?
– Эми турмушка чыгамбы, чыкпаймынбы, белгисиз да. 2-3 жыл калды окшойт токтолорума, ошого чейин чыдап койгула, хейтерлерим.
– Чыгармачылыктан сырткары кирешеңиз барбы, сизди ким каржылайт?
– Көбүнө жыргап жашагандай көрүнсөм керек. Бул жашоодо адам биринчи өзүн сүйүшү керек да. Канча акчам болбосун өзүмдөн, жакындарымдан аябайм. “Мынча эле акчам калды, запаста туруп турсун, эртең акчасы жок калам” дебейм. Бүгүнкү күн менен жашап таштайм го. Айрымдар мени “байлар менен жүрөт, ошолор каржылайт” дешет. Чынында, андай эмес, Тиктокто бир жылдай түз эфирде отуруп “миллионерша” болуп кеттим. Эки автоунаа алдым, үйүмө эмеректерди сатып алып, короомо дарбаза койдурдум, алтын буюмдарды алдым. Бирок жакында Тикток мени блоктоп салды, эреже бузганым үчүн. Баракчам да иштебей калды. Жаңы аккаунт ачып койгом, буюрса, сентябрдан баштап иштеп баштайм. Ага чейин интернет дүкөн иштетчүмүн. Блогерликтен, жарнамадан да акча табам.
– Сизди айрымдар Ким Кардашьянга окшоштурушат экен?
– Меникиндей “эффектная фигура” Кардашьянда эле бар да (каткырып). Мага жакты бул салыштыруу, интернеттен ал тууралуу окуп көрсөм, окшош жагыбыз көп экен. Анын да бою кичинекей, меники дагы. Өтө сулуу айым. Мени кыргыздын Ким Кардашьяны дешсе, аны сонун комплимент катары кабыл алдым, мага аябай жакты.
– Абьюзер эркек менен мамиле куруп көргөнсүзбү?
– Ооба, ал учурда келин болчумун. Чектөөлөр, тыюулар көп эле. Кайнежемди, кайненемди көрсөм тура калып шашып жоолук издечүмүн. Башымда жоолугум жок болсо, баары жаман көрүшчү. Жашоо адамды ачуу, таттуу күндөрү менен чыйралтат экен да. Ал күндөрдү эстегенде азыркы жашоомо Кудай шүгүр дейм.
– Ажырашкандан кийин эркектер бат эле үйлөнүп алышып, ал эми аялдар турмушка чыкпай көпкө жүрө беришет экен. Эмнеге деп ойлойсуз?
– Башка айымдар үчүн жооп бере албайм, ал эми өзүмдүн мисалымда айтсам, турмушка чыгып кетпегенимдин себеби – ажырашуудан оор психологиялык сокку алгам. Күйөөгө тийсем эле мурунку жашоомо кайра барып калчудай сезим боло берчү. Кээде мурдагы жашоом түшүмө кирсе, чочуп ойгонуп кетем, өз үйүмдө, өз төшөгүмдө жатканымды көрүп “өх” деп жеңилдей түшөм. Менде эски жараат дагы деле бар деп ойлойм, аны жакшы психолог менен иштешип айыктырыш керек. Балким, ошондон кийин үй-бүлө курууга, жигиттерге олуттуу карап турмушка чыгып кетермин. Мен мурун такыр башкача Салтанат элем, ажырашканыма 12 жыл болсо да менде ошол коркуу сезимдери дагы деле бардай. Көбү “буга азыркы жашоосу жагып жатат, ошол үчүн күйөөгө тийбей жүрөт да” дешет. Сенин өтмүшүңдү, басып өткөн кыйынчылыктарыңды эч ким билбейт да. Кудайга шүгүр, ата-энемдин колдоосу менен 2 балам мээримге тоюп чоңоюшту. Ата-энеме чексиз ыраазымын.
– Жашоодогу девизиңиз кандай?
– Өзүңө жаккан нерсени жаса! Себеби жашоомо кийлигишкен адамдар көп болгон, “мындай кийин, тигиндей ырда, минтип жүр” деп. Адам өзүнө жаккандай жашашы керек.
– Сулуу болуунун ырахаты көппү же азабыбы?
– Сулуу болуу кыйын эле кээде. Кирене кирет, көз тиет, сууңду көтөрүп алып молдолорго чуркайсың андай убактарда, киренелеп бериңиз деп. Биз эле жыргап жатыптырбызбы (күлүп)?
– Убактылуу мамиле курууну сунуштаган мырзалар болгонбу?
– Ооба, болгон. Бирок мен мырзалардын менден эмнени каалап жатканын дароо сезем, туям, билем. Көбүн дароо эле жолуна салам. Кээде жалкоолонуп, жолугушууга баргым келбей жатып перспективдүү “ухажёрлорду” деле жоготуп алам.
– Кандай мырзалар жакпайт?
– Өтө эле жалдырап, көзүңдү карап мактай бергендер жүдөтүп жиберишет. Эркек деген табышкер, жоопкерчиликтүү, камкор болсо... Көйгөйүңдү айтсаң, заматта чечип берген мырзалар жагат.
– Ар бир сүйлөгөн сөзүңүз “хайп” болуп кетет, андай сөздөрдү каяктан издеп табасыз?
– Мен издебейм, менин турган турушум эле хайп да.
– Келечегиңизди кандай элестетесиз?
– Соода-сатык тармагында бизнес баштайм же чет өлкөгө жашаганы кетем. Алдыга койгон пландарым ушундай азырынча.
Лунара Бекиева