«ВИАГРА ИЧҮҮ – БЕНЗИН МЕНЕН ОТ ЖАККАНДАЙ»

Бул жолу виагра тууралуу сөз кылабыз. Сөз эстрадалык топ эмес, эркектердин чөнтөгүндө жүрүүчү виагра таблеткасы жөнүндө болмокчу. Бул тууралуу тери жана жугуштуу оорулар боюнча дарыгер Мырзабеков Асан Абдылдаевич ой бөлүшөт.

– Айтсаңыз, виагра деген эмне? Негизи эле бул дары качан пайда болгон?
– Виагра – эркектин эрекциясын, жыныс органынын функциясын күчөтүүчү дары. Виагра таблеткасынын тарыхы 1992-жылга барып такалат. Ал медицина тармагындагы рентген нурлары жана пенициллинден кийинки кокусунан жаралган табылга. Англиядагы Саймон Кэмпбелл жетектеген “Пфайзер” компаниясы жүрөк оорусуна каршы дары даярдашып, эксперимент жүргүзүү үчүн бир нече адамды чогултушат. Дары ичкен эркектердин баары эрекциясынын күчөгөнүн айтып, “аялыма барып келейинчи” деп сурана башташат. Жаңы табылганын таасирине таң калышкан ойлоп табуучулар аны “Виагра” деп аташат. “Vigor” – энергия, күч, ал эми “гра” Түндүк Америкадагы эң чоң шаркыратма Ниагаранын атынан алынган. 1993-жылы аны клиникада текшерип, импотенцияны дарылоого боло тургандыгын аныкташкан. 1998-жылы АКШнын азык-түлүк жана дары-дармектер боюнча департаменти мыйзамдуу түрдө сатылышына жол берген. Ушул жылдан тарта виагра жер жүзүнө “саякатка” чыккан. Сатыкка чыккандын алгачкы жумасында эле бул дарыга дарыгерлер тарабынан 2 47 666 рецепт жазылып, “Пфайзер” компаниясы бир жыл ичинде 1 миллиард доллар киреше табууга жетишкен.
– Бул дарынын таасири канчалык?
– Виагра жыныс мүчөнүн майда кан тамырларындагы кан айланууну жакшыртып, эркек дүүлүккөн учурда гана таасирин тийгизет. Бирок виагра баарына эле таасир бере бербейт. Бул дары тестостерону (эркектин күчүнө жооп берүүчү гормон) өтө төмөн эркектерге таасир этпейт. Негизинен, тестостерондун өлчөмү 30-35 жаштан кийин төмөндөйт. Изилдөөлөргө караганда 40 жаштан өткөн эркектердин 3-5 пайызы бул гормондун төмөндөшү менен жыныстык жактан алсыз болуп, жумушка көңүлү чаппай, толо башташат.
– Кайсы курактагы адамдарга сунушталат?
– Виагра энергиялык потенциалы төмөндөй баштаган 40-60 жаштан жогоркуларга гана сунушталат. Учурда ден соолугу чың эркектер билип-билбей эле ичип жүрүшөт. Бул эми – акылсыздык, түшүнбөстүк. Чынында, “Пфайзер” компаниясы виагранын ден соолугу чың адамдарга кандай таасир тийгизерин изилдешкен эмес. Анткени алар бул дарыны жыныстык жактан алсыз эркектерге иштеп чыгышкан. Виаграны колдонордон мурун сөзсүз уролог, сексопатолог, андролог, эндокринолог же кардиологго кайрылып, анализ тапшыруу керек.
– Канча өлчөмдө ичүү керек?
– Күнүнө 1 таблеткадан ашык ичүүгө болбойт. Жүрөк, боор ооруларынан жабыркаган адамдарга сунушталбайт. Мындан сырткары спирт ичимдиктери менен аралаштырууга болбойт. Жүрөккө күч келип, инфарктка алып келиши мүмкүн.
– Виагранын айымдарга канчалык таасири бар?
– Бул эркектер үчүн гана жасалган дары. Муну ичкен айымдын организминде тестостерон гормону көбөйүп, эркектик белгилер пайда боло баштайт. Бирок жакында эле улуу британиялык дарыгерлер айымдар үчүн да пластырь түрүндөгү виагра чыгарышты. 5 сантиметр болгон бул пластырь айымдын курсагына жабыштырылат. Ал тери аркылуу эркектин тестостерон гормонун өткөрүүгө жөндөмдүү. Аны жумасына эки жолу алмаштырып туруу керек. Албетте, бул каражат да дарыгерлердин көрсөтмөсү менен сексуалдык жактан жабыркаган, жашы 50дөн ашкан аялдарга сунушталат. Виагра таблеткасынан айырмаланып, пластырь бир нече жумадан кийин гана таасир бере алат.
– Балалуу болууга зыяны тийбейби?
– Жок, эч кандай зыяны тийбейт.
– Виагранын оң жана терс жактары...
– Оң жагы, керек учурда эркектин эрекциясын күчөтө алат. Терс жагы, виагра ичүү бул – күйүүчү май менен от жаккандай. Дүрт этип күйөт да, жалп этип өчөт. Жогоруда айтып өткөндөй, жүрөк ооруларын пайда кылуу коркунучу бар.
– Кызыктуу, ары пайдалуу маегиңиз үчүн рахмат. Сиздин айткандарыңыз бардык эркектерге пайдалуу кеңеш болот деген ишеничтебиз.


Алигидот

Дарыканада. Виагра сатып алган Айшакан сатуучуга:
– Муну күйөөмө кантип берсем болот?
– Майдалап, тамагына кошуп бериңиз.
Айшакан жолдо келе жатып “билип калып ичпей койсочу?.. А, таптым, таптым, мындан чүчпара түйүп берейин” деп чечет. Үйүнө келери менен арыдан-бери чүчпара түйүп мискейге салат да, өзү чечингени жөнөйт. Бир убакта күйөөсү ашкана тараптан:
– Ай, Айшакан, бол эле бол, чүчпараларың бири-бирине жабышып алып..,- деп кыйкырыптыр.


Эротикалык жаңылыктар

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЖЫЛАҢАЧТАНЫП...
Италиянын 72 жаштагы премьер-министри Сильвио Берлускониге 17 жаштагы марокколук бийчи Каримой Эль-Маругга (Руби деген ат менен белгилүү) менен мамилелеш болгон деген айып тагылууда. Тергөө учурунда бийчи саясатчы менен тааныш экендигин жана ортодо эч нерсе болбогонун айткан. Мындан сырткары укук коргоо кызматкерлери министрдин жылаңачтанып түшкөн сүрөттөрү түшүрүлгөн компьютерди, уюлдук телефондорду сойкуканалардын биринен таап чыгышкан. Ал эми саясатчынын адвокаттары сүрөттөрдү жайылтпоону суранып жатышат. Берлусконинин мындай ызы-чууга биринчи жолу эмес, экинчи жолу кабылышы. 2009-жылы модель Ноэми Летицию да ойношу болгон деген айып тагылган эле. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЫҢЧЫ АННА ЧАПМАН ЭМИ СЕКС-КУУРЧАК
Америкалык “Pipedream” компаниясы орусиялык тыңчы Анна Чапмандын түспөлүндөгү секс-куурчактарды чыгара башташты. Эске салсак, бул компания ондон ашык белгилүү адамдардын Кристина Агилера, Женнифер Лопес, Сара Пэйлиндин түспөлүндөгү куурчактарды жасашкан. Аталган ишкана акыркы жолу азыркы муундун секс-символу аталган Леди Гага куурчагын жасаган.

УИЛЬЯМ ХАНЗААДАДАН ПРЕЗЕРВАТИВ
Англиянын “Crown Jewels Condoms of Distinction” компаниясы ханзаада Уильямдын үйлөнүү үлпөтүнүн урматына өзгөчө презервативдерди чыгарды. Бул сыя түстөгү кутучага 3 презерватив, ошондой эле “эс алгыла жана Англия тууралуу ойлонгула” деген брошюра салынган. Ал эми сыртында “сүйүктүүң менен сүйлөшүү ханзаада менен ханайымдын үйлөнүү тоюндагыдай эстен кеткис окуя” деген фраза келтирилген. Бул презервативди сатып алгандарга ханзаада Уильям жана анын сүйгөнү Кейт Миддлтондун сүрөтү түшүрүлгөн кружка, тарелка, салфетка белекке берилүүдө.


Жылмайып коюңуз

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Baizakk11
2011-02-22 05:41:40
birinchi jolu okudum Viagira dep toob baardik nerse bar ee
0
imperator
2011-02-22 17:15:04
Виаграны биринчи жолу угуп жатсан, Виагра колдонгондордун ден-соолугу бузулуп олум менен аяктап каларын да унутпа. Табият берген нерсенин чегине чыгуу созсуз бир балээге кириптер кылат.
0
erke88
2011-03-22 13:58:38
wahaha
0
Nurtotash
2011-04-01 17:27:18
эч качан бул дарыны колдонбойм деп умуттоном
0
Kypchak
2011-05-10 11:12:05
Эч качан "эч качан" деп айтпа
+1
askarbek7
2011-05-25 00:39:22
колдонбойм куда кааласа
+1
Kamalbek
2011-06-23 03:21:16
аны кандай пайдасы бар тушунбой калдым
0
natu
2011-09-25 21:26:31
ичип корсон билесин пайдасын
0
faker
2011-10-23 22:12:55
ziyany jok bolmok bele al himikat bolup jatpaiby
+1
Seitbek.93
2013-10-04 19:20:42
Ичип корсомбу
0
TOKTOGUL_93
2013-12-17 16:57:37
аа
0
jomik_kg9595
2014-02-10 04:05:49
Кызык маалыматго билип алыш керек мындайды, а так жакшы жакка колдонбошко
0
lastochka1993
2015-01-19 19:27:38
эми билип алдым
0
Alaybars
2017-01-27 19:33:45
Urmattuu @admin kuch ala jonundo makal chykkan ele. Link jonotup koygulachy
0
Alaybars
2017-01-27 19:34:58
Makala *
0
admin_superstan
2017-01-30 12:44:33
Alaybars, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/28631
+1
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан