Малдын ич эттери: пайдасы жана зыяны

Малдын ич эти – союлган малдын ооз, көкүрөк жана курсак көңдөйүндөгү ички органдары. Демек, тил, боор, жүрөк, бөйрөк, өпкө, карын, ичеги. Ич эттер көчмөн элдин турмушунда илгертен кеңири колдонулуп келген, азыр да ашканада такай колдонулат. Бирок ич эттердин пайдасы менен кошо зыянын да биле жүрүү керек дешет адистер. 

БООР

Ич эттердин ичинен ашканада эң көп колдонулганы. Боордон паштет, быжы, гуляш жана башкалар жасалат.

Курамы: Курамында белок, май, ферменттер, B1, B9, B12, E, D, С, A витаминдери, амин кычкылдары, микро жана макроэлементтер: темир, калий, кальций, магний, фосфор, натрий, жез жана башкалар бар. Аталган заттар айрыкча уйдун боорунда көп өлчөмдө кездешет.

Пайдасы:

• Организмге жеңил сиңет

• Анемиядан, тери ооруларынан кутулууга жардамчы

• Эрте алжып калуунун, кан тамырларда май түйдөкчөлөрүнүн (холестерин) жаралышынын алдын алат

• Чачтын кулпуруп, тырмак менен тиштин жылтырап турушуна салым кошот

• Мээнин, бөйрөктүн, булчуңдардын туура иштешине, көрүүнүн жакшырышына шарт түзөт

Зыяны: Боор эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын алып жүрүүчү орган. Андыктан тамак-ашка таза боорду гана пайдалануу зарыл. 

Эскертүү: Боор организмдеги ууларды чыпкалоочу орган. Андыктан анда кайсы бир өлчөмдө уу болушу мүмкүн. Алар чыгып кетиши үчүн боорду 3-4 саат муздак сууга чылап коюу сунушталат. Анан боорду чала эмес, толук бышыруу керек.ү

БӨЙРӨК

Бөйрөк куурдак, солянка, рассольник, запеканка зыяктуу тамактарды даярдоодо колдонулуп келет.

Курамы: селен, цинк, В тобундагы витаминдер, күкүрт, цинк, магний, жез, калий, фосфор жана башкалар бар.  

Пайдасы: курамында цинк көп. Цинк – мыкты оксидант жана иммунитетти бекемдөөчү зат. Зат алмашууну жакшыртат. Демек, тамак-ашка колдонсо иммунитетти бат калыпка келтирет. Айрыкча, ооруп айыккандар үчүн табылгыс азык десе болот. Цинк эркектерде жыныстык гормондордун калыптагыдай иштелип чыгышына өбөлгө түзөт. Селен гормондорду жетиштүү бөлүп чыгарып туруу үчүн калкан сымал безге күн сайын керек. Аталган без калыптагыдай иштесе адам семирип кетпейт. Селен да, цинк да теринин, чачтын, тырмактын сулуулугу, бекемдиги үчүн керек зат.

Зыяны: Курамында холестерин бар болгондуктан көп жегенге болбойт. Айрыкча толук адамдар жана атеросклероз дарты менен ооругандар абайлашы керек.

Эскертүү: Ылаңдан же жеген жеминен улам кээ бир уй, кой, эчкилердин бөйрөгүндө кум, таш болушу мүмкүн. Андыктан бышырардан мурун бөйрөктүн ичин жакшылап тазалап, сууга 2-3 саат чылап коюу зарыл.  

ТИЛ

Белокко бай, май аз болгондуктан диеталык азыктарга кошулат. Шорпо жасалат, салаттарга кошулат, бутерброд даярдалат. Бышырып өзүн эле жесе да болот.

Курамы: Белок, май, В тобундагы витаминдер, темир, цинк, май кычкылдары жана башкалар бар.

Пайдасы:

Жеңил сиңгендиктен ооруп айыккандардын тамак-аш рационуна кошсо жакшы. Курамындагы заттар анемиянын алдын алат, кан агуунун токтошуна жана жаралардын бат айыгышына шарт түзөт. Ичтеги түйүлдүктүн патологияга, тубаса ооруга чалдыгышынын алдын алып, туура өсүүсүнө көмөктөшөт.

Зыяны: Курамында холестерин көп болгондуктан толук адамдар жана атеросклероз дартынан жабыркагандар аз жеши керек. 

ӨПКӨ 

Өпкө пирожкиге, мантыга кошулат, улуттук олобо тамагы жасалат. Пияз жана сыр менен жакшы айкалышат.

Курамы: Фосфор, белок, калий, магний, коллаген, С, РР, В1, В2 витаминдери жана башкалар бар.

Пайдасы: Курамындагы заттар кан тамырларды бекемдейт, нерв системинин иштешин жакшыртат, стресске туруктуулукту чыңдайт. Сөөктөрдүн жана булчуңдардын бекем болушуна шарт түзөт, зат алмашууну жакшыртат. Калориясы аз болгондуктан арыкташ үчүн диета кармагандар жесе болот. Организмден ууларды чыгарат, эрте картаюунун алдын алат.

Зыяны: Курамында белок аз болгондуктан кара кесек этке караганда начар сиңет.

Эскертүү: Тамак-ашка колдонордон мурун 2-3 саат сууга чылап коюу оң. Кеч сиңүүчү азык болгондуктан ичеги-карын, панкреатит оорусу барларга сунушталбайт. 

КАРЫН

Карынга малдын жумуру, тогуз каты (карындын бөлүктөрү) да кирет. Салаттарга жана ливер колбасасынын курамына кошулат, шорпо жасалат. Карындан “фаршталган карын” тамагын да даярдашат.

Курамы: Натрий, йод, цинк, кальций, селен, марганец, жез, темир, магний, калий, B1, B2 витаминдери бар.

Пайдасы: Иммунитетти бекемдеп, нерв системин, чач, тырмактын түзүлүшүн, кан жана зат алмашууну, теринин өңүн жакшыртат. Курамында көмүртек жок болгондуктан кант диабети менен жабыркагандар жесе да болот.

Зыяны: Кескин жытка ээ. Абдан жумшак бышпаса сиңиши кыйын.

Эскертүү: Жаш балдарга, карыларга азыраак берип, ал эми ичеги-карын, панкреатит оорусу барларга берүүгө болбойт. 

ЖҮРӨК

Малдын жүрөгүнөн куурдак, шишкебек жасалат, сууга кайнатып да желет, салаттарга кошулат.

Курамы: Уйдун сулп этине караганда жүрөгүндө В тобундагы витаминдер 6 эсе, темир 1,5 эсе көп. Магний, белок, А, Е, К витаминдери, фосфор, кальций, калий, цинк да бар.

Пайдасы: Магний нерв системинин, жүрөктүн жакшы иштешине өбөлгө түзөт. Стресс учурунда магний көп коройт, андыктан организмде анын запасын сактоо оң. Жүрөк тынымсыз иштегендиктен өзүн-өзү тазалап турат, курамында уулар жок. Жүрөк зат алмашууну жакшыртат, эс-тутумду бекемдейт, стресске туруктуулукту камсыз кылат.

Зыяны: Жүрөктү майы менен көп колдонуу семирүүнү жаратат. Бөйрөгү ооругандарга күч келет, демек, ченеми менен гана колдонуу кажет.

Эскертүү: Жүрөктү майын жана ичиндеги катуу бөлүктөрүн алып таштап, кабыкчасын сыйрып салып колдонуу туура.

ИЧЕГИ

Ичегиге жылкынын картасы, уйдун сары жүрмөсү да кирет. Булар майлуу ичегилер болуп эсептелет. Ичеги быжы үчүн да колдонулат. Жылкынын картасы көчмөн элдерде чүйгүн тамак деп саналат.

Курамы: A витамини, темир, протеин, кальций, магний, фосфор, ферменттер жана башкалар бар.

Пайдасы: Боор, нерв, жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртып, сөөктү бекемдейт. Картаюнун алдын алып, тери, чачтын абалын жакшыртат. Жылкынын ичегиси антиоксидант да болуп эсептелет.

Зыяны: Кескин жытка ээ. Сиңиши кыйын. Таза тазаланып, толук бышырылбаса оору жаратуучу бактериялар менен мите курттар калып  кетет.

Эскертүү: Ичеги жана андан жасалган тамактар дерматит, ашказан-ичеги, панкреатит оорусу барларга болбойт. Жылкынын картасы, уйдун сары жүрмөсү, койдун майлуу ичегиси гипертония жана панкереатит, ичеги-карын, холецистит оорусу барларга, инсульт, инфарктка чалдыккандарга да сунушталбайт.

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1134, 29-август-4-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан