Исхак Масалиев, депутат: «Экс-президент деген макамга Алмазбек Атамбаев гана татыктуу»

Өткөн жумада депутат Исхак Масалиев “Кыргызстан учурда Украина менен согушуп жаткан Орусияга жардам бериши керек” деп айтып чыгып сынга кабылды. Коомдун бир бөлүгү Масалиевди кошоматчы деп чыкты. Бирок “сөздүн төркүнү башкада болчу” дейт депутат. Эмнеден улам мындай демилге көтөрүлдү? Жоопту төмөнкү маектен таба аласыз. 

– Саламатсызбы, Исхак мырза? Аскар Акаев “экс-президент” деген макамын калыбына келтирүүнү көздөп Жогорку Кеңешке кайрылды. Буга кандай көз караштасыз? 

– Акаевге “экс-президент” макамынын берилишине каршымын. Биринчиден, Союздан калган көптөгөн завод-фабрикаларды талкалап жок кылды, жеке менчикке өткөрүп берип салды. Биз азыр бир жеке ишкер завод ачса сүйүнүп, топурап чуркап барып жатпайбызбы. Союздук заводдор сакталып калганда өлкө азыркы абалга кептелмек эмес. Өзбекстан менен Казакстан талкалабай сактап калган, мына, азыр ийгиликтүү иштетип жатышат. Акаев экономиканын “пачагын” чыгаргандан кийин көптөр оор турмуштун айынан чаар сумкасын көтөрүп чет жакка иштегени чыгып кетишти. Акаев 2000-жылдан 2005-жылга чейин мыйзамсыз иштеген, анткени Конституцияда бир киши эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт деп так-даана жазылган. 2005-жылы баласынын, кызынын Жогорку Кеңешке депутат болушуна жол ачты, ага чейин бир дагы мамлекеттик жетекчи балдарын чоң кызматтарга жолотпойт эле. Аксыда атылган 6 кишинин өлүмү үчүн да жооптуу.

– Демек?..

– 80деги аксакалды камаш керек деп айтпайм, бирок моралдык жоопкерчилик деген болуш керек да. Негизи бул маселени парламент карабашы керек, мыйзам боюнча мурунку президентке “экс-президент” деген макамды жаңы шайланган кийинки президент бекитип берет. Ушунчалык эле керек болсо, Садыр Жапаровго кайрылсын. Анда Талант Мамытовго да “экс-президент” деген макам бериш керекпи? Анткени ал дагы 4-5 ай президенттин милдетин аткарып, мыйзамдарга, токтомдорго кол койгон, Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитип берген. Бизде “экс-президент” макамына татыктуу бирөө эле – Атамбаев. Анткени толук мөөнөт иштеп, бийлигин тапшырып кетти. Отунбаева президенттин милдетин аткарды, Бакиев мөөнөтүнөн мурда кетти, Жээнбеков да толук иштеген жок. Негизи “экс-президент” деген макамды жоюп эле салыш керек, президенттиги бүткөндөн кийин жөнөкөй жаран катары эле жүрө бергени туура.

– Парламент трибунасынан “Украина менен согушуп жаткан Орусияга жардам берели” деп чыктыңыз. Эмне максатты көздөгөн сунуш бул?

– Биздин өлкөдө аты-жөнүн жашырган “интернет баатырлары”, “патриоттор” абдан көп экен. Дарегиме айтылган сындарды окудум, “согушка өзүң бар, балдарыңды жибер” деп жазып жатышты. Биринчиден, мен эч кимди согушка баргыла деп чакырган жокмун. Ар бир мамлекет өзүнүн алына жараша иш кылат. Бирок биз Орусия менен 4 уюмда мүчөбүз, келишимде бири-бирибизге жардам беришибиз керек деген милдеттер бар. Жардам берүүнүн ар кандай формасы бар да, тамак-аш, кийим-кече сыяктуу, сөзсүз эле курал көтөрүп согушуу эмес. Мына, Түркия менен Венгрия украиндер менен орустарды жараштырууга аракет кылышты, ошентип жараштырууга аракет кылсак эмнеге болбосун? Орусияга каршы жарыяланган санкциялардын азабын биз да тартып жатабыз, миллиондогон мигранттар акчасын өлкөбүзгө которо албай калуу коркунучунда турат. Бир жылда мигранттар өлкөгө 2 миллиард доллар которушат экен. Санкцияларды колдойбуз деп 10 жылда түшүүчү 20 миллиард доллардан баш тартканы жатпайбызбы. Орусияда мигранттардын абалын оорлоткон мыйзамдар сунушталууда. Мына, ушул себептүү бир позицияга келели, Орусия менен түзмө-түз сүйлөшүп, көйгөйдү чечишип алалы деген ойдо айткам.

– Орусияга жардам берели дегениңизди кийинки шайлоолордо Орусиянын колдоосуна ээ болуу аракети деп баалагандар чыкты...

– Азыр Орусия эч кимди колдобойт, өзү баш-аягын жыя албай жатат. Бизде Орусия колдоду деген бир дагы партия жок.

– Депутат кесиптештериңиздин мандат тапшыруу эстафетасы боюнча кандай ойдосуз? Өз пикири бар, бийликке сын айта алчулар кетип жатабы же...

– Кеткендердин баары эле сын айтып, кыйкыргандар эмес. Арасында азыркы бийликке кызмат өтөгөндөр деле бар. Ооз ачкандардан Адахан Мадумаров, Тазабек Икрамов, Нуржигит Кадырбеков, калгандары тынч эле жүргөндөр. Бул эми табигый процесс. Демек, кезинде туура эмес иштерге аралашкан, мыйзам бузушкан, анан аларды чакырып туруп “ушундай иштериң бар, камайбыз же өз арызың менен мандатыңды тапшырып, акчаны ордуна кой” деген талапты коюшту болуш керек. Мандатын тапшырып кетишинин чыныгы себебин эч кимиси айткан жок да. Бирок элдин колдоосу менен шайланып келип, жарым мөөнөтүн иштегенде кеттим дешкени кызыктай эле болуп калды.

– Бул эстафета сизге да жетип калышы мүмкүнбү?

– Жок, мага неге жетмек эле? Мандат тапшырып берүү көрүнүшүнүн бир жакшы жери – туура эмес ишке аралашкандар эми депутаттыкка ат салышууда кичине ойлонот. Депутат болуп эч нерсе чечпесем, кадр дайындай албасам, акча бөлүштүрүүгө тиешем жок болсо, "бирөөсүнө туура эмес суроо берип алып балээге калбайын, сын айтсам камап коёт деп корксом, анда мага эмне кереги бар мандаттын?" деп ойлонот болуш керек эми.

– Эдил Байсалов мырза “парламент мындан ары кнопка баскыч гана милдетти аткарышы керек” деген эле 2 жыл мурун. Ошол абалга аз калгандай сезилбейби сизге?

– Ооба, парламент алсызбыз, себеби өлкөдө президенттик бийлик орнотулду. Азыр баары президентке баш ийет. Өкмөткө, президентке каршы бир нерсе кыла турган алыбыз жок. Мен-мен деген депутаттар саналуу гана болуп жатат. Унчукпагандарды урушуп кереги жок, анткени алар ошол бийликтин командасы менен шайланып келген. Мына, 2 жылдан кийин кайрадан шайлоо болот, бийлик азыркыдан да ашып түшчү “хоп, ляппай” деген команданы чогултат. Бирок бул нерсе деле убактылуу, эгер президенттин же өкмөт башчынын позициясы солкулдап калса, биринчи болуп депутаттар тепкилеп чыгышат. “Алга, Кыргызстанды”, “Ак жолду”, КСДПны көрдүк да, башында укмуш партия болушат, кожоюндары кеткенден кийин эле эч ким эмес. Бизде принципиалдуу, идеологиясын сактаган 2-3 эле партия бар. Калгандары баары убактылуу, шайлоо учурунда гана түзүлгөндөр.

– Июнь айында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясына жетекчи болуп шайландыңыз, фракциянын учурдагы позициясы кандай?

– “Бүтүн Кыргызстан” бийликчил эмес го... Эки жаңы депутат келди, бирок алар оппозициячыл эмес. Сын-пикир айткан партиябыз десем болот. Бир депутатты фракциябыздан чыгарып койгонбуз. Бизге тоскоол болсоң, жамандасаң, анда сыртта эле аман-эсен жүрө берчи деп. Ал азыр эркин депутат. Биз бийликке сын айтсак, сөзсүз сунушту кошо айтабыз. Акылбек Жапаровду отставкага кетсин десем, ага жүйөлөрдү келтирем. Мына, 3 жылда бүт министрлер алмашып кетти, ал эмнеге жооп бербейт? 3 жылда 30 ГЭС курабыз, мал базарлардын баарын асфальттап берем деген, кана анын баары? Жаңы учак алдык деп аэропортко шагырап барып тосуп алган уят эмеспи? Жанагы бажы, салык боюнча да ышкыртып жатат. Салыктын көрсөткүчүнө 64-70 миллиард сом Соцфонддун акчасын кошуп алышкан, ал бюджетке кошулбайт да. Ал элдин пенсиясы, демек, ошол акчаны пайдаланып, иштетип жатышат да. Экинчиден, учурда бизге Кытай көп өлчөмдө импорт кылууда, ал импорттолгон буюм-тайымдар Орусияга кетет, ошондо бюджетке каражат биз курган завод-фабрикалардан эмес, бажыдан түшүп жатат.

Лунара Бекиева        

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1136, 12-18-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан