Кой
(21.03–20.04)
Башында кызыктуу баарлашуу катары башталган мамиле аягында ой-максаттын биригиши менен бүтөт. Бул аптада коммерциялык байланыштарга жана жеке мамилелерге убакыт бөлүү оң жыйынтыгын берет. Таасирдүү адамдардын жардамы менен ири киреше алып келе турган бизнес сунуштар түшөт. Күчтүү жана амбициялуу каалоолоруңуз орундалат. Оптимист болуңуз, эмоцияга биш ийбөө, башкалардын сөзүнө ишенбөө керек.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Коммерциялык операцияларды, сатып алууларды жасоого ыңгайлуу учур. Активдүү, чечкиндүү болосуз. Дем алыш күндөрү үй-бүлөдө чыр-чатактар жаралышы мүмкүн. Сабырдуу болуңуз, ызы-чууга алдырбаңыз. Жагымсыз кырдаалдардан позитивдүү маанайда чыгып кетүүнү үйрөнүү керек. Айымдардын убактылуу болсо да материалдык байлыкты ойлонбой турушканы жакшы. Мүмкүн болушунча убактыңызды үй-бүлөңүзгө арноого аракет кылыңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бардык тараптан өзүңүздү мыкты сезесиз, бизнес боюнча сүйлөшүүлөр да ийгиликтүү аяктайт. Харизмаңыз, сүйкүмдүүлүгүңүз көп адамдардын жүрөгүн багынтууга жардам берет. Күмөндүү иштерге аралашпаңыз, бул ийгиликтүү иштериңизге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Чет элдиктер менен көп баарлашсаңыз, сиз издеген маалыматты аласыз. Апта аягында жакындарыңыз тууралуу жагымсыз кабар угасыз, күтүүсүз чыгымдарга дуушар болосуз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бизнесте өзүңүз каалаган натыйжага жетесиз. Чыгармачыл кесиптин ээлерине эргүү келип, баштаган иштеринде жаңы ийгиликтерди багынтышат. Бөйөндөрдүн жеке жашоосунда күтүүсүз окуялар көп болот. Эгерде сизди “туура чечим жасадымбы же туура эмеспи” деген ой түйшөлтүп турса, алдыга ишенимдүү кадам таштай бериңиз. Башкысы, сиз бир орунда туруп калган жоксуз, дайыма кыймылдасыз, изденүүдөсүз. Жашооңузга көбүрөөк оптимизм керек, кейип-кепчүүгө орун бербеңиз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Өмүрлүк жар болууга ылайыктуу адамга жолугасыз. Каржы тармагында кризистик кырдаал күтөт, муну убактылуу көрүнүш деп кабыл алыңыз. Тобокелдикке баруудан коркпоңуз, сизде учурда көп мүмкүнчүлүктөр бар, корксоңуз аларды колдоно албай калышыңыз мүмкүн. “Акылдуу адам өзү кетирген катадан сабак алат, акылман адам бирөөнүн кетирген катасынан сабак алат” деген принцип сизге абдан керек болуп калышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Көптөн бери оору менен алышып жүргөндөр айыгып кетишет. Сүйүктүүңүздүн артынан карьералык тепкичтен көтөрүлүшүңүз мүмкүн. Бул аптада лексиконуңуздан “каалабайм” деген сөздү чийип салып, “колумдан келет” деген маанайда аракет кылсаңыз көп иштерди жасайсыз. Башкысы – жалкоо болбошуңуз керек. Ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана макулдашууларга жетишүү үчүн эң ыңгайлуу учур.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Артка кайтпаган катаал мүнөзүңүз менен көп адамдарды өзүңүздөн алыстатып алышыңыз мүмкүн. Жумушта талапты күчөтсөңүз, бул пикир келишпестиктерге алып келет. Ашыкча кызганчаактыкка жол бересиз, жубайыңыздын башкага жылмайып койгонун да “чыккынчылык” деп баалайсыз. Аптадагы миссияңыз – эмоционалдык абалыңызды калыпка келтирүү. Ансыз ишиңиз ары да, бери да жылбай тура берет. Айымдар физикалык жактан активдүү болушу керек.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Стратегиялык мааниге ээ жылдык план түзүңүз. Азыркы учурда өзүңүздү абдан бактылуу сезип жатсаңыз, өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрдү ашыкча баалап, адашууга жол бербеңиз. Автомектепте окуп, киреше тапчу булакка ээ болосуз. Адамдарды магниттей тартуу өзгөчөлүгүңүздүн артынан сиз каалаган, кол жеткис адамдарды да азгыра аласыз. Бир ишке киришерден мурун, жакшы жана жаман жактарын таразалап, бардык мүмкүн болгон варианттарды карап чыгуу керек.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Кечеге, ар кандай бет ачарларга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз, анткени ушул иш-чараларда сизге көптөгөн кызыктуу сунуштар түшөт, пайдалуу адамдар менен таанышасыз. Айымдар үчүн кесиптик чөйрөдө ийгилик күтөт. Сизге жардам бере турган логикалык ой жүгүртүүнү, акыл-эсти, ошондой эле алтынчы туюмду иштетиңиз. Бойдоктор өздөрүнүн талаптарын бир сыйра карап чыгышы зарыл, балким, сиз издеген “идеалдуу” адам бул дүйнөдө такыр эле жок болушу мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Башкаларды бир нерсеге ынандырууга аракет кылуунун кереги жок. Аракетиңиз каалаган натыйжа алып келбейт, сөздү иш менен далилдеш керек. Кээде бир аз креативдүүлүк жана амалкөйлүк көп нерсеге жеткириши мүмкүн. Сиз адаттан тыш окуяны, жаңы тажрыйбаны баштан өткөргүңүз келет. Бирок укмуштуу окуяларга шашылбаңыз, аны издебеңиз, бул сиздин жашооңузга терс таасирин тийгизет. Айланаңыздагы адамдар менен болгон мамилеңизди чыңдаңыз.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Олуттуу киреше алып келе турган иш сунушталат. Айымдар өмүрлүк жолдошунан же сүйүктүүсүнөн күтүүсүз белек алышат. Көп иштерде жолуңуз болот, сүйүүгө байланыштуу көйгөйлөрүңүз чечилип, үй-бүлөдө жагымдуу маанай пайда болушу мүмкүн. Демилге сиздин колуңузда. Жумушта кызматташуу, атаандаштыкка байланыштуу нерселер өзгөчө актуалдуу болот. Стресске туруштук берүү үчүн сизге көбүрөөк эс алып, уктаганга аракет кылууну сунушташат.
Балык
(20.02–20.03)
Ишмердүүлүгүңүздү кеңейтүүгө буга чейин топтогон тажрыйбаңыз жардамга келет. Жаңы бизнес-долбоорлорду ишке ашырып көрүңүз, сөзсүз ийгиликке жетесиз. Жаңы билимге, жаңы таанышууларга ээ болосуз. Үй-бүлөңүзгө көңүл буруп, муктаждыктарды чечүү менен алек болгонуңуз жакшы. Жеке жашооңуз романтикага бай болот. Сиз тандоо жасаган адамды жакындарыңыз да жактырып, эртерээк үйлөнүүгө же баш кошууга шаштырышы мүмкүн.