Саясат жана коом

Өлкөдө медициналык жабдыктардын 40 пайызы жаңылоого муктаж

Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жабдыктардын 40 пайызы жаңылоого муктаж экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов 10-сентябрда Бишкекте өткөн эл аралык форумда билдирди. Айтымында, эскирген жабдыктар Кыргыз медицинасы кабылган көйгөйлөрдүн бири гана. Андан тышкары заманбап, көп тармактуу ооруканалардын жоктугу, медициналык мекемелерде инфраструктуранын эскиргени, шаардык ооруканалардын тардыгы жана эски стандарттар менен курулганы да медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына терс таасир тийгизип жатканын белгилейт чиновник. Эски ооруканаларды жаңылоо, жаңы ооруканаларды куруу жана жабдыктарын модернизациялоо боюнча бир катар долбоорлор иштеп жатканын да айтат. Алардын бири – Бишкек шаарындагы балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү иши деди Исмаилов. Аталган долбоорду "Сауд өнүктүрүү фонду" каржылап жатат.

Айта кетсек, 2024-жылга Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына мамлекеттик казынадан 40 миллиард сом каралган. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, бул сумма 2010-жылдагыдан 8 эсе көп. 2023-жылы аталган тармакка 37,2 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан Жапаров. 

Мектептеги “дедовщинадан” 1 окуучу каза тапты

Чүйдүн Комсомол айылында мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты. 9-сентябрда Чүй
ОИИББи чуулгандуу окуя боюнча маалымат берди, ага таянсак, окуяда каза болгон бала 15 жашта эле. Билим берүү жана илим министрлиги окуя сабактан тышкары учурда болгонун маалымдады. 16 жаштагы окуучу 15 жаштагы 30дай баланы мектептен алысыраак жерге топтоп, аларды уруп жатканда бир бала өзүн жаман сезип, каза болуп калган. “Тез жардам” чакырылып, бирок баланын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Министрлик мектеп аймагынан жана окуу убактысынан тышкары жүргөн окуучулардын коопсуздугу жана өмүрү үчүн ата-энелер толук жооптуу экенин билдирет.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектелип кармалган бала соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Алгач окуя боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөдөн кийин “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болду. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1136, 12-18-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан