(Башталышы өткөн сандарда)
Индус да биринчи жолу көрүшү эле бул адамды. Сыртынан жоош көрүнгөнүнө алданган жок, сүйлөй баштаганда көздөрү жыландыкындай муздак болуп кетти эле, бул адам жеткен мыкаачы, аёо дегенди билбеген, акча үчүн баарына барган адам экенин Индус түшүндү. Мындай адамдарды далай эле жолуктурган.
– Эмне дейсиң, жолу барбы? Сөздү Индус баштады.
– Бар, көрүп келдим, эмне баштаганы жатканыңарды түшүндүм, аткарса болот. Объектинин эки ай ичинде каяктарга бара турганын билип, ошол жактарды барып көрүп келдим. Объектини Бишкекте силер каалагандай кокустук, кырсык деп жок кылуу кыйыныраак болот. Эки жерди көрүп келдим, ошол жерлер боюнча мага Либер бүгүн кечке чейин маалымат жөнөтүшү керек, күтүп жатам. Эгер бүгүн мага маалымат келсе, эртең кечинде мен айткан эки райондо тапшырманы кандай кылып аткарса болот, ийне-жибине чейин жазып жөнөтөм. Калганын, кайсы жерде кандай миссия аткарышты өзүңөр чечесиңер. Ошону менен менин ишим бүтөт.
– Макул, анда эртең кечке жолугабыз.
– Жок, эртең жолукпайбыз, мен планды флешкага сактап ишеничтүү курьер аркылуу жөнөтөм, алып барып берет. Менин силерден башка да ишим көп, эртең түндө учуп кетем. Либерди алмаштыргыла, андай ишке жарабайт. Макул, мен кеттим, бул жерден он мүнөттөн кийин чыга берсең болот, – деп коюп жөнөп кетти.
Эртеси кечинде Гомерден Индуска флешка келди. Индус планды эки сааттай окуп, изилдеп отурду да, “бекеринен сага көп акча төлөнбөйт экен да” деп өзүнчө сүйлөнүп койду.
Либерди кантип алмаштырат эми. Индус Либердин атасы менен жаш кезинде полицияда бирге иштешкен эле. Экөө ар дайым бирге жүрчү. Бир күнү түндө полицияга “студенттер тополоң кылып жатышат” деген кабар түшүп, барышса, эки студент баңгизат чегип алып бир кафеде мушташ чыгарып жаткан экен. Кармап, колдоруна кишен салып жатканда дагы бири Индустун артынан келип бычак саймакчы болгон. Ошондо ушул Либердин атасы байкап калып, ага каршылык кылам деп жүрөгүнө бычак сайылып ошол жерде жан берген. Өлөрүндө “үй-бүлөмө көз сала жүр” деп суранып, Индус макул деп сөз берген эле. Либердин жумушка киришине да Индус жардам кылган. Досунун урматы үчүн деп Либерди аябай колдочу, “фирмага” Либер аткарды кылып көп жашыруун иштерди Индус өз адамдарын жөнөтүп аткартчу.
Кыргызстан жөнүндө сөз чыкканда эле шефи Индусту чакырткан. Себеби Индус Орто Азия, Кавказ боюнча бөлүмдүн башчысынын орун басары эле.
Индус ишти түшүнгөндө дароо эле Либерди эстеди. Бир жагынан шефи “Кыргызстанга кимди жөнөтөбүз, бизге эч бир мамлекеттин атайын кызматы тааныбаган адам керек” дегенде, Индус “элеттен чакыралы, жакшы балдар бар” деп Либерди сунуштап, айтор, Либер мындай жоопкерчиликтүү операцияга кокусунан эле илинип калган.
Либерди кантип алмаштырмак эле, Либерге экинчи мүмкүнчүлүктү эч ким бермек эмес. Эгер Либер бул ишти ийгиликтүү бүтүрсө, бир туруктуу, достук мамиледеги мамлекеттердин бириндеги филиалга которуп жиберип көңүлү тынчымак. Эптеп бул ишти Либер аткарды кылып көрсөтүш керек эле “фирмага”.
Индус ошол эле күнү ар кандай шылтоолор менен Кыргызстанда жүргөн “фирманын” адамдарынын досьесин окуп чыгып, бешөөсүн тандады да, ар бирине өзү көз көрүнөө эле барып, тапшырмаларды берип келди. Алардын ар кими ар шаарга, Кантка, Токмокко, Таласка, Ош, Ала-Букага барып маалымат жөнөткөн түр көрсөтүп турушат. Индустун максаты – Кыргызстандын атайын кызматынын адамдарын адаштыруу, ишти аткаруучу негизги адамдан көңүлдү башкага буруу эле. Либерди жакыныраак деп Алматыга чакырды да, өзү ошол күнү Алматыга учуп кетти.
Эртеси “HYATT REGENCY ALMATY” мейманканасында Индус Либерге бир саат бою аткарар ишин түшүндүрдү.
– Либер, сенин ишиң жеңилдейт, ишти башка адам аткарат. Сенин милдетиң – сага бөлүнгөн адамдардан келген маалыматтарды мага тез-тез жөнөтүп туруу. Эгер ушул ишти ийгиликтүү аткарсаң Португалиядагы филиалыбызга башчы болосуң, ал жерде эч кыйынчылык жок, бейкапар жашай бересиң.
– Көйгөй болбойт, кам санабаңыз, баары жакшы болот.
– Жакшы болот деп үмүттөнөм, сен жөнүндө эч ким билбейт, ошого кенен жүрө бересиң Кыргызстанда. Макул, мен кеттим, ийгилик ишиңе! – деп коштошту.
Индус мейманканадан түз эле аэропортко барып, Франкфурт-на-Майнеге билет алды да учуп кетти. Учакка отурганда бирөөгө чалып:
– Тиги адамыңды Берлинге жөнөт, зарыл сөз бар, – деди кыска гана.
Либердин кол жеткис тилеги эле бир өнүккөн мамлекеттеги бөлүмдө башчы болуп иштөө. Көп адамдарды билет, филиал жетекчиси болуп өмүр бою жыргап жашап жүргөн, аларга суктанчу. Алардын иши – кол алдындагы кызматкерлер ар кандай маалыматтарды жыйнап келишет, ошолорду гана изилдеп көрөт да, керектүүсүн “фирмага” жөнөтүп коёт, болду. Калган убакта бош, каалаганын кылып жүрө беришет.
Индустун көңүлү тынчый түштү. Либерге жардам берчү ар бир агентке кылар ишин түшүндүрүп кат жөнөткөн, ал адамдар өз ишин жакшы билишчү, ал жагынан кам санабаса да болот. Либер ошолордун гана иштерин көзөмөлдөп, эмне керек болсо таап берип турушу керек эле. Кыргызстандын атайын кызматы Либерди акмалайт, ошонун артынан түшүшөт.
Либер Ысык-Көлдө жатып алып Канттагы, Токмоктогу, Таластагы, Ош, Ала-Букадагы кызматкерлер менен байланышып турду. Алардын “жеттик”, “жайгаштык”, “баары жакшы” сыяктуу маалыматтарын Индуска жөнөтүп коюп эле жата берүү экен жумушу, жакты баары. Башында "кантип эле ушундай болсун?" деп таң калды. Кайра ойлонуп, "мага эмне, айткандарын так аткарсам болду да, бул иштин эмне кыйынчылыгы бар эле?" деп, көңүлү жайланып калды. Өзүнө бөлүнгөн балдар барган жеринде эмне иш кылып жатышат, кантип кол салуу болот, кызыккан да жок. Сураганда деле кимиси айтмак эле? Көл жээктен бир англисче жакшы билген кыз менен таанышып калган. Жумуштан телефон чалуу болсо жооп берип коёт да, калган убакта ошол кыз менен эс алып жүрө берди.
Индус Франкфурт-на-Майненин аэропортунан чыгып жатканда ФСБнын адамы кокусунан алдынан чыгып таанып калды да, дароо каяктан, саат канчада учуп келгенин толук билип, Москвага кабар жөнөттү. Мындай кабарлар дароо “К” бөлүмүнө түшчү, Орто Азия, Казакстан боюнча куратор болуп иштеген адам “шефке” киргизди. “Шеф” бул иштин чоо-чайын билүүнү Илхомго тапшырды, Илхом Алматыдагы бөлүм менен байланышып, Индустун каякка кеткенин билүүнү буюрду. Аэропорттун видеокамераларынан кайсы таксиге отурганын көрүшүп, анын каякка барганы дароо эле билинди.
Ал эми Либердин изи аркылуу Ысык-Көлдөгү мейманкананын видеокамераларын текшерип Либердин сүрөтүн оңой эле таап, Москвага жөнөтүштү. Москвадан Либердин сүрөтү Эсенге келди. Ошентип Либердин артынан Олег түштү.
Индустун кайсы жактарга барганын изилдеп көрүшүп, тез эле Канттагы, Токмоктогу, Таластагы, Ала-Букадагы, Оштогу агенттердин баарынын дарегин билишти. Бирөөсү ыктыярчы, экинчиси соода фирмасынын өкүлү, дагы бири кен казган компаниянын өкүлү, айтор, ар кими ар кайсы тармакка ишке орношуп алышыптыр.
Эсен балдарынын ар бирине тапшырма берип, ар бир агенттин артына бирден адам койду.
Президент адегенде Таласка бармак, Таластагы агент эч кандай аракет кылган жок, президент барганда ал аңчылыкка тоого чыгып кетти.
Президент он күндөн кийин Кантка барды, анда деле агент эч кандай аракет кылган жок, бир соода-сатык менен алектенген болгариялык фирмада иштеп жаткан, ал күнү кеңсесинен сыртка чыккан жок...
(Уландысы кийинки санда)