“СИҢДИМЕ 14 ЖОЛУ БЫЧАК САЙЫЛЫПТЫР”. Нарында күйөөсү аялын бычактап таштады

Нарында аялынын иштеген жерине барып, аялга бычак сайган жарандын кылмышы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселесин кайрадан башкы планга чыгарды. 31-август күнү интернет желесине үрөй учурган окуянын видеосу тараган. Видеодон ашканада иштеп жаткан эки аялдын үстүнө бир эркек кирип барып, алардын биринин моюнуна бычак такап, жерге сулатканын көрүүгө болот. Аялдын кесиптештери кылмышка шектүүнү токтотууга аракет кылышкан, бирок токтото алышкан эмес. Окуя боюнча жабырлануучунун эжеси Анара Социалова “күйөөсү сиңдимдин артынан аңдып жүрүп жумушунан бычак сайган, эгер жашаган дарегин билсе үйүнө барып эле өлтүрүп коймок экен” дейт.

Анара Социалова, жабырлануучунун эжеси: «Күйөө балабыз кумар ойноп, тамекиге, аракка сиңдимден акча сурачу»

– Биз үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз. Ата-энебиз кайтыш болуп, бир туугандар бири-бирибизге жөлөк болуп өстүк. Күйөөсү бычактаган Аделла менин сиңдим, учурда 41 жашта. Турмушка чыгып түтүн булатканына быйыл 11 жыл болгон. 3 баласы бар, улуусу 4-класста, ортончусу 3-класста окуйт, кичүүсү 3 жашта. Калп айтпайын, күйөө балабыз Нурлан Мамбетов сиңдиме үйлөнгөн 11 жылдан бери жарытып иштеген жок. Кыпкызыл бекерчи эле. 11 жыл бою сиңдим үй-бүлөсүн, күйөөсүн кошо бакты. Базарда, ашканада иштебеген жери калган жок. Күйөө балам кумар ойноп сиңдимди далай кууратты, күйбөгөн жерин күл кылды. Биз көпкө чейин анын ичип, чегип, кумар ойноорун билген жокпуз, сиңдим бизден анын баарын жашырып айтпай жүргөн экен. Кош бойлуу кезинде да ашканаларда иштеп жүргөн. Күйөөсүнүн үй-бүлө багайын, балдарымды чоңойтоюн деген ниети жок эле. Тамекисине, арагына акча берип сиңдим көндүрүп коюптур. Аял деле тажайт да, акыры экөө быйыл жайында ажырашууну чечишкен.

«Сиңдимдин жетекчисине чалып аялынын айлыгын сураган»

– Быйыл эмнеге биротоло ажырашууну чечти? Жайында сиңдим ашканалардын биринде иштеп жатса күйөөсү барып “5000 сом таап бер, карта ойноп, утканда кайра берем” дептир. Сиңдим акчам жок десе ишенбей, телефонун колунан жулуп алып жумуштагы жетекчисине чалып “сенин колуңда менин аялым иштеп жатат, 5000 сом бер, болбосо жумуштан чыгарып алам” деп кекетиптир. Ал бербей койсо, бир тууган байкеме чалып “бизге тез арада акча керек болуп жатат, таап берип тур” дейт. Айтор, сиңдимди көрүнгөндөн карыз суратып, өзү кошо сурап кыйнап салган. Аягында биз, бир туугандары “кой, ажыраш, келечеги жок адам экен, муну менен өмүр бою кыйналып жашайсың” дедик. Сиңдим өзү да макул болду. Мурдагы жылы кышкыга көмүр алабыз деп сиңдим күйөөсүнө 18000 сом карматкан экен, ошол бойдон 2-3 күн жоголуп, картага уттуруп келиптир. "Балдарым менен суук үйдө тоңуп калдык" деп биздикине келип жашашкан. Билесиңер да, Нарында кыштын суугу катуу болот. Айтор, бул күйөөсү сиңдиме көрбөгөн кордукту көрсөттү. Жумушуна чейин келип ызы-чуу чыгарып акча доолап кетип жүрдү.

«Аялы кетип жатканда идиш-аяктарынан бери талашты»

– Буга чейин деле сиңдим күйөөсү менен таарынышып, кайра жарашып, келип-кетип жашап жүргөн. Күйөөсү ортого туугандарын салып, байкуш болуп жетип келчү. Бул жолу сиңдим да тажап, ишенимдүү түрдө ажырашам деп чечкен. Үйүнө барып күйөөсү, туугандары менен сүйлөшүп алып кеттик. Кетип жатканда “муздаткычты бербейм, автомат кир жуугучту, сыналгыны бербейм” деп эркек башы менен казан, идиш-аяктарынан бери талашты. “Сага кайсы керек болсо баарын ал, мага бир тууганымдын аман башы, балдары керек” деп алам деген буюмдарынын баарын таштап, көчүрүп келе бергенбиз. 3 баласын жайкы каникулда айылда жашаган бир тууган байкемдикине жөнөтүп жиберген элек. Бир ай өтпөй эле бекерчи күйөөсү кайра чалып “балдарымды сагындым, жашайм, жарашам” деп баштаптыр. Телефон номерин “кара тизмеге” киргизип койсо, жумушуна чейин аңдып келип жүрүптүр.

«14 жерине бычак сайган, врачтар 3 саат операция жасашты»

– Июль айында сиңдимди ажыраштырып көчүрүп келгенибизде күйөөсү “карап тур, мен сенин байкеңди өлтүрөм, сени да өлтүрүп анан түрмөгө кетем” деген экен. Аделла убактылуу Нарын шаарында батир ижарага алып жашап жаткан, күйөөсү дарегин билбейт болчу. Эгер дарегин билсе, жумушуна барбай эле үйүнө кирип өлтүрүп коймок. Сиңдим 11 жыл ага чыдап жашады да. Күйөөсү мындан ары деле чыдап жашай берет деп ойлогон. Ажырашып кетип калса арданып, ыза болуп, багуучусу, акчасы жок көчөдө калды да. Ошого ушундай мыкаачылык менен өлтүргүсү келди. Жумушунда милиция кызматкери арачалап калбаса сиңдим өлүп калмак. Кудай деле бул байкуш өлүп калса балдарын ким багат деди да (ыйлап). 13-14 жерине бычак сайылган, беттери тилинген, мен өзүм “Тез жардам” кызматы менен облустук ооруканага алып бардым. Кесилген жерлерин врачтар 3 саат тигишти. Азыр деле “качан кирип келип мени өлтүрүп кетет” деп коркуп жатат. Оор психикалык сокку алды. Балдарын жалгыз багып чоңойтуп жаткан эле, минтип бир өлүмдөн аман калды. Мыкаачы күйөөсүнө мыйзам чегиндеги эң оор жаза колдонулушун талап кылабыз. Аны аябайбыз. Эл-журт ушуну талап кылып жатат.

Нарын ОИИБи: «Шектүү эки айга камакка алынды»

– 2024-жылдын 31-август күнү саат 11:00 чамасында Нарын шаарында жайгашкан "Он-Арча базарынан" “жолдошу аялын бычак менен сайып салды” деп милицияга чалуу түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын тургуну, 1982-жылы туулган М.Н. келинчеги, Он-Арча базарынын ичиндеги ашканада тамак таратуучу болуп эмгектенген 1983-жылы туулган С.Аны ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып салгандыгы аныкталган. Натыйжада жабырлануучу облустук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Шектүүнү Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, тергөө иштерин жүргүзүүдө. 1-сентябрь күнү шектүү Нарын шаардык соту тарабынан 2 айга камакка алынды.

Жамиля Жаманбаева, акыйкатчы: “Кыз-келиндерибизге карата зомбулук күчөп жатат”

Биздин Акыйкатчы институтунун  Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүүдө. Жабырлануучу келинге узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат. Шектүү буга чейин деле аялына зордук-зомбулук көрсөтүп келиптир. Ошол себептен  ушул жылдын июль айында келин ажырашууну чечкен экен. Мени өкүндүргөнү кыз-келиндерибизге карата зордук-зомбулук күчөп жатканы. Бул окуяны мен абдан тынчсыздануу менен кабыл алып, укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга чакырат элем. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алышсын. Келиндин балдары учурда бир тууган инисинин кароосунда. 3 баласына пособие алат экен. Мындан ары да өзүбүзгө тиешелүү ыйгарым укуктун негизинде жардам берүүнү улантабыз.

 

Лунара Бекиева        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан