Жайгашкан орду – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Арстанбап айыл аймагы
Кожолуктун саны – 3600
Элдин саны – 16 700 (2023-жыл)
Айыл жаңгак токоюнун кучагында жайгашкан. 2 шаркыратмасы, 16-18-кылымдарга таандык күмбөзү менен да белгилүү
Айылда 2 мамлекеттик оорукана, 2 жеке оорукана, 2 ФАП, 5 мектеп бар.
Мирза Султанов, айыл тургуну:
«Айыл Арстан деген аалымдын атын алып жүрөт»
– Айылыбыз жаңгак токоюнун коюнунда жайгашкан. Тегерегибиз тоо, шаркыратмалар, булак суулары... Уламыштарга таянсак, илгери Мухаммед пайгамбардын жанында Арстан аттуу аалым болуптур. Өзүнүн ысымы башка болуп, ага Арстан деген атты ислам динин жайылтуу үчүн болгон согуштардагы каармандыгы үчүн пайгамбар ыйгарган деп айтылат. Кийин ал Фергана өрөөнүнө келип, ушул аймакка бак тигет. Бакта жаңгак дарагы көп болгондуктан кийин бул жер жаңгак токоюна айланып, Арстанбап аталып калган экен. Айылыбызда кылымдап өсүп келаткан жаңгактар, кооз шаркыратмалар, Арстан бабанын кабыры делген 16-кылымга таандык күмбөз бар.
Алмаз Досматов, айыл башчысы: «Жылда 30 миңдей турист келет»
– Айыл эли туризм, айыл чарба иштери менен алектенет. Картошка, жаңгак сатып, туристтерге кызмат көрсөтүп киреше табышат. Жаңгак токою элге убактылуу колдонууга үлүш жер катары бөлүнүп берилген. 1945-жылдан тарта мамлекеттик корук болуп саналат. Айылдагы ар бир үй-бүлө жаңгактын түшүмү жакшы болгон жылдары 1-1,5 тоннадай түшүм алышат. Жайыт тартыш болгондуктан айылда мал аз багылат. Туризм мезгили май айынын аягынан тарта сентябрдын башына чейин созулат. Кыргызстандын ар тарабынан, чет өлкөлөрдөн саякаттап келишет. Айылда Союз маалында түптөлгөн туристтик база бар. Келген туристтер турбазадагы конок үйлөргө жайгашат же жеке үйлөрдү ижарага алышат. 1 жылда болжол менен айылга 27-30 миңдей турист келет. Туристтерди эски УАЗиктер ары-бери ташыйт. Унааларды атайын жүргүнчү ташууга ылайыктап алышат да, туристтерди айылдагы чоң жана кичине шаркыратмага, “панорамага” алып барышат. Мындай унаага отургандар өздөрүн Африкада сафариде жүргөндөй сезишкенин айтып тамашалап калышат. УАЗиктер кичине шаркыратмага 25 мүнөттө жеткиришет. Ал эми чоң шаркыратма айылдан 3,5 чакырым алыс, бийик тоонун боорунда. Унаа менен жарым жолго чейин барып, андан ары жөө басуу керек. Айылыбызда жаңгактан май чыгарган цех бар, ал чет өлкөлөргө экспорттолот. Дыйканчылыктан тышкары 30дай үй-бүлө балчылык менен алектенишет. Айылыбызда жер-жемиштин, жапайы канаттуу, айбанаттардын көптөгөн түрү кездешет.
Ибрагим Каримжанов, айыл тургуну: «Теплицада гүлдүн 2500дөй түрүн өстүрөм»
– Мени эл “англисче билген, гүл өстүргөн карыя” деп таанышат. Мындан 4 жыл мурун айылыбызга Англиядан бир турист келген. Мен англис, немис тили мугалими болгондуктан экөөбүз таанышып, ал кеткиче дос болуп калдык. Мага окшоп ал дагы гүлгө кызыгат экен, кийин мага гүл жаатында энциклопедия берип жиберди. Анда гүлдүн 4500 түрү жана аларды багып, өстүрүү ыкмалары жазылыптыр. Окуп чыккандан кийин мага гүл бизнесин баштоо идеясы келди. 100 миң сом менен бизнес баштап, теплица курдум. Учурда гүлдүн 2500дөй түрүн өстүрүп жатам. Жылына гүл сатып 200 миң сомдон ашык киреше табам. Саткандан тышкары гүлдү тууган-тааныштарга белекке беребиз. Гүлдүн эң арзаны – 100 сом, кымбаты – 4000 сом. Арасында 6 ай бою гүл ачып турган түрлөрү бар.
Канымжан Усупбекова