Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Султан дагы деле көргөн көзүнө ишенбей турду. Жаркын да андан көзүн албайт,  аялдын нуру өчкөн көздөрүндө эмне турганын аңдап билүү мүмкүн эмес эле. Ушул адам деп өмүрү өттү. Күйөөсү Жусуп менен аны салыштырып, тагдырына баш ийбей жашап жүрүп өмүрдүн кантип өткөнүн да билбей калды.  Кол жеткис бакыт катары туюлчу бул адам. Азыр маңдайында турат. Бир өмүр көрүшпөйм деген адам маңдайында азыр. Эмне кыларын, эмне деп сүйлөөрүн билбей турат. Жаркын ушул учурда гана бир акыйкатты сезди. Анын өмүрү болбогон бир элестерди кубалап жатып өткөн тура. Эч кимге бакыт тартуулабаган аял жана эне болгонун так сезди. Жүрөктө миң бир түрдүү сезимдер ойноп жатты.

– Жаркын?!- деди Султан анын телмирген көз карашына чыдай албай.

– Ии?

– Эмне болду?

Жаркын жаштуу көздөрүн өйдө көтөрдү. Чын эле эмне болду? Эмнеге келди? Эскирип, карттанган жараны кайра чукуш үчүн келдиби? Султан деп жүрүп өмүрү өтүп кеткенин дагы бир жолу түшүнүү үчүн келдиби же? Жардам сурап келдиби?

– Мен...

– Кел, отурчу мындай.

Экөө маңдай-тескей отурушту. Жылдар өтүп, жүздөрүн бырыш баскан, чачтарын ак аралаган аял менен эркек. Жаркын акырын жөтөлүп алды.

– Сага келгенимдин себеби... Бир кыз үчүн келдим.

– Ким?

– Жакында сен операция жасай турган кыз.

– Шоолабы? Ал сенин кызыңбы?

– Келиним. Уулум Жанаттын колуктусу.

Султан таң кала тиктеп калды.

– Демек, Канат менен Жанат сенин уулдарыңбы?

– Ооба, уулдарым!

Жаркын Султандын көздөрүнө тике карады. Канат тууралуу сырды ачканы келгени чын, бирок аны айтышка ооз барбады. Өзү сезеби, билеби деп ойлоду. Султан ал тууралуу ойлонгон жок. Анын оюнун баары алдыда боло турган операцияда эле.

– Колумдан келгенин кылам. Сен эч кабатыр болбо. Бирок өтө оор операция. Мен Кудай эмесмин, бирок сенин үй-бүлөң үчүн колумдан келгенин кылам. Сенин үй-бүлөңдө болбосо деле бул кыз үчүн бардык аракетимди көрөт элем, анткени бул менин кесибим.

Султан ушул сыяктуу бир нерселерди айткандай болду. Жаркын дагы деле анын акылына бир нерсе чүргөлөбү деп тиктеп турду. Жок, Султан аялдын көкүрөгүндө эмне бороон-чапкын жүрүп жатканын байкаган жок. Аял чыдабай кетти. Ордунан турду.

– Мен кетейин.

– Кетесиңби?

– Ооба, жакшы кал.

Аял тез-тез кадам таштап кабинеттен чыгып кетти. Султан болуп өткөн окуяга түшүнүп-түшүнбөй кала берди.

ххх

Жанат кайрадан психологдун кабинетинде отурду. Маңдайында отурган адамга ишеним артып, ага бардык сырын эркин айтып калган.

– Сизди мынчалык эмне тынчсыздандырып жатат?- деди психолог анын көз карашын баамдап.

– Коркуу бар. Эртең операция, Шоола үчүн оор күн. Эгерде ага бир нерсе болсо мен өзүмдү кечирбейм.

– Эмнеге? Сиздин эмне күнөөңүз бар? Менимче, сиз колуңуздан келген иштин баарын жасадыңыз.

– Билбейм, өзүмдү дайым күнөөлүү сезүү мени төрөлгөндөн бери коштоп жүргөн сезим. Дүйнөгө көзүмдү ачкандан тартып менде өзүмдү күнөөлөгөн сезим жашайт. Эч кутула албай койдум.

– Бул генетикалык жактан ата-энеңизден өтүшү мүмкүн сизге. Жөндөн-жөн эле бала өзүн күнөөлүү сезе бербейт. Баса, бул жолу сиз ата-энеңиз тууралуу айтып берем деген элеңиз. Даярсызбы?

Жанат көзүн жумду. Апасынын эмоциясы, бардык нерсени ичине каткан мүнөзү көз алдына тартылды. Атасынын тик карабай, көздөрүн качыра берген адатын, аялынын алдында өзүн ыңгайсыз сезген абалын эстеди. Экөө тең бир сырды жашырагандай, бири-биринин көздөрүнө тике карабай сүйлөшкөн сөздөрүн эстеди.

– Атамда бир агрессия бар эле. Кимдир бирөөдөн өч алгысы келгендей, бирок ал ким экенин билбей кыйналып жаткандай сезиле берчү. Апамды көп сабады. Себеби...

Жанат токтоп калды. Кээ бир учурда өзүнүн моюнуна алгысы келбеген чындыкты азыр айтканы турат. Тамагын кырынып алды.

– Себеби эмне эле?

– Апам башка бир адамдан кош бойлуу болгон окшойт... Атам ошого көз жумуп апамды алып алган болушу мүмкүн. Анткени атам апамды катуу сүйдү. 

– Демек, Канат?

– Ооба, агам Канаттын атасы башка. Муну мен өспүрүм курагымда апам менен таежемдин сүйлөшүп жатканын угуп калганымда билгем. “Апам эмнеге мага караганда Канатты жакшы көрөт?” деген ой мени эзип баштаганда ушул аргумент эле оюма келе берчү. Кийин Канат менен атамдын ДНКсын жашыруун текшерттим. Менин божомолум туура чыкты, Канат менин атамдын баласы эмес экен. Чынында, ал менин атамдын баласы болушу мүмкүн эмес эле. Анын акылы, сабыры, адамгерчилиги, жашоо образы биздикине эч окшошпойт. Ал Кудайдын жерге жиберип койгон бир периштеси. Образдуу айтканда ушундай. А биз атам экөөбүз анын карама-каршысыбыз.

Бул сырды көтөрүп жүрүш мага кыйын эле. Бир жолу оозумдан чыгып кетип, апама айтып алгам. Бирок ал дагы мен кайсы сырды билеримди так билген жок. Божомол кылып жатат деп ойлоду, балким. А мен чынында Канаттын башка адамдын баласы экенин билем. Менимче, атамдын апамдын алдындагы күнөөсү ошол болуш керек.

– Канат билеби?

– Жок, мурун ага жиним келгенде көп жолу айтып жибере жаздап, токтоп калчумун. Азыр анын чындыкты билишинен абдан корком. Каалабайм дагы. Ага канчалык оор боло турганын билем. Анткени ал мага караганда атага күйүмдүү уул болду. Ал атамды кандай болсо ошондой абалында кабыл алды. Атам да анын мээримине ийилди, азыр экөө чыныгы ата-бала. Ошол нерсе бузулбасын. Мен Канатты эми гана баалай баштадым. Мурун аны айыгышкыс атаандашым катары көрчүмүн. Бирок андай эмес экен. Бул жашоодо эң жакын адамым, кандай күн башыма келбесин чуркап келе турган жападан жалгыз адамым экенин билдим. Кызганыч жоголду, атаандаштык кетти. 

– Чындап эле кызганыч да жоголду деңиз.

– Шоола ооруп калды. Мен ошондо аны өлүмгө тарттырып жиберүү канчалык оор болорун түшүндүм. Канат жардамга келди, оюнда эч бир жамандык жок эле. Тикесинен-тик турду. Азыр да ошондой. Мурун алардын сүйүшкөнү кыжырымды келтирчү. Азыр аларга карап туруп чыныгы сүйүү эмне экенин билдим. Бирөөнү шартсыз, эч нерсе сурабай сүйүү эмне экенин көрдүм. Кызгана турган эч нерсе калбады. Экөөсүн тең бааладым. Бул абалдан чыгып кетүү экөөнө тең оор болчу, бирок абийир менен чыгып кетишти. Эгерде алар мындан ары чогуу болобуз деген чечимге келишсе, анда мен ойлонбой ортолорунан чыгып кеткенге даярмын. Болгону Шоола жашасын! Менин каалоом ушул. Канат бактылуу болсун, жүрөгү оорубасын. Тилегеним ушул. Анткени менин агамдай адамдар бар үчүн жашоо көрктүү.

– Сиз үчүн кубанычтамын!

– Мен айыга баштадым. Жашоодон жакшы нерселерди көрө баштаган учурум. Ойлорум тазаланууда. Мурун бирөөгө бир нерсе далилдөө менен убара элем, азыр жөн гана жашоонун ырахатын сезип жашагым келет. Жашоомдо так ушул эки адам болбогондо мен азыркыдай Жанат Жусупович боло албайт элем.  Мындан аркы жашоомдо да ушул эки адамдын болушун каалайм. 

– Сиз мага биринчи жолу келгениңизди эстесеңиз...

– Жашоомдогу эң оор учурда сизге келгем.

– Сиз агрессивдүү, жаралуу, башкаларды да жаралагыңыз келген адам болчусуз. Кыска убакта өзгөрө алдыңыз. Өзүңүз менен сыймыктансаңыз болот. Мындан ары сеанска келбей эле коюңуз...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан