Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Дары кошуп берерде Френк костюмун чечип бийик көтөрүп булгаласа аттары кайдан болсо да чуркап жетип келишет. Аттарын күндө ар кайсы маалда, ар кандай жерде туруп алып чакырат. Чакырарда эч кимге байкатпай лазердик аралыкты ченегичти колуна алып, аттар турган жер менен өзү турган жердин аралыгын ченеп, телефонундагы секундомерин иштетет да, аттар канча убакытта келгенин белгилеп жазып коёт. Дары кошулган жем бергендиктен, аттар да ага көнүп бүтүшүптүр. Каякта жүрүшсө да Френкти көз менен издешип, эки жакты улам карашып күтүп турушат качан жемге чакырат дегенсишип. Кантип үйрөтүп алды мындайга дешип айылдагылар буга таң калып жатышты башында. Френктин өзүнөн сурай алышпайт, сураганда деле ал кантип түшүндүрөт эле? Девидден сурашса, ал дагы билбейм деп койду.

Кээде аттар бирөөнүн айдоо жерине кирип кетишсе балдар айдап чыгып коюшат. Ошентип Френк билинбей эле элге аралашып кетти. Кээде жайытка аттарды түндө кайтарат. Бир күнү түндө Френк Девид экөөсү аэропорттун учак учуп-конуучу тилкесине жакын, жүгөрү эгилген талаага киришип, бир адам бата турган кылып чуңкур казышып, топурагын алыс алып барып төгүштү. Чуңкурдун үстүн эч кимге байкалбашы үчүн атайын топурак жармаштырылган темир капкак менен жаап коюшту. Кичине илмек да жасашты, илмекке жип байлап тартса ачылат да, чуңкурга түшүп, кайра жаап алсаң эч нерсе билинбей калат.

Эсен Кемелов эмне кылышын билбей калды, дегеле эч нерсенин шеги билинбейт, ичинен кээде Гомерди ашатып сөгүп алат. Бир ордунда отура албай калды, улам картага үңүлө карап ойлонот. Эгер президент учакта келсе, учактан түшкөндө эл көп болот. Коопсуздук кызматынын кызматкерлери жандап жүрүшөт, аэропорттон кол сала албайт. Аэропорттон чыккандан кийин машина менен Ала-Букага чейин эч жерге токтобой барса, демек, жолдо коркунуч болбошу керек. Коркунуч Ала-Букада анда, президент жөө жүргөн жерлерде болушу мүмкүн. Ала-Букага чейин ушул аэропортто гана коркунуч болушу мүмкүн, дагы бир текшерип коёлу деп президенттин келерине 5 күн калганда Нурбек менен Кайратты эки күнгө Кербенге жөнөттү. Алардын милдети – президент баруучу жерлерди, жолдорду дыкат карап, жергиликтүү адамдарды изилдеп, шектүү же сырттан келген адам байкалса, же адаттан тыш көрүнүштөр болуп жатса билүү.

Нурбек менен Кайрат Кербенге барышып президент жүрө турган жолдорду майда-чүйдөсүнө чейин дыкат изилдеп чыкмай болушту. Адегенде аэропорттон башташты. Эртең менен саат тогуздарда эскирээк кийим кийип алышып, түшкө чейин аэропорттун учак учуп-конуучу тилкесин карап чыгышты. Күнүмдүк тиричилиги менен дыйкандар жүрүшөт, кой кайтарган балдар байкалды. Алысыраак жерде там салган усталар иштеп жатышат. Эч кандай адаттан тыш көрүнүш жок. Кербен шаарынын дал ортосунда Оштун Сулайман тоосуна окшогон Таш-Дөбө деген чакан тоо бар экен, Кайрат ошол тоого карап туруп:

– Нурбек, сен бул жерде тура тур, мен тиги тоого чыгып карап көрөйүн, мүмкүн, ошол жерден туруп атабыз же бир нерсе кылабыз деп жаткандыр.

– Ой, ал жерден эч ким тийгизе ата албайт да. Алыс аралыгы.

– Балким, ата албайттыр. Эмнеси болсо да чыгып көрөйүнчү. Бир нерсе байкалар, мүмкүн.

– Макул, телефонуңдун чакыруу баргандагы үнүн бийигирээк чыгарып кой, чалсам эле укпай каласың дайым.

Кайрат Таш-Дөбөнүн чокусуна чыгып дүрбү менен аэропорттун айланасын карап жатты. Алаканга салгандай эле көрүнөт экен, бирок мындай алыс жерден эң кыйын көзгө атарың да ата албайт.

Френк эки чоочун адамды эртең менен эле байкаган. Аттарын айдамыш болуп алардын каякка барганын байкап турду да, артынан түшкөн балдар экенин түшүндү. Дароо Девидге чалды:

– Девид, биздин артыбыздан түшкөндөр бар. Азыр аэропортту айланып карап жүрүшөт, бир нерсе кылышыбыз керек.

– Эмнеге антип ойлойсуң, мүмкүн, ушул жерлик, жөн эле жүргөн адамдар болсочу?

– Жок, эки сааттан бери артынан аңдып жүрөм, бул жерлик эмес, эч ким менен учурашып же сүйлөшүшкөн жок. Же бир дайындуу бүтүргөн жумушу жок. Буларды жок кылышыбыз керек.

– Эмнеге, мүмкүн, эч нерсе билбей калышар.

– Жок, мен акчамды алышым керек, мага эч ким тоскоол боло албайт. Эгер булар аттардын сеники экенин билишсе дароо эле түшүнүшөт. Бул жакка бүгүн эле келишти окшойт. Жакында кетишпейт, балким. Макул, бүгүн байкайлы эмне кылышар экен, эгер биздин артыбыздан түшүшкөнү анык болсо, жок кылыш керек болот.

– Макул, этият болуп байкаштырайын буларды.

Кайрат учуп-конуучу тилкени кесип өтүп, жолдо турган машинесин айдап бир жакка кеткенде Френк дароо Девидге чалды:

– Девид, бирөөсү машине менен бир жакка кетти, тез артынан түш. Каякка барганын бил,- деп машиненин үлгүсүн, мамлекеттик номерин айтты.

Девид шашыла машинесин айдап чыккыча Кайрат шаарды аралап кирип кетти. Артынан канчалык катуу айдаса да таппай калды. Кербендин көчөлөрүн кыдырып издеп таппай койду да, кайра үйүнө барып, тамдын чатырына чыгып алып анын шеригин дүрбү менен аңдып отурду.

Френк аттарын атайын аэропорт жакка буруп коюп бир талдын көлөкөсүнө жатып алды, аттары аэропорттун тилкесине жакындаганда барып артка айдаган адам болуп, Нурбек басып жүргөн тарап көрүнө турган жерге барып жатып алат.

Кайрат болсо Таш-Дөбөнүн үстүндө баарын көрүп турду, бирок Френкке көңүл бурган жок. Андан башка да 5-6 адам кой-козуларын кайтарып жүргөн, ошондуктан Френк ага өөн учураган жок.

Бир маалда Френк Нурбекти таппай калды. Жарым сааттай эч кимге байкатпай издеп, көрө алган жок. Девидге чалды эле, ал да байкабаптыр. Дагы жарым сааттай карап турду да, оюна ар нерсе келип, аттарын акырын Нурбек жүргөн жакка айдап жөнөдү. Аттар оттоп, жай басып баратышты. Жарым сааттай жүргөндө Нурбек көрүндү. Френк аттарын кайра арт жакка буруп коюп, көлөкөгө жатып алды. Нурбекти карайм деп жылып отуруп короолонгон жерге келип калыптыр. Аттар бирөөнүн короосуна кирип кеткен экен, ээси чыгып аттарды кууп калды. Френк бөкчөңдөй чуркап аттарын алысыраак айдап кетти. Кайрат баарын көрүп турган, жылкы кайтарган Френкке баары бир көңүлү бурулду. Кенен жер турса аттарын бирөөнүн короосуна жакын айдап барганы кызыктырды. Үйлөр турган жерде жылкы оттой турган чөп деле аз, эмнеге ошол жакка жайды аттарды? “Кой, ар нерсени ойлоп алагды болбоюн” деп кайра аэропорт жакка дүрбү салды. Жарым сааттай отуруп көзү дагы жанагы аттарга түштү, оюна бир нерсе кылт деди. Дароо Нурбекти карады, ал кайдан тапканы белгисиз, бир кетмен көтөрүп алыптыр. Арык бойлоп кой баккан балдар жакта жүрүптүр. Чамасы, балдар менен сүйлөшөйүн деп жаткан окшойт, телефон чалды:

– Нурбек, мага бир ой келди. Азыр тилкенин жээги менен түндүк тарапты көздөй шашпай бас. Бир чоң тал турат го, ошого жеткенде жүгөрүнүн арасына чуркап кирип кетчи. Бир нерсени текшерип көрөйүн.

– Макул.

Нурбек Кайрат айткандай кылды баарын, жүгөрү адам бою болуп калган эле, чуркап кирип отуруп калды. Френк уктамыш болуп, бирок баарын байкап отурган. Нурбек чуркаганда ордунан ыргып турганын өзү байкабай калды. Оюна бир нерсе келди окшойт, кайра дароо жата калды да өзүнчө сөгүнүп алды. Уктамыш болуп көпкө жатты...

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1135, 5-11-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан