(Башы өткөн сандарда)
Кайрат дүрбү менен Френкти карап турган, Френк ордунан ыргып турган маалда шамалдан улам Кайраттын көзүнө жаш келип кетип, аны аарчып алып кайра тиктеген учурда Френк ордуна кайра жата калууга жетишкен болчу. Кайрат жакшы түшүнбөй калды, уктап жаткан адам ордунан бир оодарылгандай гана көрүндү. Өзүнө жини келди, ушундай маанилүү учурду колдон чыгарганына. Нурбек чалды:
– Эмне болду, бир нерсени байкадыңбы? Мени эмнеге чуркаттың?
Кайрат эмне дээрин билбей, ичинен “макул, эртең бир нерсе кыларбыз” деди:
– Жок, эч нерсе жок, бир нерсени текшердим да, кечинде айтам, – деп койду. Эсенге чалайын деди, бирок эмне деп айтат эле, адегенде аныгын билейин, андан кийин айтам деп кайра ал оюнан кайтты.
Френктен көзүн албай карап отурду, Френк жатат кыймылдабай, маал-маалда туруп аттарын карап коёт да кайра жатат. Бир маалда ордунан акырын туруп жакын жердеги жүгөрү талаага кирип, эч кимге көрүнбөй турганына көзү жеткенде Девидге чалды:
– Девид, аэропорт көрүнө турган бийик жерлерди дүрбү менен карап чыкчы, мени бирөө аңдып жатат окшойт. Бийик имараттарды, дарактардын башын кара. Бир нерсе байкасаң дароо мага жазып жибер. Мен азыр көрүнө турган жерге чыгып ары-бери басып турам.
Девид тамдын чатырынын астында отуруп алып айланага дүрбү сала баштады. Оюна Таш-Дөбө келди, көз жүгүртүп, тоонун үстүндө дүрбү салып жаткан Кайратты дароо эле тааныды. Көпкө чейин карап туруп, Кайраттын Френкти аңдып турганын түшүндү. Френкке СМС жөнөтүп жиберди. Френк талдын түбүнө отуруп насыбай чеккендей түр көрсөтүп, телефондогу СМСти окуду да, аттарын берирээк айдап коюп кайра жатып алды. Ошол бойдон эч кандай аракет кылган жок. Девидге чалып:
– Тоодогусунан көзүңдү алба, ар бир кадамын мага айтып тур, эки күн калды. Бизге кымындай да нерсе тоскоол болбошу керек, буларды бүгүн түндө жок кылабыз, – деп катуу дайындады.
Девид Кайраттан көзүн албай карап отурду. Ал Френкти дагы бир сааттай тиктеп жатты да, тоодон түшүп аэропорт тарапка жөнөдү. Девид дароо Френкке чалды:
– Тоодогусу түшүп келатат, аэропортко барат болуш керек. Эмне кылайын?
– Тез артынан түш, кетиши да мүмкүн, каерде жашаганын бил.
Девид машинасын айдап чыгып аэропортко кеткен жолдун жээгинде күтүп отурду. Кайрат аэропорт тарапка өтүп, он беш мүнөттөн кийин Нурбек экөө кайра шаарга кирип кетишти. Девид алысыраактан артынан түштү. Кайрат менен Нурбек Кербенден бир үйдү ижарага алышкан эле, алар үйгө кирип кетишкенде даректи, жолду жакшылап жаттап калды да, Девид артка кайтты.
Кайрат үйгө келери менен Нурбекке баарын айтып берди. Экөө бүгүнкү окуяны Эсенге айталы-айтпайлы деп чече албай отурушуп, акырында эртең, бир аныгын билип алып анан айтмай болушту. Мүмкүн, жок эле нерсеге чуу чыгарып жүрбөйлү, президенттин келерине аз калганда Эсенди ал жактан чакырып алып алагды кылбайлы деп чечишти. Күндө кечинде кылган иштерин, байкоолорун кенен түшүндүрүп отчёт жазышы керек эле, Френкти кошпостон, калганын толук жазып отчёт беришти. Девид үйүнө келсе Френк аны күтүп отурган экен.
– Эмне кылабыз? Сөзсүз эле жок кылышыбыз керекпи?
– Башка жолубуз жок, бүгүндөн калтырбаш керек. Үйүнө барабыз кечинде.
Девид да башка жол жок экенин түшүнүп турду. Экөө көпкө чейин эмне кылышты сүйлөшүп отурушту.
Түнкү саат бирлерде Девид менен Френк үйдөн эч кимге көрүнбөй чыгып, Кербен шаарынын борборун көздөй жөнөштү. Жолдо адамдар көрүнүп калса жашына калышып, айтор, бир саат дегенде жетип келишти. Үй тар көчөдө болчу, капкараңгы, эч кандай жарык жок эле, анда-санда гана машина өтпөсө, дээрлик кыймыл байкалбайт. Френк акырын дарбазаны түртүп көрдү, ит жок окшойт, тынч. Чакан эле үй экен, көчө тараптагы терезеси ачык турат. Френк терезенин түбүнө келип акырын тыңшап көрүп, Девидге карап “кирдик, эч ким жок” дегендей колун жаңсап, өзү биринчи кирип кетти. Бутун сүйрөп баскан жылкычы Френк эмес эле, мышыктай чапчаң, терезеден көз ачып жумганча кирди. Артынан Девид кирди, төрт бөлмөлүү үй экен, баарын карап чыгышты, эч ким жок. Девид Френкти колунан тартып:
– Сыртта топчанда жатышы мүмкүн, – деп акырын шыбырады.
Огород тараптагы терезенин тушунда топчан туруптур, чымын-чиркей кирбесин дегени окшойт, жука ак материал менен айланта курчалыптыр, ичи көрүнбөйт. Френк Девидге “ушул жерде эки жакты карап тур” деди да, өзү шыбырт чыгарбай терезеден секирип түштү. Акырын басып топчандын арт жагына өтүп кетти да, Девидге көрүнбөй калды. Девид үн чыгарбас тапанчасын даярдап, сак турат. Френк үч мүнөт көрүнбөй калды да, кайра чуркап келип терезеден кирип, “кеттик” дегендей белги берди. Экөө сыртка чыгып, терезени жаап коюп кетип калышты. “Балдардын эле телефондору да”... Френк эки уюлдук телефон ала чыккан экен, аларды Кербенди аралай аккан каналдын жээгине көмүп, изи билинбесин деп үстүн ылай менен бастырып, анын үстүнө чөп таштап койду. Үйгө жеткенче экөө сүйлөшүшкөн жок, эч кимге көрүнбөй жашынып жүрүп отурушту. Үйгө киргенде гана Френк:
– Мага жок дегенде дагы он пайыз акча кошушат. Кой, мен жаттым, эртең эрте турушум керек, – деп оң колун кармалап калды: – Аз жерден колумду сындырып коё жаздашты, карабайсыңбы көгөрүп кеткенин. Дагы деле ооруп жатат, катуу сокку болгон окшойт, – деп колун укалаган бойдон өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Френк эртең мененки саат алтыларда Девидди ойготуп:
– Азыр кечээ телефондорду көмгөн жерге барып карап тур. Ким келсе да сүрөткө тартып мага жөнөтөсүң, этият бол, сени эч ким байкабашы керек, – деди да, адатынча эски кийимин кийип, аттарын айдап талаага кетти.
Эсен Кемелов сыртынан билдирбегени менен, ичинен өрттөнүп жатты, эртеси күнү президент учуп келмек. Либер өзү Ысык-Көлдө калганы менен, 5 адамын Ала-Букага жөнөтүп, азыр алар ар бири ар шылтоону айтып ушул жерде жүрүшөт. Москвадан Илхом да тез-тез чала баштады, эки жолу “шеф” менен да сүйлөштү. Азыр да Илхом менен сүйлөшүп жаткан, Дима кирип келип бөлмөнүн ортосунда туруп калды, көзүнөн бир тынчсыздануу байкалып турат. Илхом менен сүйлөшүп бүтүп эле Диманы карады.
– Эсен Кемелович, Нурбектер жооп бербей жатышат, таң эртеден бери чалып байланыша албай жатам, телефондорунан эч кандай сигнал жок.
– Эмне, такыр эле өчүкпү?
– Ооба, акыркы кыймылды байкасам, алар жашаган жерден бир жарым чакырымдай алыстыктан сигнал жоголгон, ошол бойдон жок.
– Сен ушул жерде кал, а мен Кылыч менен Кербенге кеттим, ар жарым саат сайын Кылычка чалып тур. Башталды окшойт, этият бол. Олегге да айт, этият болсун, сага саат сайын чалып турсун.
Кылыч машинени чаң ызгыта катуу айдап Аксыга жөнөштү, Эсендин тизесинде ноутбук. Атайын программа орнотулган, кол алдында иштегендердин уюлдук телефондору аркылуу алардын кайсы жерде жүргөнүн, саат канчада кайсы жерлерде болгонун картадан көрсөтүп турат. Нурбек менен Кайраттын телефонунун сигналдарын кууп, алардын акыркы эки күндө кайсы жерлерге барганын, убакыттарын билди да, картага белгилеп чийип алды...
(Уландысы кийинки санда)