Редакциябызга Талас облусунун Динара Шамбетова аттуу тургуну кайрылып, үнүн коомчулукка жеткирип берүүнү суранды. Мындан 8 ай мурун баласы киши колдуу каза болгонун, бирок тергөөчүлөр “ишти ордунан жылдырбай коюшканын” билдирип, “балаңар ат сүйрөп кетип каза болуптур, киши колдуу болгон эмес деп тергөөнү токтотуп коюшту” дейт ал. Окуянын чоо-жайын макалада баяндап беребиз.
«Таза, тыкан, зыңкыйган балам бар эле»
– Биз Талас районундагы Айтматов (ред.: мурунку Кара-Буура) районунун Бекмолдо айылынан болобуз. Жолдошум мындан 14 жыл мурун каза болуп калган. 4 баламды жалгыз бой эч нерседен кем кылбай бактым, өстүрдүм. Балдарым чоңойсо жакшы күн көрөм, мени ушулар багышат деп тилек кылчумун, минтип канкорлор баламды өлтүрүп колума салып беришти. Улуу балам Шумкарбек тирүү болсо быйыл 34 жашка чыкмак. Айрымдардай болуп эки баламды тең аскерге жибербей койгон жокмун, бекем тартипти үйрөнүшөт, таза, тыкан болушат деп экөөсүн тең аскерге жөнөткөм. Шумкарбегим аскерден тазалыкты, тыкандыкты үйрөнүп келди. Үйгө конок келсе “апа, сиз отура бериңиз, мен өзүм жасайм” деп дасторкон жайып, тамак жасап баарын өзү тейлеп койчу. Бөлмөсүн кыз баладай таза кармачу. Үйлөнүп, жубайы менен каза болордон 2-3 ай мурун ажырашып кеткен эле. 7 жыл бирге жашашты, бирок балалуу болушкан жок. Келиним жакшы болчу, апалап айланып-кагылып, эркелеп, келиндик кызматын кылып эле жүрчү. Бирок тагдыр да, Кудай бала бербесе үй-бүлөнүн даамы жок болот экен. Экөө урушуп-талашпай эле эки айрым жолго түшүшкөн. Балам каза болорго чейин 7 ай Бишкектин Ак-Өргөө конушунда аны менен чогуу батирде жашадым. Үйлөрдү пайдубалынан баштап чатырына чейин куруп иштеген компанияда иштеп жүргөн.
«Таласта жүргөнүмдө суук кабар угузушту»
– 2023-жылдын 10-ноябрында кичүү баламдын уулуна небере той өткөрөм деп Таласка келдим. Шумкарбегим 11-ноябрь Таласка тойго катышып, көңүлдүү отуруп эле кайра кеткен. Андан кийин 15-ноябрда байланышып “апа, бүгүн таежемдикине келдим, сиз алган эттин акчасын төлөп койдум” деп айтты. Ошондо акыркы жолу үнүн угуптурмун. 21-ноябрда абысынымдын үйүндө отурсам милиция кызматкерлери чалып, баламдын каза болгонун кабарлашты. Ошондо эс-учумду жоготконумду билем. Андан ары кандай окуялар болгонун эстей албай турам. Туугандар Бишкекке барып баламдын сөөгүн алып келишти, жерге берип куран окутуп бир жумадан кийин баламдын өлүмүн териштире баштадык.
«Ат сүйрөп кетип көз жумган дешти»
– 21-ноябрь күнү Бишкектин четиндеги Жал айылындагы атканада баламды буту, денеси арканга оролгон абалда аттын туягына байланып жаткан жеринен ошол жерде ат баккан жаш бала көрүп калган. Ал бала күндө саат 11ден 3кө чейин аттарын суутчу экен. Бир атты бутунан аркандап, калган аттарын суутканы алып кетет. Саат 3төрдө кайтып келсе эле балам аркан жипке оролуп, аттын туягына байланып жатыптыр. Жаш бала да, коркуп, үйүнө чуркап барып баламдын колтугуна байланган жипти кесип жибериптир. Тирүү алып калам деген го. Бирок ал убакта балам көз жумган экен. Андан кийин милиция чакырып ызы-чуу болуп, баламды өлүкканага алып кетишиптир. Мен баламдын сөөгүн жерге берип, өлүгү табылган Жал айылына да бардым. Окуя болгон жерде атка сүйрөлчү жер жок экен. Сөөгүн жууганда көрдүк да бети-башы көк-ала, тырыктар, башы шишип чарадай болуп чоңоюп кеткен, туугандар "сабалып эле каза болгон бул бала" дешти. Балам арканга моюнунан эмес, колтугунан байланган абалда табылып жатат, ат сүйрөгөндө жок дегенде тирүү калганга колу менен жипти тартып аракет кылмак да. Колунда жиптин издери жок, таптаза турат. Милиция кызматкерлери "ат сүйрөп кеткенде бети-башы эгин талаасында малинага тытылып калган" деп жатышат. Ноябрь – кеч күз, түшүм жыйналып бүтүп, малиналар кыркылып калган кези болчу. Кайсы тикенегине тытылмак эле? Биз барып көрдүк, тытып кетчү малина жок экен ал жерде. Ат баккан баланы суракка алышыптыр, бирок бизди ага бир да жолу бетме-бет жолуктурган жок. Киши колдуу болду деген версияны жакын жолотушпады, “ат уурдаганы кирип туура эмес минген, кызуу болсо, ат жиби менен кошо сүйрөп кетсе керек” деп божомолдоп жатышат. Медициналык экспертиза “аба жетпей, муунтулуп каза болгон” деп жыйынтык чыгарды, бирок мен ага ишенбейм. Балам көк бөрү ойногон, ат менен шамалдай жарышкан ат жандуу жигит эле, кантип эле бир атты ооздуктай албасын? Бул жөн гана шылтоо, тергөөчүлөр дыкат тергеп баш ооруткусу келген жок. Кол телефону да жоголуп, табылбай кетти. Жок дегенде телефонун текшерсе акыркы жолу ким менен сүйлөшүп, жазышканы билинет эле.
«Балам бирөөдөн качып жүргөндөй сезилчү»
– Акыркы күндөрү Шумкарбек бирөөдөн качып жүргөндөй эле сезилчү. Инисине бир жолу “бирөөлөр аябай өчөшүп калды, милиция менен иштешет окшойт” деген экен. Кичүү балам "агам чоң ишкер же акчасы көп бай болбосо ким артынан түшмөк эле?" деп олуттуу маани бербей коюптур. Мен баламды Бишкектен бирөөлөр атайын өлтүрүп, Жал айылына алып барып “ат сүйрөп кетти” деп ойлосун деген версияга жакындатышкан. Себеби Жал айылында биздин дос-таанышыбыз, эч кимибиз жок, ал жакка балам эмнеге бармак эле?
Буларбү Шамбетова, маркумдун таежеси: «Биздикине келгенде бети көк-ала болчу»
– 15-ноябрь күнү Шумкарбек биздин үйгө келген. Бети көк-ала болчу, “эмне болду, кокуй?” десем, “жөн эле, өзүбүзчө чечишчү маселе, таеже” деп койгон. Сууга чайканам деп эшикке чыгып кеткен, артынан барып карасам далысына катуу нерсе менен урулуптур, көпкөк тактар турган. Ал күнү жатып калып, эртеси эртең менен туруп эле кетип калды. Бизге милициядан 21-ноябрь күнү кечинде чалышып, “сөөктү таанып бергиле” деп чакырышты. Шалта айылы Жал айылына жакын эле да, кечинде барып чет-жаканы караганга деле жетишкен жокпуз. Апасы бир жумадан кийин келди. Медэкспертизанын жыйынтыгын 3 ай дегенде чыгарышты. 8 ай апасын Талас-Бишкек жолунда каттатып, күттүрүп, ар кайсы шылтоону айтып, эми минтип тергөөнү токтотуп коюшту. Бул туура эмес. Биз керектүү жерлерге, президентке кайрылып болсо да акыйкатка жетебиз. Бирөөнүн чырактай баласы өлүп жатат, адам өлүмү оюнчукпу, ишти жөн эле жаап коё бергидей?!
Аталган окуянын тергөө ишинин жүрүшү боюнча сурап Сокулук РИИБине байланышканыбызда “учурда тергөө иши жүрүп жатат, ортодо жетиштүү далилдер аз болгонуна байланыштуу иш токтоп кайра жанданды, азыркы тапта кошумча экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралууда” деген жооп алдык.
Лунара Бекиева