Сыя-көк түстөгү жылтыраган, тамчыны элестеткен баклажанды жебеген, жактырбаган жан жок болсо керек. Мекени саналган Индияда бул жашылча көп колдонулат. Баса, баклажан илимий жактан жемиш деп саналат. Мына ушундай өзгөчөлүккө ээ жашылча тууралуу макалабызда кенен сөз кылалы.
Кооздоо үчүн колдонулган
Биздин заманга чейинки 5-кылымда пайда болгон баклажанды азыркы учурда Түркия, Италия, Грузия, Япония, Кытай өлкөлөрү өстүрүп дүйнөгө таратууда. Ал эми Кыргызстандын түштүк тарабында жана Чүй, Таласта өстүрүлгөн баклажандар жай, күздө өлкөнү камсыздай алат. Бул жашылча 18-кылымга чейин декоративдик өсүмдүк катары колдонулган. Көбүнчө өзгөчө түсү, көрүнүшү менен мөмөсү пайдаланылган. Андан соң биологдор жаңы, жегенге мүмкүн болгон сортторун өстүрүп, мөмөсү кеңири колдонулуп баштаган.
Баклажандын сары, агыш, агыш-сыя, кызыл түстөгү, формасы тоголок, сүйрү түрлөрү бар. Эң көп колдонулганы кочкул сыя-көк түстөгүсү.
Азыктын баалуулугу
1. Клетчаткага (тамак-аш булачасы) бай
2. Майлуулугу аз
3. Холестеринди төмөндөтөт
4. Антиоксидант
5. Пайдалуу азыктардын булагы
6. Сөөктү бекем сактайт
Буларды чечмелей келсек:
1. Баклажанда тамак-аш булачасы башка жашылчаларга салыштырмалуу көбүрөөк. 100 грамм азыкта 3,5 грамм булача бар. Ал эми адамдын күнүмдүк нормасы – 25-30 грамм клетчатка. Тамак-аш булачасы – бул организмдеги ферменттер менен майдаланып сиңбей турган, бирок ичеги флорасынын ишин жакшыртуучу, зыяндуу заттарды чыгаруучу, ичти жумшартуучу зат. Мындай өзгөчөлүгү менен ал тамак сиңирүү системин, зат алмашуу процессин жакшыртып, пайда боло турган оорулардын алдын алууга көмөкчү.
2. Азыктын 90 пайызы суудан турат. Углевод – 5,7 грамм, белок – 1 грамм, май – 0,2 граммды түзөт. 100 грамм азыктын баалуулугу 24 килокалория. Муну менен катар этке окшош даамы адамды топук кармап, ашыкча тамакка каалоону жоготот.
3. Баклажанда кандагы холестеринди жөнгө салууга жардам берген хлороген кычкылы бар. Окумуштуулар жашылчадан алынган ширени изилдеп жатып кандагы холестеринди төмөндөтөрүн байкашкан.
4. Жашылчада фенолдук бирикмелер антиоксидант катары иштейт. Ал сырттан келген жана ичте байырлаган бактерия, грибоктордон коргоого таасир этет. Ошондой эле жогоруда атаган хлороген кычкылы шишикке каршы, микробдорго каршы, вирустарга каршы турат. Так ушул хлороген кычкылы жашылчага ачуу-кычкыл даам берет.
5. Магний, калий, жез, цинк өңдүү микроэлементтер, В9, В6, С, А витаминдери жемиштин жүрөккө пайдалуулугун арттырат. Кан басым жогору учурда төмөндөтүүгө көмөкчү болот. Кан тамырдын дубалчаларын, жүрөктү бекемдейт.
6. Сөөк ооруларынын алдын алууда жашылчанын курамындагы жогору өлчөмдөгү кальций менен жез жардамга келет. Натыйжада остеопороз, рахит сыяктуу оорулардан алыс болууга мүмкүн.
Нутрициологдордун кеңеши
– Майсыз азык болгонго семирип кетем деп ойлонбой жей турган азык. Бирок ашык салмактан арылып жаткандар сууга, бууга же электр мешинде бышырып жегени туура. Ошондой эле кичинерээк, жаш жашылчаларды тамакка колдонуу керек, чоңдорунда соланин аталган зыяндуу зат көбөйүп кетет.
– Тамак сиңирүү органдарынын ооруларында, тактап айтканда, курч кармаган гастрит, ашказан, он эки эли ичегинин жарасы, панкреатитте баклажан жегенге болбойт. Кант диабетинде абайлап колдонуу зарыл.
– Баклажанды чийки жегенге болбойт. Ошондой эле жалбырагын, гүлүн да колдонууга болбойт, адамды уулантат.
Тамак-ашка колдонуу сырлары
Баклажандан жасалган тамак, салаттар даамдуу болору талашсыз. Бул жашылча даамы жагынан эттин ордун баса алат. Ошондуктан тамак менен атагы чыккан Түркия, Италия, Греция өңдүү өлкөлөрдө көп колдонулат. Баклажан дайымкыдай эле той, кечедеги дасторкондун көркү болуп жаткан маалы. Андан жасалган “Кычкыл-таттуу соустагы баклажан” салаты 3-4 жылдан бери хит салатка айланды.
• Тамак-ашка ачуу-кычкыл даамын чыгарып колдонуу кажет. Жашылчаны туурап, туздап, ширеси чыкканда жууп салса болот. Же туздуу сууга
(1 литрге 1 аш кашык туз) 20 мүнөт сала туруп ачуусун чыгарса болот.
• Баклажан ысыкты да, муздакты да жактырбайт. +10 градус жылуулукта полиэтилен баштыгында сактоо шарт. Эч жерине бычак тийбеген, жуулбаган баклажан бир аптадан ашык сакталат.
•Баклажандан жасалган тамак-ашты ошол күнү жеш керек. Кышкыга жасалган салаттарды да абайлап колдонуу кажет, ачылган соң көпкө тургузууга болбойт. Булардын бузулуп кетишине баклажандын курамындагы соланин затынын көбөйүп кетиши таасир этет.
Асел Ишенбай кызы