Быйыл кимдин балаcы 1-класска барат?

Жай мезгили аяктап, окуу жылы башталганы турат. Адаттагыдай, 1-сентябрга даярдык кызуу. Ата-энелер балдарын жетелеп дүкөн, базар кыдырып жүргөн маал. Быйыл белгилүү жылдыздардан кимдердин баласы 1-класска барат? Алар мектепке кантип даярданып жатышат? 

Каныкей, ырчы: «Кызыбызды жеке менчик мектепке берели деп чечтик»

Быйыл 1-класска барчулардын катарында ырчы Каныкей айымдын кызы бар. Ырчы айымга байланышып, жаңы окуу жылына даярдыктарын сурадык.

– Негизи кызым Акмарал 1-класска эмдиги жылы бармак, бирок анын окууга дилгирлигин, шыгын байкап, быйыл эле 1-класска окутканы жатабыз. Кызым мамлекеттик бала бакчага барып жүрүп эле мектепке даяр болуп калды. Бул үчүн бала бакчадагы тарбиячыларына ыраазымын. Албетте, ар бир балаңдын мектепке киришинде толкундоолор болот экен. Улуу балабыз мамлекеттик мектепте окуйт, быйыл 3-класска көчтү. Мамлекеттик мектептин күнгөй-тескейин көрүп-билгенден кийин кызымды жеке менчик мектепке берели деп чечтик. Баламды да жеке менчик мектепке которобуз. Негизи жумушу көп ата-энелерге жеке мектептердеги мүмкүнчүлүктөр ыңгайлуу экен, – дейт ырчы айым.

Кубат Тукешов, төкмө акын: «Кыргызча ойлонсун деп кыргыз тилдүү мектепти тандадык»

Төкмө акын Кубат Тукешовдун тун уулу быйыл 1-класска барат. Акын мырза мектеп тандоодо кыргыз тилдүүлүгүнө жана билим берүү сапатына басым жасаганын айтат.

– Буюрса, быйыл уулубуз Илим 1-класска барат. Кандай мектепке беребиз деп бала бакчага барып жатканда эле балдарымдын апасы экөөбүз көп сүйлөшчүбүз. Бизде “жеке менчик мектепке беребизби же мамлекеттик мектепкеби?” деп кызуу талкуу болду. Ата-энебиз менен да кеңештик. Албетте, мамлекеттик мектептер бекер болгону менен, билим берүүсүнүн сапатын да караш керек болду. Жеке менчик мектептерде төлөмдөр бар, бирок ошого жараша сапаттуу билим беришет. Он ойлонуп, тогуз толгонуп жатып, акыры жеке менчик мектепке бермей болдук. Балдар абдан ийкемдүү болушат. Арыктагы сууну каякка бурсаң, ошол жакка агып кеткендей эле жагдай да. Ошондуктан пайдубалы кыргыз тилинде курулсун, кыргыз тилинде ойлонсун деп кыргыз тилдүү жеке менчик мектепти тандадык. Башталгыч класста кыргыз тилин сиңирип алса, анан англис тилин да, башка тилдерди да үйрөтүп алабыз, буюрса. Биз тандаган мектеп баланын билимине эле эмес, адеп-ахлагына да басым жасайт. Педагог Гапыр Мадаминовдун “азыр башы компьютердей, бирок жүрөгү таштай катып калган балдар чыгып жатат” дегени бар. Ошондуктан баланын адамдык сапаттарынын да мыкты болушуна көңүл буралы дедик.

Кызсайкал Кабылова, ырчы: «Кызым мектепке барам, окуйм деп сүйүнүп жүрөт»

Ырчы Кызсайкал Кабылованын кызы Альфия да быйыл 1-класстын босогосун аттаганы турат.

– Кызым 6 жашынан мектепке барганы жатат, жеке менчик мектепке беребиз. Жеке мектепте окуучуга ата-энеден көп деле нерсенин кереги жок экен, өздөрү берет. Атасы экөөбүз тең “мектебинде кандай болот, эмне болот?” деп абдан толкунданып жатабыз. Кызым өзү “окуйм, мектепке барам” деп сүйүнүп жүрөт. “Мектепке баргыча энергия топтоп алайын” деп бир эмес, 2 жолу Ысык-Көлгө, Ошко барып келди. Таене-таятасы, чоң энеси кайсы жакка айылдаса, алар менен кошо жүрдү. Мектепке барасың дегенден бери өзүн чоң кыздардай сезип, бир аз токтолуп, башкача болуп калды. Мектепке кирерде тест тапшырат экен, аны “5ке” тапшырып чыгып кеткенде таң калдык. Тамгалардын баарын билет, кыйнап үйрөткөн эмесмин. Негизи даярдоо курсуна барат деп ойлогонбуз, 1-класска дапдаяр деп тесттен дароо 1-класска өтүп кетти. Мажит байкемдин кызы да быйыл 1-класска барат, экөө бир мектепте окушат, – дейт ырчы айым.

Актан Рыскелдиев, актёр: «Балам бат тил табышат, мектепке оңой эле көнсө керек»

Актёр Актан Рыскелдиевдин ортончу баласы 1-класска барганы жатат.

– Улуу балабыз Жантай 3-класста, ортончусу Анатай быйыл 1-класска барат. Жеке менчик мектеп болгондуктан балдарга мектеп форма таптакыр албайбыз, мектеп өзү берет. Окуу куралдарына 5000 сомдой кетсе керек, аны апасы алып берди, баасын сурабаптырмын. Алчу нерселердин тизмесин мектеп өзү түзүп берет. Азырынча бут кийим эле алып беришибиз керек. Кышында кышкы бут кийим менен күрмө. Буга чейин ошол мектептин бала бакчасына барчу эле, кыргыз тилин унутуп, орус тилдүү болуп баратканда жибербей калганбыз. Жубайым өзү үйдөн окутуп, даярдоо курстарына алып барды. Азыр окуйт, жазат, математиканы жакшы билет. Балабыз окуу башталарын аябай күтүп жатат. Былтыркы бала бакчага чогуу барган балдар менен 1-класска барат экен, ошого да сүйүнүп жатат. Азыркы учурда чынында балдарды мектепке даярдоо оор экен. Мурда биз 5 дептер, 1 ручка, 1 карандаш, 1 сумка менен эле бара берчү элек. Азыр эмне керек экени жазылган тизмени көрсөң чачың тик турат. Эң башкысы – мектеп балдарыбызга жакса болду, кызыгуу менен жакшы билим алганы, классташтары менен жакшы мамиледе болгону маанилүү. Мисалы, мен бала кезде көп жолу мектеп которгом, улам жаңы мектепке барган сайын заарканчумун. Кээде жаңы классташтарың сени кабыл албай коюшу мүмкүн. Бишкекке келгенде ошондой эле болгон, түнт болуп, өзүм менен өзүм эле жүрө берчүмүн. Балам башкалар менен бат тил табышат, мектепке оңой эле көнүп кетсе керек.

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1133, 22-28-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан