– Саламатсызбы, Айчүрөк эже? Адегенде ден соолугуңузду, анан жаңылыктарыңызды сурайын...
– Саламатчылык, рахмат, Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. Жаңылыктар мол, сүйүндүргөнү – кызым Аэлита Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болду. Дарыгерлик кесипти тандап, өз күчү менен окуу жайга өттү. Абдан сүйүнүп турган учурубуз.
– Жакшы. Кызыңызды ырчылык жол менен кетет деп ойлогон элем...
– Ооба, көп жыл музыкалык билим алды. Аэлита ырчылыкты таштабайт, чогуу ала жүрөт деп ишенем. Бул эки кесип кызымдын эки канатындай болот, буюрса. Уулум Арлен да чоң долбоор менен Москвага барып-келип иштеп жүрөт. А мен азыр балдарымдын ийгилигине кубанып отурган убагым.
– Байкашымча, акыркы эки жыл сиздин жашоого көз карашыңызды өзгөрткөндөй...
– Акыркы эки жыл мен үчүн чоң сыноо болду. Уулум Аргендин дүйнөдөн кайтканы үй-бүлөбүз үчүн чоң сокку. Мындай жагдайда жашоого карата оюң өзгөрүлүп, баалуулуктар алмашат экен. Өмүр, өлүм тууралуу ойлонот экенсиң. Көп киши “Айчүрөк, сенин абалыңды түшүнөм” деши мүмкүн. Бирок уулун жоготуу башынан өтпөгөн адамдар сай сөөгүм сыздап, карайлап турган абалымды түшүнбөйт. Ылайым эч ким түшүнбөй эле койсун, анткени эч кимге мындай сыноо бербесин. Эки жыл өттү, бирок жараатым айыга элек. Айыкпайт дагы, бул мени менен кошо кетчү кайгы.
– Өзүңүз айткандай, мындай окуяда эненин кайгысын өлчөө мүмкүн эмес болуш керек. Оор сыноодон өтүүдө сизди эмне алаксытты жана алдыга жетеледи?
– Эч бир ата-эне баласын жерге бербеши керек. Бул туура эмес (ыйлап). Балдар ата-энесине арнап куран окуп, дуба кылышы керек. Аргенимдин көзү өткөндөн кийин ыйлабаган күнүм болбоду, бирок балдарымдын сөзү мени чыйралтты. Арлендин “апа, мен деле сенин балаңмын го, бизди ойлосоң, биз үчүн жашасаң” деген сөзү мага кайрат берди. Кыйын болсо да ордумдан туруп башты көтөрүшүм керек болду. Арлен менен Аэлитаны ар тараптан колдоп турбасам, алар да
ого бетер кайгыга батып, чөгүп кетишмек. Ал эми Аргеним өмүр бою жүрөгүмдө сакталып калат. Жылмайганы, ырдаганы, жүзү, келбети ар дайым көз алдымда. Эне үчүн ар бир баланын өзүнчө орду бар, ар бири өзүнчө бир энциклопедия да. Баланын ар бир курагы том-томго бөлүнүп, берилүү менен окуй турган бир кызыктуу китеп сыяктуу. Аргеним тун балам эле да, мага аябай жакын эле. Абдан жакшы ырдачу. Студияга кирип бир жолу ырдап чыгып кетчү, кайра-кайра кайталап ырдап жүдөтчү эмес. Абсолюттук жөндөм ошол баламда бар эле. Элдин эсинде кичине кезинде ырдаганы боюнча сакталып калды.
– Демек, балдарыңыз дем-күч бериптир да...
– Ооба. Анан Кудайга шүгүр, уучум куру эмес экен, элимдин колдоосу болду. Жакшы адамдар бар үчүн дүйнө сакталып турат демекчимин. Ошондой оор күндөрдө жүгүрүп келип кайгыңды тең бөлүшкөн инсандар бар үчүн дүйнөдө баш аламандык болуп кетпей, баары өз ирети менен кетип жатат го. Ким колдоду? Мени жөнөкөй, карапайым эл колдоду. Өзүм тааныбаган, билбеген эле адамдар жардамга чуркап келишти. Канчалаган адамдар интернетте социалдык тармактардан жазышты, кайгымды тең бөлүшүштү. Мен ыраазымын элиме.
- Келиңиз эми, сөздүн нугун башка жакка буралы. Жакында социалдык желедеги баракчаңызга жаш кезиңиз тартылган бир видеону бөлүштүңүз. Жаркылдаган шайдоот курагыңыз экен. Жаштыкты эстегенде эмнелер биринчи элестейт сизге?
– Жаш кезин сагынып, жылмайып эстебеген бир да адам болбосо керек. Жаштык доордун өзү керемет эмеспи. Жаштыгымды, балалыгымды көп эстейм, чынында. 13 жашымда мени таятам борбор шаарга алып келип Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырткан. Айылдык, ишенчээк, таптаза, сүттөй ак кыз элем. Табиятымдан уялчаак, коркок кыз болчумун да. Болбогон эле нерселерден чочулап, корко берчү экенмин, азыр эстесем. Бирок ошол боюнча эле калбайсың. Жашоо ийлейт, тарбиялайт, өз мыйзамдарына көндүрөт турбайбы. Жашоодо татаал, бирок кызыктуу жолду басып өттүм.
Сахнага чыгуу, атымды элге таанытуу чоң күчтү, өжөрлүктү, эмгекти талап кылды. Мен азыркы учурда алып жаткан наамдар, элимдин сүйүүсү, колдоосу оңой эле келип калган жок. Көшөгө артында канчалаган эмгектер, көз жаштар, сабыр кылуулар калганын бир гана мен билем. Кыргызстандын эле алкагындагы, той-топурда гана ырдап жүргөн ырчы болгон жокмун. Учурунда чет өлкөдө өткөн фестивалдарда мамлекетибиздин желегин желбиреттим. Далай сынактарда дипломант, лауреат болдум. Көп учурда алдынкы орундардан түшкөн жокмун. Бул эми мактаныч эмес, ошол мезгилдин реалдуулугу. Той ырчысы болуу ал кезде уят иш эле. Жасаган эмгектериң элдин эсинде калат экен, ошондой сынактарда тааныш күттүм. Азыр эл аралык фестивалдардын калыстар тобуна Кыргызстандын атынан чакырып келишет. Бул менин Кыргыз эстрадасына кошкон тамчыдай болсо да салымым деп ойлойм.
– Жашооңузда “ушуну жасабай калдым” деген өкүнүч жокпу?
– Өкүнгөн менен эмне пайда? “Болору болду, боёгу канды” дегендей, эми эч нерсени өзгөртө албайт экенбиз. Алдыга гана умтулуш керек деп ойлойм. “Жашоону жаркырата жашаш керек” деп төкмө акыныбыз Элмирбек Иманалиев айтып кеткендей, жакшы жашаш керек. Балдарым үчүн ден соолугумду карашым керек, өзүмдү аяшым кажет. Кайгы деген жеп коёт тура, ден соолук бир топ эле кетип калды.
– Сиздин бакыт же жашоодо утуп алган эң чоң лотереяңыз эмне?
– Утуп алган эң чоң лотереям – балдарым. Энеге балдардан өткөн чоң белек болбойт болуш керек. Бардык энелерге балдары менен бактылуу өмүр сүрүшүн каалайм. Андан кийинки бактылуу лотереям – бул жашоого келип калышым, өмүрүм, элиме аз да болсо кызмат кылганым.
– Маекти жыйынтыктоочу сөзүңүз...
– Элиме бакубат жашоо каалайм. Дүйнөлүк картада кичинекей болуп турганы менен, мекеним мен үчүн ааламдан кенен. Кыргызстаныбыз өнүгүп, жапжашыл өлкө болуп, дүйнөгө аты чыгат деген ишенимим чоң. Андан кийинки эле тилегим – эч качан энелердин көз жашы төгүлбөсүн. Эне бактылуу, демек, өлкө бактылуу. Жан дүйнөлөр жаркып, ар бир үйдө бактылуу күлкүлөр жаңырып турсун!
– Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева