Адамдын ичинен адам жаралуу оңой процесс эмес. Аялдын организминде баштан-аяк өзгөрүүлөр орун алат, организм стресс болот. Эгер төрөттөн кийин жакшы тыңыбай калса, өмүр бою коштоп жүрчү өнөкөт ооруларга чалдыгат. Алардын бири – тиштеги маселелер. “Төрөгөндөн кийин тиштерим түшүп калды” деген сөздү көп эле угуп жүрсөңүз керек. Бул сөз сизге да тиешелүү болуп калбасын десеңиз, төрөттөн кийин тишке кам көрүүнүн жөнөкөй ыкмаларын үйрөнүп алыңыз. Бул жаатта энелерге врач-стоматолог Айдана Сейитова кеңеш берет.
Эмне үчүн төрөгөн айымдардын тиштери жабыркайт?
Тиштердеги маселе төрөгөндөн кийин эмес, кош бойлуу кезде эле башталат. Курсактагы бала эненин организминдеги минерал, витамин, белок, углевод, кальций жана башка пайдалуу заттар менен азыктанып, анан чоңоёт да. Өзгөчө 2-3 айлыкта баланын скелети калыптана баштайт, бул учурда кальций көп керектелет. Анан энеде кальцийдин жетишсиздиги келип чыгат, бул түздөн-түз тишке терс таасирин тийгизет. Андан сырткары гормоналдык фон өзгөрөт, токсикоз учурунда аппетит бир бар, бир жок болот, бардык эле тамак-ашты жей албай тандайт, анан организм керектүү витаминдерди топтой албай калат. Кусуу процесси да тиштердин душманы болуп эсептелет. Эмнеге дейсизби, шилекейдин коргонуу касиети төмөндөйт, кускандан кийин ооз көңдөйүндө, калган микроб-бактериялар тишке, бүйлөгө жабышат да түрдүү оорулардын (гингивит, пародонтит жана башка) жаралышына себеп болот. Ошондуктан ар бир кускан сайын оозду таза суу менен жакшылап чайкап туруу керек. Атайын кош бойлуулар үчүн тиш чайкаган бальзамдар бар, ошолорду колдонуу кажет. Төрөттөн кийин алсырап, иммунитети түшүп турган эне эмизип баштайт. Лактация учурунда организмдеги кальций балага кете берет да, тишке эле эмес, сөөктөргө да кальцийдин жетишсиздиги пайда болот. Тиштин эмалы жукарат, ысык-муздакка сезимтал болот, бүйлө шишип, тиш түбүнөн бошой баштайт. Мындай коркунучтуу абалга жетпеш үчүн...
Стоматологго баруу
Негизи кош бойлуу айымдар 1-2-үч айлыкта стоматологго барып, эмне маселе бар экенин билип, мүмкүнчүлүккө жараша дарыланып турушат. Төрөгөндөн кийин эле врачка барууну токтотуп коёт. Төрөгөндөн кийин стоматологго барса, ал тиште маселе жаралдыбы-жокпу, эмне жетишсиз, организмдин өзгөчөлүгүнө жараша кандай дары-дармек же витамин керектигин жазып берет. Көбүнчө төрөгөн айымдарга кальций жана D витамини жазылат.
Тамактануу
Башка учурда анчейин байкалбашы мүмкүн, бирок кош бойлуу кезде эне ар түрдүү витаминдерге бай азыктарды жеши керек, мурда жей албай жүргөн болсо да өзүнүн жана курсактагы түйүлдүктүн дени сак болушу үчүн өзүн тарбиялашы керек. Албетте, курамында кальцийи көп азыктарды (сүт азыктары, сырдын түрлөрү, быштак, күнжүт, буурчак түрлөрү, балык жана башка) да жесин. Төрөгөндөн кийин өтө ысык же муздак ичип-жебеш керек, кычкыл, ачуу, таттуу азыктар тиштин эмалына терс таасирин тийгизет.
Тазалык
Төрөгөндөн кийин тиштер өтө сезимтал абалда. Ошондуктан тиш жуучу пастаны кылдат тандаңыз. Атайын сезимтал тиштер үчүн деген жазуусу барын алыңыз. Курамында фтор, парабен, лаурилсульфат бар пасталардан баш тартыңыз. Тишти агартуучу касиети бар пасталарды колдонгонду кийинкиге жылдыра туруу керек. Жумшак щётка менен жууш керек. Эринип жуубай койгонго болбойт, сөзсүз күнүнө 2 маал жуу кажет. Тиштин арасына тыгылып калган нерселерди тиш чукугуч менен чукусаңыз, сезимтал тиштерде бат кариес жаралат. Тиш чукугучтун ордуна атайын тиш тазалоочу жип сатып алсаңыз көпкө жетет жана жаракаттан, кариестен алыс болосуз. Эгер бүйлө шишип же канталап калганын көрсөңүз, дароо стоматологго кайрылыңыз.
Суу
Бала эмизген энелердин дээрлик баарынын организминде суунун жетишсиздиги болот. Бул учурда заара кубалоочу азыктарды аз колдонуш керек. Андан сырткары күнүнө 1,5-2 литр таза суу ичүү сунушталат. Суу жетишсиз болсо ооз кургайт, шилекей жетиштүү бөлүнүп чыкпаса, ооз көңдөйүндөгү коргонуу функциясы бузулат да, микроб-бактериялар ишке киришет. Натыйжада тиш жабыркайт. Андыктан таза суу ичиңиз.
Жылуулук
Жайында болобу, кыштын ызгаар суугубу, жаңы төрөгөн эне оозун жылуу кармаш керек. Ысык деп кондиционердин алдында отуруу же машинанын терезесин ачып шамалдап баруу менен тиштин түшүп калуу эффектисине жетүүгө мүмкүн.
Ирригатор
Эгер колдон келсе төрөгөнгө камынган жана жаңы төрөгөн энелер ирригатор (тишти эффективдүү тазалоочу профессионалдык аспап) сатып алганы оң. Бул аспап ооздогу, тиштердин арасындагы тамак-аш калдыктарын, микроб-бактерияларды жакшы тазалайт, бүйлөнү укалоочу касиетке ээ. Негизи эле ооз көңдөйүнүн гигиенасына жооп берчү мыкты аспап.
Дары чөптөр
Негизи бул ыкманы бардык адамдар колдонсо ооз көңдөйүндөгү маселелердин алдын алган болушат. Ар бир тамактануудан кийин оозду чөп кайнатмалары (мисалы, ромашка, шалфей, эвкалипт, зверобой) менен чайкап туруу керек. Бул чөптөрдүн баары дарыканаларда сатылат.
Дары-дармек
Тиш ооруганда ооруну басаңдатуучу дары-дармек ичпеңиз. Ал дарылар курсактагы же болбосо эмизип жаткан балага кандай таасир калтырарын билбейсиз да, балким, ал дарыга аллергиясы бар болуп чыгат. Андыктан сөзсүз стоматологго барыңыз, врач балага терс таасири тийбей турган, сиздин организмге ылайыктуу препарат сунуштайт.
Асыл Орозбекова