Учурда ырчы Нуриланын жылдызы жанып, ар бир ыры хитке айланууда. Жагымдуу үнү, жарык жүзү, жүрөк кылдарын черткилеген обондору менен күйөрмандардын купулуна толуп жатканы чындык. “Сөздүн да энергетикасы болот экен, кайгылуу ырларды ырдай берип жашоом да ошол тарапка ооп баратканын байкап, шаңдуу ырларга басым жасай баштадым” дейт ырчы кыз. “Махабат жок дебе”, “Кереметим”, “Көлдүк жигитке” деген ырлардын аткаруучусунун кызыктуу маегин сунуштайбыз, окурман.
- Кандайсыз Нурила? Учурда эл оозуна алынып, ырларыңыз хит болуп турган убак. Ырчылыкка жаңыдан кадам таштаганыңызда азыркыдай популярдуу болом деген ишенич бар беле сизде?
- Ар бир ырчы атактуу, популярдуу болсом, ырларымды көпчүлүк угуп жан дүйнөсү эс алса деп тилек кылат болуш керек. Мен деле азыркыдай учурду күткөм. Көптөр “азыр сенин ырларың популярдуу болуп жатат” деп айтышат. Менин популярдуулукка көз карашым биз аз башкача окшойт, өзүмдү укмуш популярдуумун деп айта албайм. Мени азыр бир аймак тааныса, экинчиси тааныбайт, жаш муун тааныса, улуу муун тааныбайт. Чыгармачылыктын туу чокусу ырчыны баары тегиз тааныганда келет го дейм. Ал үчүн көп эмгек кылышыбыз керек. Музыкалык сынактарда өлкөбүздүн желегин желбиретүү зарыл. Ошондо гана “ооба, мен ырчымын” деп көңүлүм тоёт.
- Ушул жерден “Көлдүгүм, көлдүгүм ай, көлдүктөн өлдүмбү, ай” деген саптары бар тамашалуу ырыңыздын жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз?
- Кайгылуу ырларды ырдай берип элдин баарын эзип бүттүм окшойт (күлүп). Мурда маани берчү эмесмин, бирок сөздүн да энергетикасы болот тура, кандай мааниде ырдасаң жашооң ошол тарапка ыктап кете берет экен. Анан “кой, ар тараптуу болоюн, мен деле тамашалуу ыр ырдап көрөйүнчү” деп ушул “Көлдүк жигитке” деген чыгарманы жараттык. Обонун мурун эле диктофонго жаздырып кыңылдап жүрчүмүн, кайырмасындагы “көлдүгүм көлдүгүм, ай, көлдүктөн өлдүмбү, ай” деген саптар меники, калганын акын Бердибек Жамгырчиев агам жазып берди. Ал агабыз өзү көлдүк эмеспи, калган саптарын келиштирип коюптур, мага абдан жакты. Азыр Балыкчыдан ары өткөндө эле “ай, сен, баягы көлдүгүм, көлдүгүм деп ырдаган ырчысың да, ээ?” таанып жатышат. Бул ырды жеңил-желпи дегендер да бар, “Көк жигули”, “Жанзе” деген ырларды деле угуп жүрбөйбүзбү. Демек, элде суроо-талап болуп жатса, аны кыргызча берсек эмнеге болбосун? Трайбализмди күчөтүп коюпсуң дешти, Чубак Сатаевдин “ака деген оозуңдан...” деген саптары бар ырын деле угуп жүрөбүз го. Ошол үчүн тамашалуу ырды тамашадай эле кабыл алып, өтө терең кирип негатив таап чыкканга аракет кылбай эле коюш керек.
- “Махабат жок дебе” деген ырыңыз бул ырды сизден биринчи ырдап чыккан казакстандык ырчы Рахымжан Жакайымдан да көп көрүү топтоптур. Ийгилик сыры эмнеде деп ойлойсуз?
- Негизи чыгарма ар кимге ар кандай жагынан ачылат да. Рахымжан агабыздын аткаруусунда башка, менин аткаруумда башка дегендей. Балким, кыз баланын назик үнү менен ырдалганы үчүн ыр элге жакшы жеткендир. Анан кыргыз тили жагымдуу да, кыргызчага которгондо балким, угумдуу болуп калгандыр. Чынында өзүм да бул ырдын мынчалык жакшы кабыл алынарын күткөн эмесмин.
- Уялчаак экенсиз, сахнада ыңгайсыз абалда калган учурлар болобу?
- Жалал-Абадда концерт берип жүрөбүз. Гитара чертип ырдап берип жатам, бир маалда залдагыларга “кана, кимдин ырын ырдайлы, Бектин ырларынан созолубу?” деп суроо бердим. Ошондо залда отурган бирөө “ээ, эмне, Бек сенин классташыңбы” деп өллө уят кылган да. Жок дегенде Бек Борбиевдин дебейминби десеңиз. Ошол окуядан кийин андай ката кетирбей калгам.
- Учурда психологияга кызыккандар көп. Сиз психологдун кызматына кайрылып көрдүңүз беле?
- Жок, бирок кайрылышым керек болгон учурда да кайрылбай койгом. Мурдагы жылы бир тууган агам кырсыктан каза болуп, жоготуунун күйүтүн тарттым. Бир бооруңдан айрылуу оор экен. Жашоодо майда-чүйдө көйгөйлөргө баш оорута беребиз го. Жакыныңды жоготкондо андай көйгөйлөр көзгө көрүнбөй деле калат экен.
- Материалдык байлык, каржылык эркиндик дегендерге көз карашыңыз кандай?
- Чынында өзүмдү материалдык байлыктарга байлай бербейт экем. Кыздар алтын, зер буюмдарга кызыгышат го, менде такыр андай кызыгуу жок. Мен музыкага, музыкалык аспаптарга кызыгам, комуз черткенди, пианино ойногонду үйрөнгүм келет. Ал эми каржылык жактан Кудайга шүгүр, Бишкекте үйүбүз бар, апам менен турам. Акыркы 2-3 жылдан бери акчаны үнөмдүү кармап калдым, буюрса жакында автоунаа сатып алсамбы деп турам. Унааң жок болсо, концерттик формаларың менен таксилеп жүрүп тажайт экенсиң.
- Өзүңүз ырдагандай “сегизинчи кереметиңизди” таптыңызбы?
- Жок, таба элекмин. Ал кереметимди тапсам, демек, турмушка чыккан болом да.
- Сиздей татынакай кызга сөз айтып, сезимин билдирген мырзалар аз эмес болуш керек?
- Бар, көп эле. Бирок иш-аракети менен билдирбей жатпайбы. Инстаграммдан, ватсапптан “чоң кыз, мен сени жактырып калдым” дегендерди олуттуу кабыл ала албайт экенмин. Чын дилинен аракет кылган мырзаларды азырынча байкай элекмин.
- Сиздин болочок жолдошуңуз кандай болушу керек?
- Менден көптү билсе, көп окуса, сабаттуу болсо дейм. Аял кишини сыйлата ала турган даражада болсо жакшы го. Анан кыргыз тилинде эркин, жакшы сүйлөсүн. Бир сөздү орусча, бир сөздү кыргызча сүйлөп тантырагандарды көрсөм эле жиним келе берет. Же орусча таза сүйлө, же кыргызча... Кыска ойлонгон, түшүнүгү тар адамдар менен сүйлөшө албайм.
- “Жүрөк менен акыл достошобу силерде? Меники учурашпай да калат” деп пост жазыпсыз. Кандай учурда сизде бул экөө достошпой калат?
- Менде көп эле учурда экөө учурашпай калат. Чыгармачыл адам болгонго да тигини же муну уга албай калган кездер көп болот. Көбүнчө акылымды уккан үчүн да жан дүйнөм тынчтык таппайт болуш керек деп ойлой берем. Себеби “рамкага” салына бересиң, каалаган нерсемди эркин жасай албай калган учурда депрессияга түшүп кетет болушум керек.
Лунара Бекиева