29-июль күнү Ысык-Көл облусунда Каракол шаарынын 25 жаштагы тургуну белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, зордукталган жана кордолгон. Бул фактыны укук коргоо органдары аныктады. Биздин редакцияга жабырлануучунун апасы Кыял Темирбекова кайрылды. “Майып кызымды уурдап кетишип, тоого алып барып арам иштерин жасашкан. Сарайда мал бактырып, үй оокатын кылдырып, анысы аз келгенсип уруп-сабап бутун сындырышыптыр” дейт ал. Окуянын чоо-жайын төмөндө кененирээк айтып берели.
«Кызым 25 жашта, бирок акыл-эси 16 жаштагыдай»
– Мен 45 жаштамын, көп жылдан бери Каракол шаарында жашайм, бирок түбүбүз Түп районунан болот. 25 жаштагы майып кызым бар, угуусу начар, жакшы сүйлөй албайт, өнүгүүсү артта калып, акыл-эси 15-16 жаштагы кыздардыкындай. Майып болсо да кызымды үлпүлдөтүп көлөкөдө баккам, буту-колу ичке, абдан назик жан. Кызымды эс алып келсин деп 25-июль күнү Бостериге таенесиникине жөнөткөн элем. Бирок барганда ооруп калып, 2-3 күндөн кийин эле “үйгө кетем” дептир. Апам аны Каракол-Ананьево багытындагы маршруттук таксиге салып, сиңдиме “тосуп алгыла, Кыялдын кызын автобустан салып жибердим” деп чалыптыр. Мен жумуштарым менен Ак-Сууга кеткен элем, телефонум өчүк болчу. Кызым ал күнү Түптөгү таенесинин башка үйүнө барат, ал жакта да инилерим жашашат. Аларга жолуккан соң Караколго кетем деп жолдо такси күтүп турса, ошол жакта жашаган Нурсултан деген таанышы жолугуп калат. Ал “сени Караколго жеткирип коём” деп, экөө такси менен кетишиптир. Ал бала менен кызымды апамдын бир кошунасы тааныштырып, телефон номерин да берип койгон экен. Ошентип экөө Каракол базарына келгенде кызым “апам Ак-Сууда, мен эжемдикине барам” дейт да. Ошондо Нурсултан күчкө салып унаага отургузуп “мен сени жеткирип коём дедимби, демек, жеткирип коём да” деп унаасын тоо тарапка айдап жөнөптүр. Кызым каршылык көрсөткөн эмес, жеткирип коёт да деп унчукпай кете берген.
«Эки шектүү кезектешип зордукташкан»
– Тоого жеткенде Нурсултан менен кызымды Майрамбек деген бала тосуп алып, чогуу Ак-Суу курорту жакка барышыптыр. Жолдон суу жээкке токтошуп, экөө арак ичкен, Майрамбек дегени кызымдын колундагы телефонун тартып алып сууга ырытып жибериптир. Анан кызуу болуп калган немелер кызымды кезектешип зордукташкан. “Башым тегеренип, буттарым, белим ооруду, апа” деп айтып берсе көзүмдөн жаш токтобой ыйладым. Зордуктоодон кийин кызым шалдырап баса албай калса, тигилер “тур, бас” деп ой-боюна койбой сүйрөшкөн дагы. Ошондо буту ташка катуу тийип, томугу шишип кетиптир. Бирок кызым нес абалында ооруганын деле билбей жүрө берген. Кызымды Токтоян айылындагы кашарга алып барып да зордукташкан. “Мал, эшек, тамак жаса” деп тамак кылдырып, үй иштерин жасатып, жайлоодо мал каратышкан. Ошол кашар жанагы Майрамбек деген баланыкы экен.
«Милиция эрте издесе кызым 4 күн кордолмок эмес»
– Караколдун жана Түптүн милициясына абдан нааразымын. Биз, туугандар кызымды 30-июлдан тарта эле издеп баштаганбыз, ыкчам иштеп, ыкчам кыймылдап, бат эле таап алганга милициянын мүмкүнчүлүгү бар болчу. Түрткүлөп, артынан чуркап, ызы-чуу салып жатып араң иштеттик. Караколдун көчөлөрүнө кызымдын сүрөттөрүн илип, вотсапп тайпалардан жарыя берип издөө салдык. Базарда бозо саткан бир аял “кызыңыздын Майрамбек деген баланын кашарында мал кайтарып жүргөнүн көргөнбүз” деп айтты. Биз дароо Караколдун милициясына кабар бердик. Бир маалда Майрамбек деген бала өзү байланышка чыгып, “силердин кызыңарды уурдаган бала менин малчым, силер чочутпай тургула, өзүм барып кармап берем” деди. Биз анда негизги шектүү Майрамбек өзү экенин билген эмеспиз, жардам берет экен деп ойлодук да. Аны күттүк, бирок ал ар кайсы шылтоону айтып келбей жатты. Ошондо шекшип, кайра Караколдун милициясына чалсак, “Майрамбекти кармадык, кашарын көрсөтүп берет, бизди күтүп тургула” дешти. Айтор, аны-муну айтып жатышып 2 күн убактыбыз кетти. Токтояндагы Майрамбектин кашарын таптык, барсак, кызым бизди көрүп эле чуркап чыкты. Кийиминин баары малдын кыгы, буту шишиген. Мен эмнеге күйүп жатам? Милиция кызматкерлери эрте кыймылдашса кызым 4 күн бою мыкаачыларга кор болмок эмес, зордуктоодон да аман калмак (ыйлап).
«Кызым дагы деле ооруканада жатат»
– Караколго келип эле кызымды медициналык экспертизадан өткөрдүм, врачтар мыкаачылык менен зордукталган дешти. Жыныс органдары жаракат алыптыр. Буту сыныптыр, манжалары көгөргөн, бели ооруп жатат. Азыркы күнгө чейин ооруканадан чыга элек. Милиция Нурсултан деген баланы кармады, бирок Майрамбек эркиндикте жүрөт. Кызым окуяны баштан-аяк айтып бергенде ошол Майрамбек негизги шектүү экенин билип жатпаймынбы. Ызы-чуу салып, “сен да медициналык экспертизадан өтөсүң” десем, тоготпогонсуп врачтарга карап “канды ушул аялдын көзүнчө алып койгулачы ызылдатпай” деп жатпайбы. Ызаланып “түбүңөргө жетем, каматам” десем, “билгениңди кылып ал, мен президенттин иниси болом” дегенин ошол жерде тургандардын баары укту. Ал суракта “кызга тийген эмесмин, Нурсултан деген малчым аялым деп алып келген, экөөнү кашарга алып барып таштап койгом” дептир. Милиция кызматкерлери да аны камаганга негиз жок деп жатышат. Бирок кызым көрсөтмөсүндө Майрамбек зордуктаганын, сабаганын айтып жатпайбы. Ушул жагдайга көңүл бурулбай жатат. Ал президент агасына таянса, мен кыргыз элиме таянам.
Түп – менин ата-бабам жердеген жер, бизде тарыхта мындай болгон эмес. Майып аялды эч ким минтип кордоп, тепселеген эмес. Түптү түрө кыдырып айыл аксакалдарын чогултам. Ушундай намыссыз эркектер бүтүндөй кыргыз мырзаларынын бетине көө жабууда. Азыр мени топтой тээп эки жакка чуркатып жатышат, баягы эле бюрократия. Эч кимге ишенбей калдым. Алсыз, майып кызды кордогондор эркиндикте жүрүшсө, аларга мыйзам иштебесе, анда элге салып беришсин. Эл өзү жазалап алат. Мыйзам аркылуу акыйкаттыкка жетүүгө жардам бергиле.
Ысык-Көл ОИИБи: «Зордуктоо беренеси менен кылмыш иш козголгон»
– Аталган факт Түп РИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Экинчи шектүү да аныкталып, ал Түп районунун Токтоян айылынын 1988-жылы туулган тургуну болуп чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Акыйкатчы институту: «Кыздын жакындары экинчи шектүүнүн эркиндикте жүргөнүнө нааразы»
– Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар ансыз да мамлекеттик деңгээлде өзгөчө корголууга муктаж. Укук коргоо органдары андай жарандарга кордук көрсөткөндөргө катаал чараларды көрүшү керек. Акыйкатчы институтунун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери зордукталган кыздын апасына жолугушкан. Ага укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүштү. Акысыз жактоочу алууга көмөк көрсөтүлүп, кызга тажрыйбалуу психологдун жардамы дайындалды. Атайын өкүлүбүз Ысык-Көл облусунун жаңы дайындалган прокуроруна жолугуп, бул ишти жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү. Жабырлануучу тарап кылмышка шектүүлөрдүн биринин кармалбай эркиндикте жүргөнүнө нааразы болууда. Биз зордукталган кызга мамлекеттик жана укук коргоо органдарын кечиктирилгис жардамдарды көрсөтүүгө чакырабыз.
Окуя боюнча экинчи тараптын пикирин чагылдырууга да даярбыз.
Лунара Бекиева