(Башы өткөн сандарда)
Токмокко келгенде деле баары тынч өттү.
Либердин жашаган бөлмөсүнө угуучу аппарат орнотуп койгон эле, Либер маал-маалда гана келген телефондук чалууларга жооп берип жатты. Кол салууга байланыштуу эч нерсе айтылган жок, анын кол алдындагы жигиттердин ар кимиси өзү жүргөн аймактардагы кырдаалды эле айтып турушту. Либер ал маалыматтарды жогору жактагыларга интернет аркылуу жөнөтүп жатса керек, кыскасы, керектүү маалыматты ала албай Эсендин абдан эле башы катты. Эми Ала-Бука менен эле Ош шаары калды. Эсен Токмоктогу, Канттагы, Таластагы балдарды чакырып алып экөөсүн Ала-Букага, экөөсүн Ошко жөнөттү, өзү орто жер деп Шамалды-Сай шаарчасына барып жайгашты. Ал жердеги агенттердин ар бир кадамын байкап, ар бир сүйлөшүүлөрүн тыңшап жатышты. Жашаган, иштеген жерлерине жашыруун угуучу аппараттарды орнотуп салышты. Азырынча эч кандай жаңылык же шектүү бир нерсе билинбейт. Эсен башында эле Индустун жашырынбай, ачык-айкын келип кеткенине таң калып койду эле. Өзүн эле билдирбестен, Либерди, анын беш адамын да ачык эле “бул биздин агент” деп айтып койду. Гомердин Кыргызстанды кыдырган маршрутун күндө карайт, айрыкча Ош шаары менен Ала-Букага өзү барып, президенттин бара турган жерлерин кыдырып, видеого тартып келди. Жашаган жерине келип ал видеолорду күндө кайра-кайра көрүп чыгат. Бир ой кетти, Кыргызстандын эмес, коңшу мамлекеттердин биринин президентине кол салуу уюштурулуп жаткан жокпу деген.
Акыры Илхомго чалды:
– Шеф менен сүйлөшпөдүңбү, Гомер бизди аябай эле ойлонтуп жатат го. Мүмкүн, бизде эмес, коңшу мамлекетте даярдалып жүрбөсүн кол салуу. Бизди бул жакка чуркатып коюп, иштин баары башка жакта даярдалып жатпасын. Кандай дейсиң?
– Жок, кечээ эле шеф экөөбүз талкуулаганбыз, кол салуу силерде эле болот. Коңшу мамлекеттерде дагы ар бир агенттин артынан биздин адамдар жүрүшөт, тынч эле. Эч кандай өзгөчө аракет байкалбайт.
– Анда эмне кылдык? Башым катып калды.
– Фокусник да бул Гомер деген неме. Бир жыл мурун Австрияда бизди бир топ кыйнаган. Төрт агентибизден айрылганбыз. Экөө Россияга кайтып келгенден коркуп Бразилияга кетип калды. Экөө Австрия менен Венгриянын чек арасындагы токойдо каза табышты. Дагы үчөөнү чакыртып алганбыз. Биздин Австриядагы агенттерди билүү үчүн жок эле нерсени бардай кылып уюштурушкан экен. Бизди ошентип алдап сызга отургузуп кеткен. Союз тарагандан кийинки ФСБнын эң чоң жеңилиши ушул болгон. Ойлон, аракет кыл, мен да картаңарды ачып алып күндө эле карайм, бирок эмнени пландап жатканын түшүнбөдүм.
– Илхом, Индус бизге кол алдындагы адамдарын атайын эле көрсөткөн окшойт. Президентке Бишкекте эле кол салуу болот деп калдым. Биздин СНБга билдирбесем болбойт, мен беш адамым менен эмнеге жетишем?
– Шеф менен сүйлөшүп көрөйүнчү, бирок макул болбойт деп ойлойм. Андан көрө ойлон, Ошуңарда эле болот го дейм, чоң шаар эмеспи кантсе да. Авария кылар бекен, мен башка жолун көрбөй жатам. Ошто эл алдына чыгып сүйлөй турган жери каерде экен? Үстүнө бир нерсе таштап жиберебиз деп жаткан жокпу?
– Ал жерлерди бүт көрүп келдим, танка менен атсаң деле корко турган жери жок.
– Анда билбей калдым эмне дешти. Макул, жакшылап ойлоно берчи, мен эртең СНБ жөнүндө сүйлөшүп көрүп, бир жообун айтам.
Эсен кайрадан картага үңүлдү. Кол алдындагы балдарына чалып президенттин маршрутун айтты да, ал барган жерлерде кандай кокустук болушу мүмкүн экенин жакшылап анализдеп көрүп айткыла деген тапшырма берди.
Либерди кармап, ээн жерге алып барып сурак кылгысы да келди, бирок анын жүрүш-турушуна карап, мындай адамга андай жоопкерчиликтүү иш тапшырылбайт деп, кайра ал оюнан кайтты.
Балдары эч кандай жөндүү жоромол айта алышкан жок. Кербен – Ала-Бука жолу тоонун боорун аралап өтөт экен, ошол жерден жолго таш тоголотуп жиберишеби деп дыкат иликтеп чыгышты. Андай мүмкүнчүлүк жок эле.
Президенттин Ошко барарына бир күн калганда айласы кеткен Эсен бирөөнүн телефонун уурдап алып Оштун милициясына “президентке жолдо келе жатканда кол салуу даярдалып жатат Ошто” деп СМС жөнөтүп жиберди. Оштун милициясы, СНБнын адамдары, айтор, коопсуздукту караган кызматтын баарынын адамдары Ошко келип алышты. Аэропорттон баштап президент бара турган жерге чейинки жерди тим эле тытып жиберишти. Коркунуч туудура турган жерлерге куралчан аскерлерди тизип салышты. Бирок эч кандай коркунуч жок эле.
Президент Ошко аман-эсен келип кетти. Либердин Оштогу адамы эч кандай аракет кылган жок, үйүнөн чыкпай жатып алды.
Эми президент эки жумадан кийин Ала-Букага барат. Эсен Олегди “Либерди аңдыйсың” деп Ысык-Көлгө калтырып, бүт күчүн Ала-Букага чогултту.
Ала-Букадагы көптөгөн чет өлкөлүк жарандардын аты-жөнүн байкатпай сүрөткө тартып алып, аларды Москвага жөнөтүп, ал жактан келген жоопторду изилдеп көрдү. Райондогу кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн, оппозициялык партиялардын лидерлеринин телефондук сүйлөшүүлөрүн жашыруун угуп, болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып жатты. Төрт баласы күнү-түнү кезектешип телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшайт. Дегеле эч нерсенин шеги билинбейт. Москва да эч нерсе айта албады.
xxx
Индус ишти аткара турган адам менен Берлиндеги парктардын биринде, пивоканадан жолугушту. Бул адам, ата-энеси 1950-жылдары Түркиядан Германияга куруучу болуп келип, биротоло калып калган түрктөрдөн эле. Кичинесинде ата-энеси жумушка кетип, үйдө ар дайым жалгыз калып, көчө тарбиясында чоңойгон. 15 жашында уурулук кылып полицияга түшүп, аз жерден камалып кетейин деген. Жокчулукту көп көргөндүктөн, тез байып кетүүнүн жолун издеп, он жети жашында эки шериги менен бир жергиликтүү байдын үйүнө уурулукка кирген. Кокустан үй ээси келип калганда кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүрүп салышкан. Баары бир полицияга кармаларын түшүнүп, эртеси эле согуштук кыймыл болуп саналган Француз легионуна кирип кеткен. Себеби ал топто анын аты-жөнүн эч ким сурабайт эле. Жөнөткөн жагына барып согушуп берсең болду. Дүйнөнүн көп жеринде согушка катышып, жеткен мыкаачылыгы, түлкүдөй куулугу менен атагы чыгат. Кийин башына минанын сыныгы тийип оор жаракат алып, согушка жарабай калган.
Ошондон кийин Германияга таптакыр башка адам болуп кайтып келип, чогулткан акчасына Рейн дарыясынын жээгиндеги кооз жерлерден үй сатып алып, ошол жерде жашап калган. Акча керек болгондо ар кандай жашыруун тапшырмаларды аткарып акча тапчу.
Индус аны көрүп эле таң калды, эч болбосо түзүгүрөөк кийинип албаптыр деп ойлоп койду ичинен. Жашы кырктарда, орто бойлуу, толмоч келген, бир көзү кылый, сакалы алынбаган, бир көргөн киши келесоо деп ойлой турган адам экен.
Үстүндө бырышкан хиппи футболкасы, эски жынсы, башында эски кепка, оозунда сагыз. Басканда да бутун сүйрөгөнсүп басат экен. Сүйлөшүп жатканда адамды кыйшайып бир капталы менен карачу, бирок жакшылап көңүл коюп караган адам андагы акылдуу көз карашты байкачу. Индус бул адамды бир жакшы таанышы аркылуу тапты, ар кандай ыплас, көпчүлүк адамдар канча акча берем десең да аткарбай турган тапшырмаларды “фирма” үчүн ушул адам аткарчу.
Биринчи таанышканда атын сураса, “атымдын зарылчылыгы жок, жөн эле агент деп кой, жетет ошол” деп койгон. Анын мындай сөзүнө Индустун жини келип, аны көзүнүн дефектине карап, атактуу бир көзү сокур Жек каракчыга окшотуп “Жек” деп атап алды...
(Уландысы кийинки санда)