Көптөн бери маектеше элекпиз, жакшы жаңылыктары бар экен. Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева чыгармачылыкты бир калыпта алып келе жаткан инсандардын бири. Бул жолу да ачык-айрым, маанилүү маек куруп берди.
– Саламатсызбы, Гүлнара эже? Маекти акыркы жаңылыктарыңыздан баштайлы...
– Саламатчылык. Жаңылыктардан, жакында Беларусь өлкөсүнө “Славян базары” деген чоң фестивалга Раяна Алибаева аттуу 14 жаштагы кызды алып барып келдим. Көрсөткүчү орточо болду, негизгиси, Кыргызстанды татыктуу деңгээлде көрсөтө алдык. Былтыр Насыйкат Баймурзаева аттуу кызыбыз 18 өлкөнүн ичинен 3-орунду алган эле. Баса, өткөн жылы мен ушул “Славян базары” фестивалынын Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп дайындалгам.
– “КG`тай” долбоору иштеп жатабы? Балдар менен иштегендин ырахаты көппү же түйшүгүбү?
– Буюрса, “КG`тайга” жазында 10 жыл болот. Башында телевизиондук долбоор катары абдан катуу баштаганбыз, ал долбоор 6 жылга созулуп, азыр менден көз каранды болбогон себептер менен токтоп турат. Албетте, балдар менен иштегендин түйшүгү да, ырахаты да бар. Негизинен, балдардын жан дүйнөсү таза, алар менен иштеген оңой, баарын “губкадай” өзүнө сиңирип алышат. Мен үчүн бул чоң ырахат. Аларга үйрөтүп жатып өзүң да көп нерсе үйрөнөсүң.
– Басып өткөн жолуңузга саресеп салсаңыз, кандай кыйынчылыктар эсиңизге түшөт? Мисалы, сахнага жаңы чыгып жатканда...
– Мектепте эле ырдап, кароо-сынактарга катышып жүрчүмүн. Кесип тандоого келгенде ата-энеме “Ташкентке театралдык окуу жайга барайын” десем, “артист болбой эле кой” дешти. Москвадан окуу кыялым эле, аны айта алган жокмун. Ошентип Политехникалык институттун инженер-экономист адистигин аяктадым. Студент кезде да ырдап, окуу жайдын ансамбли менен чет өлкөлөргө барып келчүмүн. Ырчылык жол кыйын болду, катаал мезгилге туш келип, акча жагынан аябай кыйналган күндөр өттү. Анан акырындан телевидениеге чыга баштадым. Апам алгач мени телевизордон көргөндө абдан уялчу экен, артисттикти төмөн кесип катары көрчү. Бир жолу үйгө тууганыбыз келип, “кызыңызды телевизордон көрүп аябай сүйүндүк, менин кызым ушинтип ийгиликке жетсе төбөм көккө жетмек” дептир, ошондо анан ырчылыкка башкача карай баштаптыр. Андан кийин бир сынактан автоунаа утуп алдым. Ошондо атам менен апам “мейли, ырдай бер” деп уруксат беришкен.
– Сиздин тандооңузду колдобогону үчүн аларга таарынгансызбы?
– Ооба. Анда таарыныч экенин түшүнгөн эмесмин. Кийин, алардын көзү өтүп кеткенден кийин түшүндүм. Бирөө менен сүйлөшүп калсам, ал “ай-ий, сенин күч-кубатың, убактың, энергияң ата-энеңе бир нерсе кыла аларыңды, ийгиликке жете аларыңды далилдеш үчүн, алар менен тирешкенге кетиптир” деп жатпайбы. Эми алар менен урушкан жокмун, бирок ырдаба десе болбой ырдаганымдын өзү билинбеген тирешүү да.
– Кызыңыз да сиздин ырчылык жолуңузду улантат окшойт...
– Ооба, кызым быйыл 8-класста. Ал мендей ырдоону каалабай жатат. Өзүнчө бир жаштардын стили бар го, ошондой стили бар. “Мяу-мяу” деп зажимдер менен ырдайт (күлүп). Бала бакчадан баштап фортепианого барды. Укулеледе ойногонду өз алдынча эле үйрөнүп алды. Анан гитара үйрөнгүм келет дегенинен гитара алып бергем. Азыр гитарада ырдайт, кечинде экөөбүз чогуу ырдап калабыз. Ырдоо манерасы эстрадалык эмес, өзүнүн стилин издеп жатат. Мейли, өз стилин тапсынчы, балким, ырчы болом десе элге жагып кетет.
– Тойлордо ырдап турасызбы?
– Тойдо биринчи жолу ырдаганда шок болгонум эсимде. Анда азыркыдай тойканалар жок, кафелер жаңы курулуп жаткан кез. Ага чейин Гүлнурдан (ред.: Сатылганова) “тойдо ырдап калам, чакырышат” дегенди бир укканмын. Сахнада жан дүйнөңдү берип, образга кирип ырдайсың да. Тойдо да ошентип берилип ырдап жатсам эле отургандар тамак жеп, кашык, тарелкалардын үндөрү чыгат, ошондо аябай нес абалда калгам (күлүп). Биринчи тажрыйбам такыр жаккан эмес, бул маданият, искусствону төмөнгө түшүрүп салгандай болгон. Кийин карасам, кесиптештеримдин баары эле тойдо ырдап акча таап жатышат. Анан мен да тойго чыга баштадым. Көрсө, тойдо ырдаганда жан дүйнөнүн назик тарабын жаап коюш керек экен.
– “Келдиңби, сүйүү” деген ырыңыздан кийин да ыр жаздырдыңызбы?
– Ооба, андан кийинки да ырларым бар. Болгону аларды элге таратууда иштебей койдум. “Позитив”, “Бакыт”, “Тоолор”, “Үмүт” деген сонун ырларым бар. Ырды азыр видео аркылуу көрсөтүш керек, аудио версия өтпөй калды. Акыркы жылдары убактымды балдарга арнадым. Жарамазанды жаңылап ырдаттык, “Күлүп койду” ремейк кылдык. Бир муун ушул ыр менен чоңойду да. Мындан он жыл мурун Москвага барсам, бир жигит бизди чайга чакырып, аябай коноктоду. Көрсө, ал жигиттин Москвада иштегенине көп жыл болуптур. Бир күнү кырсыктап комага түшүп калып, канча жатканын билбейм, менин “күлүп кой, күлүп кой” деп ырдаганым угулуп өзүнө келиптир. “Эсиме келишиме сиз себепкер болдуңуз” деп аябай ыраазычылыгын билдирди эле. Жок дегенде ушундай жол менен адамдарга жардам берип жатсам жөн эле жашап жатпаптырмын деп калам.
– “Келдиңби, сүйүү” ырыңыздын тарыхы кандай?
– Сөзү ыраматылык Гүлсара Момунова эжебизге таандык. Ал өзүнүн ырлар жыйнагын Жамийла Муратовага берет. Ал эженин көп ырына Жамийла Муратова обон жазган да, бул ырды Жамийла мага белек кылды. Азамат Такырбашев деген таланттуу жигит аранжировкасын жасады. Мен, англисче айтканда, “Falling in Love” болуп, анан ырдагам.
– Ошол туштагы “Falling in Love” окуяңызды айтып берсеңиз...
– Ии, болгон, болуп өткөн (күлүп). Бирок ошол “влюблённосттон” бир сонун ыр жаралды. Кечээ эле бир тойдо ырдадым бул ырды. Элге да жагат, чыгып жай бий бийлешет. Кээде жаштар “жар-жар менен эмес, башкача киргибиз келет” дегенде залга ушул ыр менен киргизип калам.
– Сиздин деле маанайыңыз жок учурлар болобу?
– Болот, мен деле тирүү жанмын да. Айрыкча рулда жүргөндө, ай-ий, ушундай бир жиним келет дейсиң (күлүп). Жол эрежесин сактабай айдагандар көп.
– Жашоодо эмнеге өкүнөсүз?
– Ушуну өткөндө эле ойлондум эле. 90-жылдардын башында “Бишкек ырдесте” деген сынак болгон. Ошондо Москвада окуп, отурукташып калган кыргызстандык бир калыс мени “жүр Москвага, сен Москвада окушуң керек” дегенде баш тартып койгом. Дагы бир жолу Түркияга барып телевизиондук концертке тартылдык. Ошондо оркестрдин дирижёру “Түркияда калып иште” дегенде баш тартып койгом. Ушул учурларды эстеп өкүнөм. Балким, ошондо Орусияга же Түркияга аракет кылсам, балким, профессионалдык жолум башка нукта кетмектир. Ошентсе да кыргыз элине ушунча таанылганыма, азыркы жеткен ийгиликтериме шүгүр кылам.
Гулийпа Маметосмон кызы