– Амантур, сиз менен мындан 9 жыл мурун маектешкен экенбиз. Андан бери көп нерсе өзгөрдү, үйлөндүңүз, ата болдуңуз дегендей...
– Ооба, ал убакта бойдок элек, азыр үй-бүлөлүүбүз, буюрса. Убакыт деген ушундай экен, бат эле өтүп кетти. Үч баланын атасы болдум, үй-бүлөм да, балдарым да акырындан чоңоюп келатат. Убакыттын өткөнүн балдарыңды карап сезет экенсиң. Жаш улуулаган сайын ойлор өзгөрүп, башкача түшүнүктөр пайда болот тура. Баягы, “Отуз жаштан кийин” деген сыяктуу китептерди да окудум (күлүп). Адамдын табияты ушундай окшойт, кайсы бир учурда депрессияга да кабылгансыдым. Үй-бүлө куруп, жаңыдан орун алып келатканда бир топ түйшүк болот экен да. Чыгармачылыкты да, үй-бүлөнү да алып кетүү кичине оорураак болду. Баарын ордуна коюп, бир калыпка салгыча азыраак түйшүк тарттык. Чыгармачылыкта жашап келатканыма келинчегимдин салымы зор. Үйдү карап, балдарга жакшы тарбия берип турганы деле чыгармачыл адамга чоң жардам да.
– Албетте. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Театрда көп эле ролдорду аткарып жатабыз. Өзгөчө биздин, Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык театрда дүйнөлүк классикалык чыгармалар көп коюлат эмеспи. Мен театрда жашайм, театрда жакшы роль чыгарам, ошол роль аркылуу өзүмө дем-күч, мотивация берем. Учурда Пушкиндин “Таш конок” чыгармасында Дон Гуандын ролун жаратып жатабыз.
– Актёр катары элге таанылышыңызга кайсы тасманын салымы чоң болду?
– Эң алгач “Көргүм келет” тасмасына, анан “Миллиондук мелдешке”, сериалдардан “Чак түштөгү чагылган”, “Адилет”, “Жалбыздын” үчүнчү сезонуна тартылдым. “Атанын керээзинде” башкы каармандын жакын досун ойнодум. Алгач “Көргүм келет” тасмасы менен чыгармачыл чөйрөгө таанылдым деп айта алам. Анан “Миллиондук мелдешке” тартылып, ушул эки кино менен элге тааныла баштадым. Азыркыга чейин мени “Көргүм келет” тасмасы аркылуу эстешет. Негизи артисттин өзү жакшы көргөн чыгармасы болот окшойт, меники ушул тасма. Андан бери көп кинолорго тартылдым, бирок көкүрөгүмө толгон, мен самаган сценарий боло элек. Жаккан ролду эч жерден ойной албай жатам, кастингге барам, ал такыр башка линиядагы ролдор болот.
– Самаган ролуңуз кандай?
– Элге кичине болсо да таасир берүү. Жаштарга, тестиер балдарга, балким, спорт жаатынан, балким, сүйүү жаатынан... Негизи менин сырткы келбетим оң каарманга ылайык.
– Буга чейинки ролдоруңуз көрүүчүгө таасир бере албады деп ойлойсузбу?
– Анчалык таасир бере алган жок. Бир гана “Көргүм келет” тасмасы көпчүлүккө таасир берди, ошол себептен эстеп калышты да. Актёр таасир бере алганда гана аны көрүүчүлөр эстеп калышат. Бул тасманын тартылганына 10 жылдан ашты, азыркыга чейин үзүндүлөрү интернетте таралып жүрөт.
– Келбетим оң каарманга ылайык дедиңиз. Жакында жаңы образда дагы бир тасмага тартылыпсыз, анда образды канчалык ачып бере алдыңыз?
– Ооба, ал “Флэшбек” деген тасма. Ал азырынча элге чыга элек, кинотеатрларда коюлду. Ал кинодо чачымды өстүргөн байдын баласымын, эч кимди оңою менен көзгө илбеген, жаман жолдо жүргөн, бузулган жигитти ойнодум. Көпчүлүк бет ачарынан кийин жакшы комментарий беришти. Эми тасма интернетке чыкканда анан көрөбүз. Негизи мен үчүн оң каарманды ойноо татаалыраак. Оң каарман кандайдыр бир кутучанын ичинде болот, чектөөлөр бар. А терс каарманда мүмкүнчүлүк көбүрөөк, чек жок, жинди болсоң болот, баары жарашат.
– Жашоодо адамдар оң же терс каарман деп бөлүнбөйт, сапаттар гана жаман, жакшы деп бөлүнөт эмеспи. Тасмаларда каармандарды оң жана терс деп бөлүү канчалык туура деп эсептейсиз?
– Бул эми тарбиялык жагына басым жасалып, көпчүлүккө түшүнүктүү болсун деп оң каарман, терс каарман кылып образды ачып берүү аракети болуш керек. Чынында, сиз туура айтасыз. Ушундай нерсени биз кинодо таап чыга албай жатабыз. Биздин кинонун кемчилиги ушунда, бир жактуу. Бул коюучулардын кемчилиги, актёрлорду да окшош образдагы ролдорго чакыра беришет. Жан дүйнө деген аябай назик нерсе да, комузду күүгө салгандай эле тизип чыгуу зарыл. Ал үчүн убакыт керек. Бизде кино тарткандар образ менен, актёр менен, башкы каарман менен көп иштешпейт. Чет элдин тасмаларынан ылдыйыраак болгону ушундан улам болуш керек. Биздики көбүнчө акчага байланган, соодалашышат. Кептин баары акчада эмес да, акчада болсо мен 33 жашка чыккыча театрда же кинодо жүрбөйт элем. Кээ бир артисттерди байкасаңыз, акча үчүн деле барышпайт, жакшы роль үчүн тартылышат. Негизи жаңы, элге өтүмдүү образ жаратуу абдан кыйын.
– Жан дүйнөнү байытыш үчүн эмне кыласыз?
– Тоолорго чыгам. Театрдан да, кинодон да тажап кеткенде футбол ойнойм. Футбол ойногондо бүт нерсени унутасың, жаңы дем-күч келе баштайт. Бир жумушту кечке кыла берсең бара-бара адам жоголот, жаңы ойлор жаралбай калат. Адамга эмоция керек. Китеп окуйм, жакшы жазылган тексттерди, ырларды жактырам. Анча-мынча комуз чертип ырдап калам. Мындан сырткары Кыргыз драма театрынын алдындагы 3 жылдык училищеде сабак берем.
– Бир кезде бир топко үнүңүз бүтүп калган экен, ошондогу эмоцияларыңызды айтып берсеңиз...
– Ооба, ушундай бир убакыт болду, Кудай сактасын андан. Жакшынакай жүрүп эле эртең менен турсам үнүм жок. Элестетиңиз, кадимки эле сүйлөп жаткан үнүм эртең менен чыкпай, шыбырап калдым. Оорубай-нетпей эле. Жаман экен да, анан ар кайсы дарыгерлерге бардык, эч кимиси себебин таппайт. Актёрдун үнү чыкпай калса, эч кимге кереги жок болуп калат экен. Театрга бара албайм, барсам деле иштей албайм, үн керек. Киного да бара албайм. Ошентип үйдө отуруп калдым. Кыргызчылык да кылдык, молдого да бардык. Көп эле жакка бардым, ал жагы өзүнчө эле кино (күлүп). Ыйлаган да учур болду. Пандемияга чейинки жылдар болчу. 8 ай бою үнүм чыкпай жүрдү, жөн эле убакыт өткөрүш үчүн жашап калдым. Күндө үнүм чыгып калабы деп текшерем, жок. Кудай жалгап, 8 айдан кийин бир күнү таңга маал тамагым кырылдап үнүм пайда болду, бирок үнүмдүн күчү жок. Акырындык менен 2-3 жумада калыбына келди. Кубанганымды айтпаңыз. Ошентип кайра театрга бардым. Ошондо “ушинтип эле актёр болбой каламбы” деп аябай корктум.
– Актёрлук кесипти качантан баштап кыялдандыңыз?
– Актёрлукту кичинекей кезимден жакшы көргөн жокмун. Окуу жайга тапшырганда деле маани берген эмесмин. 1-курста мугалимдер мактай башташты, мугалим эже курсташтардын баарын чогултуп “Амантурдукундай баш-аягы бар этюд жасагыла” деп калчу. Анан 2-курста аябай кызыгып, башка нерсенин баарын унутуп калдым, ата-энемди да унута түшкөн деңгээлге чейин жеттим (күлүп). Негизи актёрдук кесипти тандаганыма кубанам, кесипти туура тандагам, бул тармакта өзүмдү эркин сезем.
Гулийпа Маметосмон кызы