ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 26-августтан 1-сентябрга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Жетекчилик сиздин лидерлик сапаттарыңызды байкап, жакшы кызмат ордун сунуштайт. Мүмкүнчүлүктөрүңүздү туура пайдаланып өз мезгилиңиздин жылдызы болуңуз. Жумушка байланыштуу убадаларыңызга, айрыкча узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүдө этият болуңуз. Апта башында жалкоолугуңузду жеңе алсаңыз, алдыда сизди ийгилик коштойт. Каржылык абалыңыз жакшырат. Өзүңүздү инсан катары түшүнүү, изденүү үчүн эң сонун учур экенин эскертишет жылдыздар.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кийим-кече, тиричилик техникасын сатып алуу үчүн ыңгайлуу мезгил. Талаштуу маселеде кооз сүйлөө жөндөмүңүз, чечендигиңиз жардамга келет. Бош убактыңызды досторуңуз, жакындарыңыз менен өткөргөнүңүз жакшы. Ишкерлер капиталын бир нече эсеге көбөйтүп алышса болот. Тобокелчиликти талап кылган пландарыңызды азыр ишке ашырыңыз, болбосо алар эч качан ишке ашпай калышы ыктымал. Максатыңызга жетүүдө талбай аракет кылып, эч качан багынбаңыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Катылуу жаткан таланттарыңыз ачылып, жаңы көндүмдөргө ээ болушуңуз мүмкүн. Бирок сиз үчүн кымбат болгон нерседен айрылып калуу коркунучу бар. Сиздеги энергия каржылык абалыңыздын жакшырышына алып келет. Жаңы буюм сатып алууда этият болуңуз, мөөнөтү өткөн же жарактан чыккан буюм алып алышыңыз мүмкүн. Жеке мамиледе сүйүктүүңүз кысым жасап, эркиндигиңизди чектеп жатса, бул нерсе сизге жакпай жатканын ачык айтыңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Маанилүү документтерге кол коюуну кийинки аптага жылдырып туруңуз. Бул аптаны тынчтыкта жана жай турмушта өткөргөнүңүз жакшы. Мүмкүн болсо, эски байланыштарыңыз менен мамилеңизди жөнгө салыңыз, алар сизге келечекте чоң каржылык пайда алып келишет. Сүйүүдө өзүңүздү унутуп, өнөктөшүңүздүн жашоосу менен жашап калбаңыз. Адамга байлануу, андан эмоционалдык жактан көз каранды болуу кийин сизге терс таасирин тийгизет.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Эски тааныштар көйгөйүңүздү же оор маселеңизди чечкенге жардам беришет. Бул мезгилди жөн эле жакындарыңыз менен өткөрүү сизге чоң энергия тартуулайт. Кызыгууларыңыз сиздеги катылган мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө түзмөкчү. Жаңы нерсе сатып алуу үчүн эң сонун учур. Ден соолугуңузду бекемдөө үчүн физикалык активдүүлүк азыр сиз үчүн абдан маанилүү. Айымдар интеллектин өстүрүп, жаңы нерсени жаратуу менен алектенишсе болот.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Сүйүү, бакыт, гармония, үй-бүлө... Мына ушулар азыр сизге керек болуп турат. Бул аптадан өзгөчө энергия аласыз. Көп жылдар бою сактап жүргөн сезимдериңизди билдирүүгө убакыт келди. Өнөктөшүңүз менен мамилеңиз жаңы деңгээлге чыгат, үйлөнүү үчүн эң сонун мезгил. Айымдар акча сарптоодо этият болушканы жакшы. Мүмкүн болсо, бул мезгилди балдарды тарбиялоого арнаңыз, алардын ар бир жараткан ийгилигин мактап, кызыгуусун, хоббисин колдоп коюңуз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жалгыз кабыл алынган чечимге өзүңүз жоопкер болосуз, эки тараптан тең жоопкерчилик болсо өзүңүзгө эле жеңил. Бойдоктор жакын арада өмүрлүк түгөйүн жолуктурушат. Жаңы долбоорлорду баштабаганга аракет кылыңыз, андан көрө бүтө элек нерсенин үстүндө иштеңиз, бул олуттуу ийгиликтерди алып келет. Эмоцияңыз чегинен ашып кетет, ошондуктан сиздин жүрүм-турумуңузду айрымдар түшүнбөй калышы мүмкүн. Жетекчиликтен эскертүү алууга жол бербеңиз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Учурда сизге бекер жардам берүүгө даяр адамдардын курчоосунда жүрөсүз. Бул сиз үчүн бир чети таң калычтуу болсо, бир чети кубанычтуу жагдай. Кызыктуу жана азгыруучу сунуштардан баш тартуунун кажети жок, бул нерсе сизди карьералык тепкичтен көтөрүүгө шарт түзмөкчү. Айымдар үчүн түгөйүн табууга же турмушка чыгууга ыңгайлуу мезгил. Көп адамдар сизге тартылып, харизмаңызга арбалышат. Тагдырдан көп сюрприздерди күтүңүз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Абайлаңыз, аптада сыркоолоп калышыңыз мүмкүн. Сабырдуу болуп, сыноолорду татыктуу көтөрүңүз. Мырзалар үчүн кесиптештер же жетекчилик менен баарлашуу, мамлекеттик органдарга же коомдук уюмдарга арыз же документтерди тапшыруу үчүн жакшы мезгил. Кесибиңизге байланыштуу сиз баш тарта албаган сунуш түшөт. Жакындарыңызга болгон эски таарынычтарды коё берип, жан дүйнөңүздү мээримге жана сүйүүгө толтуруңуз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Бул апта сүйүктүү адамыңызга жолугууга, аны менен унутулгус кеч өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Жумушта сизди кесипкөй катары сыйлап, барктаган кесиптештериңиздин саны өсөт. Жетекчиңизге кайрылып, айлыкты көтөрүүнү сурансаңыз болот. Агрессивдүү, ачуулуу адамдардан алыс болуңуз, алар сиздин позитивдүү маанайды оңой эле бузуп коё алышат. Жаңы тааныштарды табууга аракет кылыңыз, алар мындан ары сиздин жашооңузда негизги ролду ойнойт.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Кенен болуңуз, канчалык мүмкүнчүлүгүңүздү, кирешеңизди кенен кодонсоңуз, ошончолук киреше көп кирет. Милдетсиз жакшылык кылып, эч кимден кайтарымын күтпөңүз. Каржылык маселелериңиз чечилет, эски достор арасында беделиңиз жогорулайт. Суу куяр айымдар өздөрүнүн толук потенциалын ачып, атак-даңкка ээ болушат. Алардын бизнес жөндөмү буга жардам берет. Пайдалуу жана кызыктуу адамдар менен тааныша аласыз.

Балык
(20.02–20.03)

Жашооңузду жакшы нукка бурган сүйүктүү адамыңызга жолугасыз. Бекем эреженин артынан гана ашыкча салмакты таштоого мүмкүн. Каржы тармагында сизди чоң ийгиликтер күтөт. Үй-бүлөңүз менен чакан саякатка чыгыңыз. Лотерея же кандайдыр бир оюндардан жеңишке жетүү ыктымалдыгы да жогору. Сүйүүдө ажырашуудан кийин дароо жаңы мамиле курууга шашпаңыз, азыр эмоционалдык абалыңыздын туруктуулугу маанилүү, акыл калчап иш кылыңыз.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1133, 22-28-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан