ЭГЕМЕНДИК МАЙРАМЫНА ОРУСИЯЛЫК ЫРЧЫЛАРДЫН ЧАКЫРЫЛЫШЫ СЫН ЖАРАТТЫ "АЛА-ТОО" АЯНТЫ ЖАҢЫЧА ЖАСАЛДЫ
Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алган күнүнүн 33 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүдө. Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянты жасалгаланып, ал жерге жакында Маданият министрлиги 350 миллион сомго сатып алган атайын жабдыктар (LED экрандар, жарык бергичтер, үн күчөткүчтөр жана башка) орнотулду. Аталган жабдыктарды министрлик атайын ушундай масштабдуу иш-чаралар үчүн сатып алганын билдирди. Буга чейин андай аппаратуралар жеке фирмалардан 2 миллион долларга ижарага алынып жүргөнүн айтышты министрликтин өкүлдөрү.
Эркиндик даңкталып ырдала турган күн...
31-августта "Ала-Тоо" аянтында өтүүчү концертке кыргыз ырчыларынан тышкары Орусиядан Филипп Киркоров, Стас Михайлов жана Люся Чеботина чакырылган. Бул маалымат интернеттин кыргыз тилдүү сегментинде нааразы пикирлерди жаратууда. Айрыкча "Киркоровдун жүрүм-туруму кыргыз коомуна жат" деген пикирлер арбын. Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр социалдык желедеги баракчасына “Крик души, ойлоном, Киркоровчо болбогон...” деп жазды. “Орусиядан эгемендик алган күндү орусиялык ырчыларсыз белгилей албайбызбы?” деп суроо салгандар да көп. "Эгемендик майрамында "Ала-Тоо" аянтында Кыргыздын өзүнүн таланттары өнөр тартуулашып, эркиндикти, эл-жерди даңктаган, мекенчилдик сезимди күчөткөн ырлар жаңырса туура болот эле" дегендер аз эмес. Президенттик администрациядан “артисттерге эч кандай гонорар төлөнбөйт, алар Кара кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктаганы келишет. Мамлекет аларды жатакана жана тамак-аш менен гана камсыз кылат” деп билдиришти. "Ала-Тоо" аянтында өтүүчү концертке европалык ырчылар Bosson жана IN-GRID да катышарын айта кетели.
Жаңы Ак үй да майрамга туштап ачылат
Эгемендик майрамын утурлай Бишкекте “Ынтымак – Манас Ордо” деп аталган жаңы Ак үйдүн ачылышы болот. 2023-жылы жазында курулуп баштаган имарат колдонууга даяр экени жакында маалымдалган. Ал жерде жалаң күчтүүлөр, мыктылар жана мамлекеттик кызматкерлердин эталону иштеши керек экенин өткөн аптада президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров айтты.
39 ишканага старт берилет
31-августта өлкөдө 39 өнөр жай ишканасы ачылары күтүлүүдө. Министрлер кабинетинин билдиришинче, Кара кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата Кыргызстанда жалпы 100дөн ашык ишкана ачылат.
Жалган маалымат тараткан ЖМКларга айып салуу сунушталды
Кыргызстанда ЖМКларда, сайттарда жана алардын социалдык желедеги баракчаларында жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу сунушталды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлду.
Министрлик мыйзам долбоорунун максаты – коомдук кызыкчылыкты, жарандардын укугун жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо экенин билдирет. Мыйзам долбооруна ылайык, жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Айыпты атайын ыйгарым укуктуу орган салмакчы.
Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса ишеничтүү маалымат таратууга жана интернет контентти колдонууда сынчыл ой жүгүртүү зарылдыгы боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатат дешет.
Аталган министрлик жакында ЖМКларда жана интернетте бирөөгө жалаа жапкандарга жана аны мазактагандарга айып пул салуу демилгесин да көтөрүп, мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Анда да жалаа жапкан жеке тараптарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу сунушталган эле.
Кыргыз учактары Евросоюздун “кара тизмесинен” чыгарылышы мүмкүн
“Манас” аэропорту эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) аудитинен өтүүдө. Аэропорттун маалымат кызматы билдиргендей, бул аудиттин ийгиликтүү жыйынтыгы өлкөдөгү авиациялык кызматтардын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, Кыргыз авиация тармагынын эл аралык аброюн көтөрүүгө, аба транспортун өнүктүрүүгө шарт түзмөкчү. Ошондой эле Кыргызстандын авиакомпанияларынын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгарышы мүмкүн. ICAO аудити эл аралык авиациялык коопсуздук стандарттарынын жана сунуштарынын сакталышын жана инфраструктураны комплекстүү текшерүүнү өзүнө камтыйт. Айта кетсек, Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде” турат. Ошондон улам өлкөбүздүн учактарынын Европага учушуна уруксат берилбей келе жатат.
Теманы улантсак, быйыл 27-сентябрдан тарта өлкө ичиндеги жаңыланган аэропортторго учактар каттай баштайт. Тагыраагы, Талас, Кербен жана Казарман аэропортторуна каттамдар ишке ашырылат. “Манастан” билдиришкендей, билет баалары 2100 сомдон башталат. Бишкек-Баткен каттамы 3300 сом, Бишкек-Жалал-Абад каттамы 3100 сом, Бишкек-Кербен каттамы 3100 сом, Бишкек-Казарман каттамы 3100 сом, Бишкек-Ош каттамы 3300 сом, Бишкек-Раззаков каттамы 3300 сом, Бишкек-Талас каттамы 2100 сомду түзөт.