(Башы өткөн сандарда)
Жаркын менен Султан унчукпай отуруп калышты. Султан Канат тууралуу сурайын деп, бирок “балким, мен ойлогондой болбосочу” деп коркуп жатты. Жаркын болсо “Канатты сурабаса экен” деп жатты.
– Сенин турмушка чыкканыңды укканда ыза болдум. Сезимдеримди тебелеп кеткендей сездим. Өзүңө бир жолуксам болмок экен...– деди бир маалда Султан.
– Отуруп калганга аргасыз болдум. Атам менен апам “отуруп калбасаң болбойт” дешти.
– Жаркын, сен мени эмнеге күттүң? Маанилүү бир нерсе бар беле? Ачык айт баарын. Канат үчүнбү? Аны көргөндөн бери каза болгон уулума окшоштуруп тынчым кетсе, анын апасы сен экениңди билгенде такыр эле жаным жай таппай калды. Жашоодо мынчалык дал келүү мүмкүн эмес. Канат менин уулум болсо айт!
Султан калтырап кетти. Жаркын жаштуу көздөрү менен ага тигилди. Башын ийкеди.
– Канат сенин уулуң! Боюмда бар экенин билгенде дароо сени издеп борборго жөнөмөй болдум. Акыркы экзаменди тапшырып коюп жөнөйүн деп турганда ала качып кетти Жусуп. Аргасыз элем.
– Канат?! Канат менин уулумбу?
Кайсы бир жылдары ашууда жол кырсыгына кабылып калганы бар Султандын. Ошондо аман калганына сүйүнүп карды муштагылап ыйлаган эле. Сүйүнүчү ушунчалык болчу. Азыр эмнегедир ошол учурду эстеп кетти. Көкүрөгү жарылып кетчүдөй болгон кубанычты андан кийин тата элек эле. Дал ошондогудай Кудайдын берип койгон белегине ишенип-ишене албай апкаарыды. Ыйлап жатты. Адамдын кубанычтан аккан көз жашына тете эмне бар?
– Канатты көргөндөн тартып жүрөгүмдө бир жылуулук пайда болду. Өлгөн уулум кайра тирилип келип маңдайымда тургандай сезилди. Түшүнүксүз бир жакындыкты сездим. Көрсө, жүрөгүм тааныган тура.
– Мен сага муну айтпашым керек эле. Мени менен кете турган сыр болчу. Бирок сенин акыңды аркы дүйнөгө ала кетким келбеди. Канат сенин уулуң! Бирок сен анча сүйүнбө! Анткени бул сыр экөөбүздүн ортобузда гана калышы керек.
– Кандайча?
– Канат менен Жанаттын алдында ушунчалык чоң күнөөм бар. Андан тышкары Канат “атам” деп келген, чын эле атасындай сыйлаган адам бар. Жусуп бар. Канат эч нерседен бейкапар. Атүгүл шектенип да койбойт. Мен сенден суранам, ушул боюнча калсын баары. Уулдарым менин айымдан тагдырдан көп сокку жеп калышты. Эми жолдорун таап келе жатат. Эми менин кезегим, сенден жалбарып суранам. Канат атасы сен экениңди билбесин! Эч качан билбесин. Мага сөз бер.
– Жок!
– Султан, мага сөз бер.
– Мен бир уулумдан өлүп айрылдым, Жаркын. Экинчи уулумдан кантип алыс тура алам? Эмнеге чындыктан коркосуң? Ал баары бир бир күн айкын болот. Канат эстүү жигит, баарын түшүнөт.
– Сен түшүнбөй жатасың. Канат көп азап чекти. Көп нерсени көтөрдү. Эми гана жашоосу бир нукка түшүп келе жатат. Үйлөнсүн, сөйкө салган кызы бар. Балалуу болсун, ата деген кандай болорун сезсин. Бактылуу болуп, өз уясын кургандан кийин бул чындыкты билүү ага бир аз жеңил болор. Азыр ачышып турган жарасын сыйрып, кайра туз сепкендей болот. Ишенбей калат. Уулум дагы да сынбасын.
– Канат менин уулум... Менин уулум.
Султан бул сөздөрдү кайра-кайра кайталай берди. Жаркын ордунан туруп эшикке бет алды.
ххх
Шоола көзүн ачты. Операция ийгиликтүү болуп көңүлү шат. Жашоого кумары артып, кайрадан төрөлгөндөй абалда эле. Жанат да балапанын коруган тооктой жанынан чыкпайт.
– Буюрса, наристебиз аман-эсен төрөлсө баарын башынан баштайбыз. Мен чындап сага татыктуу күйөө болом.
– Шашпачы, алгач жакшы бололу,- деген Шоола жолдошуна ыраазы боло карады. Анын колдорун кармап, көздөрүнө биринчи жолу мээрим менен тиктеди.
– Жанат, биздин жолубуз оңой болгон жок. Ушул жерге чейин тикендүү, таштак жол менен келдик. Мен өлүп калышым мүмкүн эле, Кудай мага дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Өмүрдүн баркын билдим. Эми баары артта калды. Мындан аркы жашоомду төрөлө турган наристебиз менен, сени менен бактылуу жашагым келет. Экөөбүздүн тең бактылуу болууга акыбыз бар. Бул үчүн колумдан эмне келсе ошону кылам. Сенин көңүлүңдө кичине болсо да шек калбасын. Өтмүш өттү, ал эми келечек биздин колубузда. Ооба, ушинтип айтып койсок эле баары жай-жайына келип унутулуп калбайт. Балким, бул нерсе бир өмүр биз менен жашайт. Бирок аракет кылалы. Мен сени менен бактылуу болгонго аракет кылам.
– Шоола, бактым менин!
ххх
– Мен биринчи жолу чындап бактылуу болдум, апа,- деди Канат ойлуу гана. – Шооланын операциясы жакшы өттү, наристеси да жакшы. Жанат бактылуу. Жанат үчүн, Шоола үчүн мен да бактылуумун. Көптөн бери желкемде жүргөн оор жүктөн кутулгандай абалдамын. Эмнегедир бир күнөөлүү сезим көкүрөгүмдө тура берчү. Ошол нерседен арылдым. Эми чындап өз жашоом менен жашоо мезгили келди. Алия менен сүйлөшөм, тойду жакындаталы деп ойлоп жатам. Силер кандай дейсиңер, апа?
– Албетте, мен дагы ушул учурду күтүп жүргөм. Тойго баары даяр. Сенин көңүлүң жайында болсо меники да жайында болот, балам. Сенин тоюңду күтүп жашап жүрбөйбүзбү биз.
– Атам да жакшы болуп бара жатат, буюрса. Эми чындап бир чоң үй-бүлө болдук. Жашообуздагы сыноолордун баары артта калды. Эми бактылуу болууга татыктуубуз.
ххх
Султан жерге-сууга батпай жатты. Канатты көргүсү келет, сүйлөшүп отурсам дейт. Өзүнө окшош жактарын таап, аталык кусадан арылгысы келет. Чыдай албай калганда чындап эле бир күнү үйүнө чакырды. Канат да дароо келе турганын айтты.
– Даректи билесиңби?
– Сизди издеп жүргөндө үйүңүздү таап алгам, билем,- деди Канат шайдоот. Аны Султан баягы кароолчу абышка экөө тосуп алды.
– Аа, сен белең,- деди аны абышка көрүп эле. – Султанды табасың деп ишенгем. Өжөр жигит экениңди билгем,- деп койду кубана. Ата-бала абышка даярдап койгон даамдан сызып, баарлашып отурушту.
– Сизге рахмат! Жанат экөөбүз тең сизге ыраазычылык айтып бир келели деп жатканбыз. Өзүңүз чакырып калдыңыз. Сизге кандай рахмат айтсак да жарашат.
– Ал тууралуу сөз кылбай эле коёлучу,- деди ыңгайсыз болгон Султан. – Мен болгону колумдан келгенин кылдым. Андан көрө сен тууралуу билгим келет. Балалыгың кандай болду? Атаң, апаң кандай адамдар? Кандай тарбия беришти?
– Эмнеге ага кызыгып калдыңыз?- деди таң калган Канат.
– Билбейм, атаңа, апаңа кызыктым.
– Балалыгым бардык эле балдардыкындай өттү. Атам... Атам милиция кызматкери, апам үй кожойкеси. Биз Жанат экөөбүз атабыздын катуу тарбиясында чоңойдук. Тентектик кылганыбызда таяк жеп, жазаланып дегендей... Кыргыздын ар бир үй-бүлөсүндө кездешкен маселе бизде да бар эле.
– Демек, бактылуу балалык өткөрдүңөр?
– Айта албайм,- деди Канат ойлуу. – Апасы бактысыз болгон кайсы бала бактылуу болсун? Баары бар эле биздин үйдө. Бирок бакыт жок эле. Бакыттан башка эч нерсеге муктаж болбодук. Кичинемден спорт менен машыктым, спорт зал менин экинчи үйүм болуп калды. Ошол жактан гана апамдын бактысыздыгын, көз жашын, кыйналганын унутчумун. Чыныгы бакыт мен үчүн ал жылдары спорт зал эле. Анан Шоола пайда болду жашоомдо. Спортзал, Шоола – мени атамдын катуулугунан куткарган ушулар эле. Кийин Шоола кетти.
Канат эмнеге экени белгисиз, ушул адамдын алдында жан дүйнөсүн ачып жатты. Эч кимге айта албаган, айтпаган сырларын ачкысы келди...
(Уландысы кийинки санда)