(Башы өткөн сандарда)
Жашы бир топко барып калганына карабай Жусуп менен ажырашып кетти Жаркын. Өмүр бою анын айтканынан чыкпай, үн катпай анын бардык чечимдерине макул болуп келген аялдын бул жоругу Жусупту өзүнөн чыгарып жиберди. “Мен сени жөн койбойм” деп жатты ичинен. “Ата, бир аял сиз менен жашабайм деп жатса зордойсузбу?” деди Жанат өгүздөй өкүрүп жаткан атасына. Ошентип үй-бүлөдө акырындап баары өз ордуна келе баштады. Канаттын үйлөнүү тою жакындап калды. Шооланын ай-күнү да жакындоодо. Көптөн берки бир бейпилдикти тапкандай баарынын жүрөгү тынч эле.
ххх
Айылдын чаң жолунда бир аял келатты, ал Жаркын болчу. Уулдары “жеткирип келели” десе такыр болбоду. Анткени өтмүшү менен өзү биринчи жүздөшүүсү керек эле. Ала качып кеткенде атасынын “мени сыйласа, отурсун” деп койгон чечимине, анын сөзүн эки кылбай аткарган апасына аябай таарынган эле. Жакын жерге турмушка чыкса да, ата-энесинин үйүнө көп каттачу эмес. Кийин иниси Орусияга кетип, үй-бүлөсү менен ошол жакта отурукташып калган. Ата-энесинин көзү өтүп кеткенден бери бул үйдө эч ким жашабайт. Кароосуз калган короого келгенде аргасыз аялдын көзүнөн жаш тегеренди. Атасы азыр дарбазаны ачып чыга келчүдөй, апасы жоолугун оңдоп үйдөн чалынып-чулунуп чыга калып кучактачудай сезилип кетти. Ушунчалык сагынган экен. Эшикти, терезени, короону карап алып ыйлап жиберди. Көпкө ыйлады. Бир кезде көзүнүн жашын сүртүп ордунан турду. Эшикти ачып, бөлмөлөрдү желдете баштады. Эмне кылып үйдү оңдош керек экенин мээсине жазып чыкты. Акырындап ишке ашыра баштады. Акыры бир айда кароосуз калган үй-жай көркүнө чыга баштады. Ойлоп көрсө, Жаркын өмүрүнүн ушул бир айы гана бактылуу өтүптүр. Көрсө, ал эч качан өзү менен өзү болбогон экен. Ага тагылган ролду гана жакшы аткарыптыр, эч качан “мага эмне керек?” деп сурабаптыр. Атасынын жакшы кызы, күйөөсүнүн баш ийген жары, уулдарынын мээримдүү апасы болуптур. Кайсы курагында кандай роль ыйгарылса, ошону эле аткарыптыр. Ал эми Жаркын деген аялдын жүрөгүнө үңүлүп деле койбогон экен. Күн өткөн сайын жаралары айыгып жатты. Ата-энесин кечирди. Өтмүшүн коё берди. Бир күнү эшиктин алдына бир машине келип токтогондо жүрөгү селт этти. Бул Султан экенин айттырбай билди. Тээ көкүрөгүнүн түпкүрүндө анын издеп келерин сезген эле. Ал тургай күтүп да жүргөн. Үн катпай тосуп алды. Айтыла турган сөздөр айтылып бүткөндөй үнсүз бир топко отурушту.
– Кайдан билдиң айылда экенимди?
– Жанат айтты.
– Кандайча? – деди таң калган Жаркын.
– Ал биз тууралуу билет экен.
– Кантип? Кандайча?
– Көп жыл мурун эле билгем деди.
Жаркын купкуу болуп кетти. Канат да билет болду бекен деген ойдон жүрөгү үшүп кетти.
– Коркпо, Канат билбейт. Ал, балким, шектенбейт деле болуш керек. Жанат мени бир көргөндө эле Канатка окшоштугумдан улам шектениптир. Кийин сенин мага келип жолукканыңды көрүптүр. Анан атасы менен ажырашканыңда Канаттын атасы так мен экеним анык болгонун айтты.
– Жанатка телефон чалышым керек, – деди калтыраган Жаркын.
– Жок, Жанатка чалбай эле кой. Мен ага эскерттим, анан да ал өзү деле бала эмес. Баарына акылы жетип турган адам. Керек учурда өзүм айта турганымды айттым. Ал макул деди. Сен коркпо.
– Канат билбеши керек!
– Эмнеге?
– Анын көкүрөгү ушунчалык таза, абдан ишенчээк адам. Мага болгон ишеними сынышын такыр каалабайм. Уулубузда адамдардан башкача бир сапаттар бар.
– Ал менин уулум экени акыйкат эмеспи? – деди кейиген Султан.
– Акыйкат, эч кайда кутула албай турган акыйкат. Жанды кейиткен, эч кача албай турган чындык. Көтөрө алгыс, моюндагы жүк, а балким, уулубуздун ою боюнча – күнөө. Бирок мен ал кезде бала элем да. Тагдыр мындай болот деп эч ойлогон эмесмин.
– Менин да күнөөм бар. Сен ал баланы жалгыз жасап алган жоксуң. Менин да бул иште жоопкерчилигим бар. Мен сүйлөшөм. Тагдыр экенин, биз мындай болушун каалабаганыбызды айтам. Канат түшүнөт, анткени акылдуу жигит.
– Жок! Мен өлгөндөн кийин, балким, айтарсың. Тирүүмдө акыйкат болсо да айттырбайм.
– Ал эмне дегениң?
Султан аны коркуп карап калды. Жаркын жылмайып койду.
– Коркпо, эч бир жерим оорубайт. Өлүп кала турган деле абалда эмесмин.
– Мындан ары эмне кыласың?
– Жашайм, эркин жана бактылуу болуп жашайм. Акыры жеттим. Бир ай! 60 жашка келдим, бирок ушул бир айдагыдай өмүрү бактылуу болгон эмесмин. Бейпилдик келди жүрөгүмө. Балким, балдарымдын өз ордун тапканынан улам. Же сени көргөндөн улам... Же Жусуп менен ажырашканым үчүн... Билбейм, акыры мен эңсеген бейпилдикти таптым. Ата-энемдин үйүндө мындан ары бактылуу жашайм.
– Балким, мындан аркы өмүрдү чогуу жашаарбыз?
Жаркын жай гана башын чайкады.
– Бир буюмду жолдон түшүрүп коюп, кайтып келип таап алсаң болот. Бакытты кайдан... Бакытты антип таба албайсың. Жоготтуңбу, аны табыш кыйын.
– Бирок мен келбедимби? Мен жалгызмын, Жаркын. Сендей эле жаралуумун. Уулумду жоготтум, үй-бүлөм чачырады. Эң башкысы, өзүмдү жоготуп, кайра бир-бирден кураштырып жасап чыктым. Көп нерсе көрдүм. Чалындым, жыгылдым, турдум, учтум, бай болдум, атагым чыкты. Бирок...
– Бироктун жообу менде эмес, Султан. Мен сага азыр бакытты убада кыла албайм. Жараларыңа даба болорум да күмөн. Сен кеч келбедиңби?.. Ошол убакта келсең кана?!
– Эми эмне кылабыз?
– Жашайбыз, Канат үчүн. Алыстан карап болсо да каниет кыла турган күчтү уулуңдан аласың.
Башын көтөргөн Жаркын катып калды. Так маңдайында алардын сөзүнө кулак сала уулу Канат менен Жусуп турган эле. Эки бетин колу менен баса калды. Жусуп сөөмөйүн кезей кыйкырды.
– Мына, мурунку ашыгын таап алган турбайбы? Канат, уулум, өз көзүң менен бул экөөнүн абийирсиздигин көр.
Жусуп дагы бир нерселерди айтып жулунуп кыйкырып жатты, эки кулагы чуулдаган Жаркын эч нерсе дей албады. Бир көргөнү – купкуу болгон Канат болчу. Султан да бир нерселерди кыйкырып Жусупту жакадан алганын көрдү. Канат гана ордунан жылбай апасын телмире тиктеп тура берди. Бул көз караштын алдында бир өлүп, бир тирилип бара жатты Жаркын.
– Апа? Чынбы?
Жаркын башын чайкады.
– Бүтүндөй аалам келип сеники туура эмес десе ишенбейм, апа. Мен бир гана сага ишенем. Ошондуктан мага чындыкты жашырбай айт. Менин атам ким?
– Уулум! – деди калтыраган эне.
– Апа, менин атам ким?
Жаркын үчүн кыямат кайым ушул күн сыяктуу сезилди. Мындан ары бул нерсени көтөрүп жашай албасын билди. Кайратына келе акырын үн катты.
– Сенин атаң Султан!
(Уландысы кийинки санда)