Голливуддун саркеч актрисасы – Эмма Стоун

Эмма Стоунду учурдун мыкты, көп кырдуу таланттуу актрисаларына кошушат. Бул чындык. Голливуд жылдызы карьерасында 50дөн ашык тасмага тартылган жана азыр да актрисалыгын өркүндөтүү менен алек. “Оскардын” бир эмес, эки статуэткасынын ээси. Ар бир тасмада жаңы образда экранга чыгып, көрөрмандарды “жаңычылдык” менен сугарып келген Эмма Стоун макалабыздын башкы каарманы.

Туулган жери: АКШ, Аризона

Туулган жылы: 1988-жыл, 6-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Бою: 167 сантметр

Кесиби: актриса, продюсер

Тартылган белгилүү тасмалары: “Кедейлер-бактысыздар”, “Ла-Ла-Ленд”, “Маньяк”, “Жаңы жөргөмүш-адам” жана башкалар

Эмма тууралуу фактылар

* Жылдыз төлгөсүндө чаян, ал эми чыгыш гороскобу боюнча балык (ажыдаар) жылдызынын алдында төрөлгөн Эмма. Ата-энеси жөнөкөй адамдар, апасы үй кожойкеси, атасы курулуш компаниясын иштетет. Өзүнөн 2 жаш кичүү Спенсер аттуу иниси бар.

* Актрисанын чыныгы аты-жөнү – Эмили Жин Стоун. Бирок псевдоним алганга туура келген. Анткени АКШнын Кино гильдиясында Эмили Стоун аттуу башка актрисанын ысымы катталган эле. Окшоштук болбошу үчүн Эмма Стоун аталып калган.

* Азыркыдай идеалдуу тиштерге, “Голливуд жылмаюусуна” жетиш үчүн актриса өспүрүм кезинде 7 жыл брекет тагынган.

* Эмма аз жерден башка кесипке ооп кете жаздаган. Бир убакта журналистикага кызыгуусу артып, өспүрүм кыздарга арналган журналга пайдалуу макалаларды, кеңештерди жаза баштаган эле. Андыктан актрисалыгы болбосо, балким, андан мыкты журналист чыкмак.

* Иттердин тамагы тууралуу маалыматтарды жакшы билет. Анткени Голливуддагы карьерасы түптөлгөнгө чейин иттерге түрдүү тамактарды жасаган наабайканада иштеген.

* Үнүндө өзгөчө кырылдаган добуш бар. Бул анын кичинесинде үн түйүндөрүндө алган жаракатына байланыштуу.

*  “Forbes’тун” тизмесине “Бай актриса” катары, “Таасирдүү адам” катары да кирген. Андан сырткары популярдуу мода бренддери, журналдар Эмманы өзгөчө келбети, кийинүү стили жана башка сапаттарын эске алып, “Стиль жараткан айым”, “Сулуу актриса”, “Голливуддун эң саркеч актрисасы” сыяктуу наамдарды байма-бай берип келишет.

* Колунда куштун эки бутунун сүрөтү чагылдырылган татуировка бар. Бул анын “The Beatles” тобунун “Blackbird” (“Кара куш”) ырын жактырганына байланыштуу. Актриса ырдын автору Пол Маккартниден татуировканын эскизин чийип берүүнү суранат. Пол мырза өз кезегинде куштун буттарын тартып берген. Дал ошол сүрөт Эмманын жана ушул эле ырды сүйгөн апасынан колунан орун алган.

Дебюту суусардын ролу менен башталган

Актёрлукка болгон сүйүүсү кичинесинен эле күчтүү болчу, өзгөчө музыкалык театрга кызыгат эле. Анан вокалдан сабак ала баштаган. Азыр актрисанын ырчылык талантын кинолорго аткарган саундтректерден байкасаңыз керек. Мектептин сахнасынан түшпөгөн кыз биринчи жолу театрдын чоң сахнасына 11 жашында чыккан. “Ивадагы шамал” спектаклинде суусардын ролун аткарган. Театр менен бир нече жылдык гастролго, андан сырткары кастингдерге, тартуу иштерине аралашуусу керек эле, андыктан мектепти “үйдөн окуу” режиминде (2 жыл) окуп бүткөн. Бул жылдар аралыгында 20га жакын спектаклде роль жараткан. 15 жашында актрисалык карьерасын түптөйм деген кыз апасын ээрчитип Лос-Анжелес шаарына көчүп келген. Негизи режиссёрлор Эмманын талантына спектаклдерден эле баа беришкен болчу. Андыктан кинодон роль алуу ага кыйынчылык жараткан эмес.

2007-жылы “SuperПерцы” тасмасында дебют жасаса, 2010-жылы эле “Жеңил жүрүм-турумдагы жакшы окуган кыз” тасмасындагы ролу үчүн “Алтын глобус” премиясына татыган.

Өз ишинин устасы

Кино сынчылар, режиссёрлор Эмманы өз муунунун чыныгы таланттуу актрисасы дешет. Муну алар актрисанын көп кырдуу талантынан сырткары жумушка болгон мамилеси менен да түшүндүрүшөт. Эмма роль тандабайт, режиссёр тандабайт, гонорарын карабайт, негизгиси, ага сценарий жана көңүлүнө жаккан роль болсо болду. Анан өзүнө тиешелүү каарманды такыр башка форматта, өзгөчөлүк кошуп жаңыртып берет дешет.

Стоундун эң алгачкы “Оскары” жөнүндө сөз кылсак 2016-жылга кайтабыз. Ал жылы режиссёр Дэмиен Шазелдин “Ла-Ла-Ленд” киномюзикли экранга чыккан, эсиңиздеби? Тасма “Алтын глобус” сыйлыгында 7 номинацияга сунушталып, баарында жеңишке жетип аземдин рекордчусу аталган. Ал эми “Оскар” аземинде 14 номинацияга сунушталган, буга чейин “Бардыгы Ева жөнүндө” жана “Титаник” тасмасы гана ушунча көп номинацияда турган эле. 14түн ичинен тасмага 6 номинацияда жеңиш буюруп, анын катарында башкы ролдогу Эмма Стоун “Эң мыкты актрисанын ролу” статуэткасына ээ болгон.

2023-жылы ийгилик кайталанды. Тагыраагы, актриса 2-статуэткага ээ болду. Бул ирет режиссёр Йоргос Лантимостун илимий-фантастика жанрындагы “Кедейлер-бактысыздар” тасмасындагы ролу үчүн кайрадан “Эң мыкты актрисанын ролу” номанициясында “Оскар” алды. Тасма аталган сыйлыктын 11 номинациясында ат салышып, 4өөндө жеңишке жеткен. Бул актрисанын “Оскар” алган гана тасмалары. Башка көптөгөн сыйлыктарга татыган да эмгектери көп. 

Сүйүүсүн жумуштан тапты

Кино Эмманын балалык ыялын эле орундатпастан, дүйнөлүк атактуулук анан да сүйүү берди десек болот. “Кагаз адам” тасмасына тартылуу учурунда ал айтылуу “Үйдө жалгыз” тасмасынын жылдызы Макалей Калкиндин бир тууган Киран менен таанышып, сүйүү оту тутанган. Бирок бул мамиле көпкө узаган эмес. Андан кийинки сүйүүсү “Жаңы жөргөмүш-адам” тасмасындагы өнөктөшү Эндрю Гарфилд болду. Бир нече жыл Голливуддун таттуу түгөйлөрү аталып жүрүп, 2015-жылы эки ажырым жолго кетишкен. Көп убакыт бою Эмманы актёр Райан Гослингге жабыштырып жүрүштү. Ананчы, экөө бир эмес, үч тасмада өнөктөш болушкан да: “Бул жиндидей сүйүү”, “Гангстерлерге аңчылык” жана “Ла-ла-Ленд”. Экөөнүн ортосундагы химия жашоодо да бар дегендер болду. Бирок Эмма менен Райан бири-бирин бир көз караштан түшүнгөн кесиптеш, доско айланганын айтып келишет.

2020-жылы актриса режиссёр Дэвид Маккериге турмушка чыккан. Бир жылдан кийин түгөйлөр кыздуу болуп, ага Луиза Жин Маккери ысымын ыйгарышкан.

Асыл Орозбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан