9 жылдан бери волейбол боюнча улуттук курамдын мүчөсү жана алмашкыс оюнчусу болуп келе жаткан, “легенда”, “гений”, Нуму деген аттары бар волейболчу Нурмухаммед Токтоев менен маектештик. Волейбол, анын сырлары, 9 жылдан берки ийгиликтерин айтып берди спортчу.
АНКЕТА
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 24-ноябрь
Туулган жери – Ноокат району, Борко айылы
Билими – жогорку, Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу факультетин бүтүргөн
Бою – 180 сантиметр
Салмагы – 74 килограмм
Ойногон клубу – “Жалал-Абад”
Амплуасы – чабуулчу
Жетишкендиктери – волейбол боюнча өлкөнүн 3 жолку чемпиону
Машыктыруучулары – Марлен Мадашов, Алмаз Атабаев, Бакыт Алиев, Кайрат Садыков
Үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы
– Нурмухаммед, маегибизди волейбол сиз үчүн эмне деген суроо менен баштайлы...
– Волейбол – мен үчүн Кыргыз желегин, Кыргызстаныбызды башка өлкөлөргө таанытуучу, мыкты досторду арттыруучу жол десем болот.
– Волейболго качан кызыга баштагансыз, кимдердин таасири тийди буга?
– Волейболго кызыгып калышыма, ушул даражага жеткениме айылыбыздагы Марлен Мадашов деген агам себепчи. Ал мени волейболго кызыктырып, айыл өкмөттөр аралык оюндарда чакырып, чогуу ойноп калчубуз. Анан мени машыктыра баштады. Мектептеги оюндарда, райондук мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтө баштадым. Анан айыл өкмөттөр арасында, райондук курамга кошулуп ойнодум. Облуска тандалып, облустан биринчи орунду алдык. Андан кийин республикалык оюндан 2-орунду алганбыз.
– Буга чейин кайсы клубдарда ойнодуңуз?
– Университетте “Дархан” волейбол клубунда 6 жыл ойнодум. Андан кийин 2017-жылдан 2023-жылга чейин “Отор” волейбол клубунда ойнодум. “Отор” клубу менен 2 жолу Кыргызстандын чемпиону болдук. 2024-жылды “Жалал-Абад” клубу менен баштадым. Ийгиликтер жакшы, буюрса, быйылкы жылы да чемпион болдук.
– Улуттук курамага кошулган алгачкы учурларда сизде кандай сезимдер болгон?
– Улуттук курама командага 2015-жылы кошулгам. Ал кездеги эмоцияларымды апам жакшы билет, “алмаштыруучу оюнчу катары ойносом да ыраазымын, биринчи жылы үйрөнүп, көнүп келейин” деп жатып үйдөн жөнөп кеткенмин. Ага чейин эле улуттук курамага кошулам деп талыкпай, токтотпой машыгып жүрчүмүн.
– 2015-жылкы Азия чемпиондугу кыргыз волейболчуларынын эл аралык биринчи оюну эле. Эмнелер эсиңизде?
– Андай чоң оюнда алгач сүрдөйт экенсиң, чоочун, чоң аянтча да. Ага чейин андай чоң залды көргөн эмесмин. Оюн учурунда да сүрдөп, чочуладым. Кийинки жылы ойногондо көнүп калдым. Экинчи жылдан тарта биз дагы мыкты оюн көрсөтө баштадык.
– Адашпасам, сиз ошол 2016-жылкы беттеште жаракат алып калып, улуттук команда 2-орунга татыган эле...
– Анда биз 8 эле оюнчу барганбыз. Мага чейин Талгат Чалмашбеков аттуу оюнчубуз да жаракат алып, оюндан чыккан эле. Анан финалда ойноп жатып мен бутумду кокустатып алдым. Ооруганына карабай туруп, ойнойм деп аянтчага кирсем, бутум чыдатпай оорутуп, өзүмдү кармай албай кайра жыгылып калдым. Ошентип, командада балдардын саны аз болуп, техникалык жеңилүү менен экинчи орунду алып калганбыз.
– Андан бери “Мыкты чабуулчу” аталып, Азия өлкөлөрүндө атыңызды таанытып келе жатасыз. Кандай наамдарыңыз бар?
– Биринчи сыйлыкты 11-классымда республикалык беттеште алдым. “Мыкты оюнчу” наамын алып, аябай толкунданып үйдөгүлөргө телефон чалып сүйүнчүлөгөнүм эсимде. Андан кийин 2016-жылы добуш берүүнүн жыйынтыгында Sports Awards`тын тандоосу менен “Жылдын мыкты волейболчусу” аталдым. 2018-жылы келишим менен Мальдив аралдарына барып, ал жактын клубдар аралык оюнунда биринчи орунду алып, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” наамдарын алгам. 2018-жылы Бангладештеги Азия оюндарында “Мыкты оюнчу” кубогун алдым. Азия оюндарында эми жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатабыз, алдынкы орундарды алдык, финалда биринчи орунду ээледик. Азия оюндарында жалпы 5-6 жолу “Мыкты чабуулчу” деген наамга ээ болгом.
– Мыкты чабуулчунун машыгуулары кандай өтөт?
– Эч кандай өзгөчө машыгуу деле кылбайсың, кадимкидей эле волейболчу машыккан машыгуулар. Болгону машыктыруучунун айтканын так аткарсаң, ошол жетиштүү. Анан өз алдыңча да жакшылап иштеп турушуң керек.
– Кыргызстандагы командалардан кайсы команданы, кайсы оюнчуну бөлүп айта аласыз?
– Азыр командалар көбөйүп кетти, жаш оюнчулар, жаш балдар көп. Мурунку биздин муундан курамада ойногон балдардын баары мыкты. Азыркы жаштар да күчтүү ойноп жатышат. Жантемир, Азирет, Өмүр, ушул жигиттер жакшы келатат. Азыр эң мыкты либеро Кутман бар, Кутмандай либеро жок.
– Акыркы 10 жылда кыргыз волейболунда эмнелер өзгөрдү?
– Бизден мурункулар “волейболго анча көңүл бурулбайт” деп айтышчу, бизде азыр жакшы, Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Ракиевич Сатыбалдиев жакшы карайт, бүт баарын камсыздап берет. Волейболдо командалар көбөйдү, Улуттук Лига, Жогорку Лига А, Жогорку Лига Б деп. Ушуга федерациянын салымы чоң. Бүт жагынан колдоп келе жатат.
– Чет элдик клубдардан сунуштар түшүп турабы?
– Учурда Өзбекстандын клубунда ойноп жатам. Казакстандан да чакырып калышат. Буга чейин Мальдив аралдарына барып, чабуулчу позициясында ойноп келдим, ал жактын оюнчулары да күчтүү. Азыр биздикилер да жакшы өсүп, жакшы ойноп жатышат.
– Сиздин “легенда”, “гений” деген лакап аттарыңыз бар экен. Ушинтип аташса кандай кабыл аласыз?
– Билбейм, анча деле көңүл бурбайм ага. Көчөдө баратсаң тааныгандар легенда деп айтып калышат. Волейболдун арты менен адамдар менен тил табышканды үйрөнүп, жакшы жетишкендиктерге жетишип жатам. Ушуга шүгүр кылам.
– Боюңуз 180 сантиметр, бул волейболчу үчүн бир аз кыскараак делет. Оюнда бойдун ролу канчалык?
– Боюмдун кыскалыгы бир аз тоскоолдук кылат. Албетте, волейболдо бойдун мааниси чоң, боюң узун болсо жакшы, ыңгайлуу. Бирок ушул жагына деле шүгүр, жакшы эле жыйынтыктарды көрсөтүп жатабыз.
– Ылдам ойногон оюнчусуз. Бул тактиканы өздөштүрүш көп убакытты алдыбы?
– Бул үчүн машыгууну жакшы кылыш керек. Анын үстүнө менин азыр формага келип калган учурум. Анан оюнда коркпой ойнош керек, коркуу сезими такыр болбойт.
– Дагы эмне кылганды жактырасыз?
– Көк бөрүгө кызыгам, анан футбол ойноп турам. Айылыбыздагы оюндарда, анан Бишкекте да ноокаттыктар арасында футбол ойноп турабыз.
– Кыргыз волейболунун келечегин кандай элестетесиз?
– Буюрса, жакшы, азыр жаштар турнирлерге чыгып, Азия оюндарына да катышып жатышат. Биз Азияга чыктык, бизден кийинкилер дүйнөлүк волейболго чыгат деп ишенем.
– Оюн учурундагы кызыктуу учурлардан айтып берсеңиз...
– Волейболдо кызыктуу учурлар көп болот, ойноп жатып урушуп-айтышып кетесиң. Кайра оюн бүткөндө дос, ага-ини катары эч нерсе болбогондой сүйлөшүп кете бересиң. Анча-мынча байкаган адамдар “урушуп кеттиңер эле, кийин мушташкан жоксуңарбы?” деп сурап калышат. Андай нерсе жок, аянтта урушасың, ал ошол жерде эле калат.
– Волейболдо деле жаш курак мааниге ээ да. Канча жашка чейин ойнойм деген планыңыз бар?
– Волейболдо жаш мааниге ээ дешет. Бирок бул оюнчунун өзүнө байланыштуу. Оюнчу ден соолугун карап, жакшы машыгып жүрсө көпкө ойной берет. 30га чыктым, дагы 5 жыл жакшы жыйынтык көрсөтсөм деген ниетим бар.
Гулийпа Маметосмон кызы