Нарынбек Акматов: «Карылар үйү жаман эмес, бирок өз үйүңө жетпейт»

Каарманыбыз, 66 жаштагы Нарынбек Акматовдун тагдыры татаал экен. Учурда Чүйдүн Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашайт. 35 жылдан бери жалгыз бой күн кечирген киши оор тагдырга кантип кабылып калганын, келиндери үйгө батырбай койгонун, аргасы кеткенде карылар үйүн көздөй кадам таштаганын айтып берди. 

«Ажырашканыма көп жыл болсо да кайра түтүн булаткан жокмун»

– Нарын облусунун Ак-Жар айылында 1959-жылы төрөлгөм. Мектептен кийин Нарын облустук айыл чарба техникумун бүтүргөнүмдө аскерге алып кетишти. Аскерден келип эле 1981-жылы үйлөнүп, 12 жылдай Ак-Жар айылында мал доктур болуп иштедим. Аялым экөөбүз 8 жыл бирге түтүн булатып, бул арада эки уул, бир кыздуу болдук. Жубайым дүкөн иштетчү, “товар ташыйм” деп бир шоопурду ээрчитип тияк-биякка кете берчү. Кийин экөөнүн мамилеси бар экенин билип калдым. Үй-бүлөбүздү сактап калабыз го деп ойлогом, бирок аялым 1989-жылы биротоло мени таштап кетти. Балдарды да алып кеткен, мени менен катыштырган жок. 2017-жылы аялымдын көзү өтүп кеткенден кийин гана балдарым менен сүйлөшүп калдым. Баары үй-бүлөлүү. Улуу балам азыр деле кабарлашып турат. Бир жолу келинимди ээрчитип бул жакка келип кеткен. Ушундай. Ажырашканыма көп жыл болсо да кайра түтүн булаткан жокмун.

«Үстүмдөн чөп басып калып майып болгом»

– Апам кичинекей кезимде эле көз жумуп, мен өгөй эненин колунда өстүм. Энеси бөлөк адам бир тууган болуп жарытпайт экен. Аялым экөөбүз ажырашып, ал балдарды алып кетип калгандан кийин 8 жыл айылда жалгыз бой жашагам. Ошондо ээн үйдө жалгыз жашабайын деп бир тууган инимди (ред.: өгөй энеси менен өз атасынын баласы) киргизип алган элем. Ал бир нече жылдан кийин ал үйгө ээ болуп, мени кууп чыкты. Экинчи топтогу майыптыгым бар. 1998-жылы чиркегичи бар унаага чөп жүктөп келе жатканда мени чөп басып калган. Майыптыгым үчүн пенсия алчумун, инимдин үй-бүлөсү менен чогуу тургандыктан үйгө 10 литр май, 10 килограмм кумшекер жана башка азык-түлүктөрдү алып барар элем. Келиним бир күнү “бул алып келгендериң аз, пенсияңды толугу менен бизге бересиң же үйдөн чыгып кетесиң” десе болобу. Ошондо аргасыз үйдөн чыгып кеткем. Андан кийин темселеп атамдын үйүндө жашап жүрдүм, ал жакта деле келиндер батырган жок. Атам дагы кийинки аялынын балдарына жан тартып койду. Баары бир көпчүлүк деген көпчүлүк экен да. Аягында “атасынан үй талашып сотко берди” деп кайра эле мен жаманатты болдум. Ошентип ар кайсы жакта түрткүнчүк болуп калганда карылар үйүнө келе бергем.

«Бул жактан эки кемпирге үйлөндүм»

– Кудай жолуна түшкөн ар бир адам ажылыкка барууну кыялданса керек. Мен да кичи ажылыкка барууну кыялданып, акча топтоп жатам. Былтыр күздөн бери Убайдулла деген жакшы адамга пенсиямдан 5 миң сомдон берип жатып, азыр 32 миң сом топтолуп калды. Дагы канча чогултушум керек билбейм. Акыркы мезгилде тез-тезден ооручу болдум, дагы канча жашайм бир Кудай билет. Ошого эртерээк ажылыкка барганы жетишсем экен деп элден жардам сурайын дегем. Бизге кайрымдуулук кылып көп жаштар келишет, ошолордун бири “элге кайрылсаңыз, бат эле чогултуп беришет” дешти. Бул карылар үйүндө 300дөн ашык киши жашайт, көбү пенсия алган күндөрү “майрамдап” коюшат. “Ичпегиле, көз жумгуча ыйман жолуна түшкүлө” деп көп айтам. Кээ бири айтканымды жаман көрөт, кээ бири кулак сыртынан кетирип коюшат. Бул жакта кызык эле жашоо, табышып, үйлөнгөн түгөйлөр бар. Бүгүн бир жаш келин менен жигит нике күбөлүгүн алып келип майрамдап, чакан дасторкон жайып белгилеп жатышат. Мен дагы бул жактан эки кемпирге нике кыйдырып үйлөндүм, экөөнү тең даваатка чыгарып келдим. Бирок аял-күйөө болуп жашаган жокпуз, жөн эле сооп иш кылайын деген ой болду.

«Балам балалуу болсун деп күндө тилек айтам»

– Карылар үйүнө келип жашап калам деген ой үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Баары эле небере, чөбүрөлөрүн эркелетип, уул-кыздарынын сыйын көргөн бактылуу карылыкты өткөргүсү келет да. Бул жашоодо эң кымбат нерсең ден соолугуң экен. Баарыңар биринчи өзүңөрдү, ден соолугуңарды карагыла, балдарым, болбосо эч кимге керегиңер жок болосуңар. “Бир эне он баланы бага алат, он бала бир энени бага албайт” деген кеп бекер айтылган эмес тура. Бул жакта балдарына, келиндерине батпай келген ата-энелер абдан көп, мурун карылар көп болсо, азыр майып болушуп жаштар деле багар-көрөрү жок келип жатышат. Аларды көрүп кээде зээниң кейийт. Карылар үйүндө шарт жакшы, бирок баары бир үйдөгүдөй атмосфера эмес да. Улуу балам мени алып кетмек, бирок өздөрү кичинекей батирде турушат. Өзүнүн үйү болсо балам менен чогуу жашайт белем деп ойлойм. Көп жылдан бери балалуу боло албай жүрүшөт. Күндө “балам балалуу болуп калсын” деп тилек айтам.

«Сөөктү көмө албайм деп баласы баш тартып коюптур»

– Өткөндө карылар үйүндө жашаган бир чал каза болуп балдарын чакыртышса, уулу келип “сөөктү көмө албайм” деп атасын алып кетүүдөн баш тартыптыр. Анан бул жердин жетекчилиги кепиндеп, баарыбыз жаназасына туруп жерге бердик. Эч бир адамга мындай өлүмдү каалабайсың. Кээ бир карылардын балдары келип кабар алып турушат, эс алууга алып барышып, кайра таштап кетишет. Айрымдар үчүн бул жер баш калкалоочу гана эмес, көңүл жубатуучу, алаксыта турган жер. Кышында жылуу, 4 маал тамак беришет, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндөсүң. Зериккенде шахмат ойнойбуз, балык кармай турган жасалма көлүбүз бар, ошол жерден балык кармайбыз. Кээде теңтуштар менен отурганда тамашалап "биз, карылар баш калкалоочу жерде эмес, курортто эс алып жатабыз" деп тамашалап калам. 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

9417 5599 4470 1807 РСК банк (Нарынбек Акматов)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1134, 29-август-4-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан