Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «Армансыз адам болбойт дешет, менде арман жок»

Кыргыз, комуз жана Самара Токтакунова... Бул үчөөсүн бири-бирисиз элестетүү кыйындай сезилет. Атактуу комузчу, элибиздин сыймыктуу инсаны Самара Токтакунова быйыл 80 жашка чыгып отурат. Бул саамалыктын урматына комузчулар арасында “Кылымдар үнү” аттуу сынак уюштурулууда. Ушул сынак, 80 жылдык өмүр, тагдыр, өнөр, энелик бакыт тууралуу каарманыбыз ары кызыктуу, ары маанилүү маек куруп берди. 

– Саламатсызбы, Самара апа? Эң оболу ден соолук сурашалы, баары жакшыбы?

– Саламатчылык, кызым, 80ге утурлап баратсам да чуркап жүрөм, өзүң көргөндөй. Азыр деле шакирттериме сабак берем. Комузга кызыккан балдар абдан көп. “Комузду сиздей чертсек”, “сизден билим алып калсак” дегендер арбын. Мурункудай көп адамга үйрөтүүгө алым жок, бирин-экин үйрөтүп жүрөм. 50 жылдай Улуттук консерваторияда сабак берип, былтыр токтоттум. “Болду айланайын, чарчадым, эми жаштар иштесин” десем көнүшпөйт. Болбой эле чыгып кеттим. Мамлекеттик иш-чараларга азыр деле чакырып турушат. Сизсиз болбойт, эл сагынып калды дешет, анысына да рахмат.

– Комузга кызыккандар көп дедиңиз, бирок баарынан эле комузчу чыга бербесе керек...

– Комузчу болгум келет дегендер эле комузчу болуп кетпейт. Бул – Кудайдан берилген бир чоң белек. Комузду окуп үйрөнгөндөр деле болот, бирок Кудайдан берилген талантка эч нерсе жетпейт. Мага да бул өнөр Кудайдан берилген.

– Сиздин устатыңыз ким? Биринчи жолу комузду качан колго алганыңыз эсиңиздеби?

– Комузду биринчи жолу 15 жашымда колума алдым, устатым Асанбек Асакеев деген киши эле. Үкүбаев деген да мугалимим бар эле, мага төрт жыл ичинде төрт эле күү үйрөттү. Негизи төрт жылда 50 күү үйрөнсө болот да. Агайдын билгени төрт күү болгонбу, айтор, аябай ичим тызылдаганы эсимде. Ушул төрт эле күү менен чектелип каламбы деп коркуп кеткем да. Анда эмне, жаш кызмын. Эң негизги устатым – өзүмдүн жолдошум болду. Ошол мыкты жигитке турмушка чыгып, азыркы Самара Токтакунова болгом.

– Жолдошуңуз Чалагыз Исабаев тарыхта калган инсан, азыркы тил менен айтканда, сиздин продюсериңиз болгон экен да...

– Ал “сенден комузчу эле көрүп турам, сени мен тапташым керек” дечү. Чалагыз өмүрүмдө мага эки чака суу көтөрткөн жок. "Колдоруң ийилип калат" деп аяп турчу. Мени чоң комузчу кылам дечү, максатына жетти. Комуз менен дүйнөнү кыдырдык, 54 мамлекетке бардым. Болгон сыйлыктын баарын алдым, Кудайга шүгүр.

– “Камбаркан” фольклордук тобун да Чалагыз Исабаев негиздеген экен...

– Ооба, анын чоң максаттарынын бири ушул топту ачуу болчу. Маданият дегенде ичкен ашын жерге койгон адам эле да. Бизде жок аспаптарды чет өлкөлөрдөн өзүнүн айлыгына сатып келчү. Ошентип жүрүп курады топту. “Күүнүн башы Камбаркан” дейт го кыргыз элинде, топту “Камбаркан” атаганы да ошол себептен.

– Күү жараткансызбы?

– Жок, мен аткаруучумун. Бирок билесиңби, кызым, күү чыгарган адамдардын так өзүндөй кылып же алардан ашыра чертүү – күү чыгарган менен барабар. Жолдошум бардык күүлөрдү радиодон магнитофонго жаздырып келип мага үйрөтчү. Жан дүйнөмө жаккан күү болсо 3 күндө дал өзүндөй кылып ойноп койчумун. Бул өтө оор нерсе да. Ошентип жүрүп бардык максаттарга жеттик. Арбагы ыраазы болсун, мен абышкама абдан ыраазымын.

– Эки уулуңуз Арслан жана Актан Исабаевдер элге таанымал музыкант болушту. Бул жашоонун мыйзам ченемдүүлүгүбү же сиздердин талаптын жемишиби?

– Талап койгон жокпуз, өздөрүндө талант болду. Атасы дароо эле билди, “ай, ушундан бир нерсе чыгат” деди. Улуу балам Арслан скрипканы үйрөндү, Актан пианист, анан жеке ырчы болду.

– Алардын чыгармачылыгына кандай баа бересиз?

– Мындай же тигиндей дей албайм. Экөө тең өздөрүнүн тармагы боюнча мыкты. Каалаган даражаларына экөө тең жетти.

– Сизге кимиси жакын?

– Кудайга тобо, экөө тең жакын мага (күлүп). Арслан АКШда жашаса да тез-тез кабар алып турат. Актан дайыма жанымда. Арслан Кыргызстанга келгенде тим эле жанымдан чыкпай калат, "жүрүңүз" деп каалаган жагыма алып барышат. Туугандардыкына кыдыртышат. Эки уулум тең абдан күйүмдүү болду. Бул да атасынын тарбиясынан болуш керек. Анткени жолдошум мени ушунчалык эркелетип бакты да, аны көргөн бала мындан башкача болушу мүмкүн эмес эле. Алакандарына салып эле багып жатышат. Актан дайыма жанымда да, “ашказаныңызга оор келип калбасын, ооруп калбаңыз” деп өзү тамак жасап берет, тандап жедирет. Эч кимге ишенбейт менин тамагым боюнча (күлүп).

– Бала тарбиясында эмнеге басым жасадыңыздар?

– Балдарым негизи мыкты чыгышты, балким, генденби деп калам. Атасы мыкты тарбиялады. Көзү менен эле тарбиялап койчу. Болгону “менин атымды, апаңардын атын булгабагыла” дечү. Ичип же жалжактап тиги-бу кылышкан жок. Башынан эле олуттуу жигиттер болушту, уулдарым менен сыймыктанам.

– Неберелериңиз чоңоюп калышкандыр...

– Ооба, чоңоюп калышты. Актандын кичүү кызы 3 жашта, мени менен жаны бирге. Небере көрө электе башкалар “небере таттуу болот” дешсе маани берчү эмесмин. Көрсө, балаңдан да небере таттуу болот экен да. Жанымдан артык көрөм аларды.

– 80 жылдык мааракеңизди кантип өткөрүү пландалууда?

– Бул мааракени мен эмес, мамлекет өткөрөт го деп ойлойм. Анткени 60 жыл мамлекетке кызмат кылдым. Минтип 80ге чыгып жатсам, өкмөт унчукпай коё албайт. Маданият министри баш болуп пландап жатышкан чыгар. Мен конок катары эле барам (күлүп).

– Жашоодо орундалбай калган максат, тилегиңиз болдубу?

– Жок, эмне кааласам, эмне тилесем баары орундалды. Кээде өзүм да таң калам, кызым. Мен албаган наам калган жок, чет өлкөнү армансыз кыдырдым, атак-даңктуу да болдум. Өз балдарым, шакирттерим үчүн тилеген тилектерим да орундалды. Абдан бактылуу байбиче, бактылуу чоң энемин. Мына, жыргал деген. Арманы жок адам болбойт дейт, менин арманым жок.

– Сонун! Жашоодо эң зарылы, эң маанилүүсү эмне, сиздин оюңузча?

– Мүнөз тагдырды жаратат дешет, ошол чын. Ушул жашка келип бирөөгө ич күйдүлүк кылган жан эмесмин, бут тоскон жокмун, ушак айтпадым. Оюмдагыны бетке айтып салам, ачык-айрым, жайдарымын. Ичимде кир кармаган жокмун. Абдан тамашакөй кемпирмин.

– Бирок сыртыңыздан сүрдүү көрүнөсүз. Айрыкча комуз чертип жатканда...

– Көптөр ушинтип айтышат. Анан жакындан баарлашкандан кийин “сиз башкача турбайсызбы” деп калышат. Комуз черткенде олуттуу көрүнгөнүм – күүгө берилип кирип кеткеним. Чертип эле тим болбойм, ошол күү менен жашайм. Оюмдун баары келе жаткан кайрыкта болот да. Угуп жаткан кишинин жүрөгүнө жеткидей ойношум керек.

– Бар болуңуз! Комузуңуз колдон түшпөй бактылуу өмүр сүрө бериңиз! 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан