Жакшылык Аматов, актёр: «Жубайым мага чоткий күйөөсүң деди»

Күлкү жаратуучу, тамада Жакшылык Аматов тасмаларга тартылып, актёр катары да өзүн сыноодо. Эми ырчылыкка да аттанышы мүмкүн экенин айтат ал. 

– Жакшылык, кандайсыз? Атыңызды ким койгон?

– Жакшы. Атымды апам койгон, жакшы балдардан болсун, жакшылык алып келсин деп атымды Жакшылык деп коюптур.

– Тасмаларга тартылып жатасыз, актёр болуу жактыбы же бул тармак сиз элестеткендей эмес бекен?

– Кино тартуу процесси башкача тура. Биз сахнага чыгып жүрөбүз, сахнанын ырахаты башка, кинонуку такыр башка экен. Мага тартуу процесси да, тартуу аянтчасы да жакты. Баарынан – “стоп, снято” деген жери жакты (күлүп).

– Кайсы тасмаларга тартылдыңыз? Аларды экрандан көргөндөн кийин актёр катары өзүңүзгө өзүңүз жактыңызбы? 

– Акыркыларынан айтсам, “Фанатка” жана “Адат” деген тасмаларга тартылдым. “Фанатка” айыл жергесинде тартылды, айылда болгон окуялар. Айылда бүт баарынан кабардар, ким кайда, эмне иш кылып жатканын билген адамдар болот го, кинодо ошондой адамдын образын жараттым. Ал эми “Адатта” беш достун биримин, куудул жигиттин ролундамын. Негизи, өзүм тартылган тасманы экрандан көргөндө купулума көп толо бербейт, “ка-ап, мындай кылып койсом болмок экен, минтип аткарсам болмок” деген ойлор сөзсүз болот.

– “Фанатка” тасмасына тартылууда кандай кызыктар болду?

– Тартуу иши мен үчүн күтүүсүз башталып калды. Кечкиге той алпарууга буюртма алып алган элем, Кадыр аке (ред.: Жарматов) чалып, “тез келе кал, тасманы тартыш керек болуп жатат” деп калды. Шашып-бушуп бардым, мен катышкан эпизоддордун баарын тартып бүттүк. Анан эле “сен тартыла турган эпизоддор башка жерден тартылышы керек экен” деп жатышпайбы. Адатта, бир жакка шашып жатканыңда ортодон башка да иштер чыгып калат эмеспи. Ошентип кайрадан тартылууга туура келди.

– Тойдогу окуялардын эсте калганы кайсылар сизде?

– Бир тойдо оюн уюштуруп, берилчү байгени колума алып “ким бүгүнкү тойго эрте келди?” деп сурамжылоо кылып жаткам. Төр жактан бир аке “бери кел” деп чакырды. “Оу, саат канчада келдиңиз, аке?” деп барсам эле, “ме” деп туруп башы менен бетиме бир сүзүп жатпайбы (күлүп). Же урушарымды, же күлөрүмдү билбей, “сиз убагында келбепсиз, аке” деп кетип калдым. Бул тамадалыкка жаңыдан киришип жаткан мезгил эле, такыр эсимден кетпейт.

Дагы бир тойдо оюнга кишилерди чыгарып, эми баштайын деп жатсам бирөө колумдан жулкулдатып, кичине масыраак экен, ары жакка тартып кетти. Эмне болуп кетти десем ал киши “тетиги байгелер кимдин атынан келди, билесиңби?” деп кекетип кирди. “Өкүл атанын атынан келди” десем, “ошону айтпайсыңбы” дейт. “Биринчи байгелерди берип, анан кимдин атынан келгенин айтам да” деп араң тынчтандыргам. 

– Өзүңүздү актёр, күлкү жаратуучу, тамада же ким деп атайсыз?

– Өзүмдү юморист, анан шоу-бизнесмен деп эсептейм (күлүп).

– Актёр болуш үчүн окуп билим алыш керек деп ойлойсузбу?

– Жок, билим алыш шарт эмес деп ойлойм. Эми көп ролдорду катыра ойногон, бирок актёрлукка окубаган деле актёрлор бар. Бизде деле, чет өлкөлөрдө деле көп андайлар. Башкысы – каалоо жана аракет болуш керек.

– Өзүңүз тууралуу 5 факт айтсаңыз...

– Боорукер, жалкоо... Калганын мени таанып-билгендер айтып койсо болобу?

– Макул. Негизи эңсеген кесибиңиз эмне болчу?

– Бала кезде ырчы болсом деп кыялданчумун. Азыр акырын-акырын ырдап жатам, бирок ырчы эмесмин. Буюрса, ырчы да болуп калармын (күлүп).

– Акырын ырдап жатам дегениңиз эмне ошондо?

– Ырдап, үн жаздырып көрүп жатам акырындан. Бирок жаздырган ырларым элге чыга элек. Студияларга барып, ырды кантип жаздырышарын көрүп, байкап жүрөм.

– Жашооңузда көз көгөрүп, тиш сынган учур көп болгонбу?

– Албетте, көз көгөрүп, шишип кетип, “фиолетивый” болуп калган учурлар болгон. Мектепте, университетте да балдар менен мушташканбыз. Азыр эстесем, болор-болбос эле нерселер үчүн мушташа берчү экенбиз.

– Атаңыз жөнүндө сурайын, сиз ал кишиге окшошсузбу?

– Атамдын жакшы сапаттары абдан көп эле. Боорукер, баласаак, жакындарынын баарына бирдей мамиле кылган, туугандар менен дайыма катташып турган киши болгон. Мен атама такыр окшободум. Негизи, уулдарынын бири дагы атама окшогон жок.

– Өзүңүз кандай ата болуп жатасыз?

– Эми колдон келишинче аталык милдетти аткарып жатам. “Баланы минтип тарбиялаш керек, тигинтип тарбиялаш керек” деген видероликтер интернетте көп эмеспи, кээде ошолорду карап туура жактарын алууга колдон келишинче аракет кылып жатам.

– Жашооңузда кетирген чоң катачылык?

– Бош убактымды жөн эле өткөрүп жибергенимди катачылык деп эсептейм.

– Кимди кумир тутасыз же тутчу элеңиз?

– Эч кимди кумир тутпаптырмын, чындыгында. Авторитет деп биз бала кезде бизден улуу акени эсептечүмүн, капкара “жинди” машинеси бар болчу. Ошону авторитет дейт элек.

– Эмнелерди кыялданасыз?

– Үй-бүлөм менен жакшы жашоону кыялданам. Көп кыялданам.

– Эмнеден коркосуз?

– Иттерден корком. Бул сөздө эки маани жатат (күлүп).

– Былтыр маектешкенибизде салмагыңыз тууралуу “семизге жетейин деп калды” деген экенсиз. Азырчы?

– Семиздикке дагы кичине калды, кичине. Жеткирбей арыктап, жакшынакай формага келип алышым керек.

– Учурда үй-бүлө темасы актуалдуу. Жубайыңызга кандай жолдош болуп жатасыз? Үй иштеринде жардам бересизби?

– Жубайымдын өзүнөн сурадым, “мен сага кандай жолдошмун?” десем, “чоткий” деп жооп берди. Үй иштерине кээде, эргүү келгенде жардам берип калам. Негизи жубайым “жардам берип койбойсузбу” дей берет.

– Жубайлар гармонияда жашаш үчүн эмне маанилүү деп ойлойсуз?

– Бири-бирин уга билиши керек. Жубайлар өзүнүн да, өнөктөшүнүн да оюн сыйлай билиши керек экен, негизгиси, ушул.

– Сизди кыргыздын патриот уулу десек туура эле болобу?

– Абдан патриотмун. Кыргыз өлкөсүн барктаган, элин-жерин сүйгөн намыскөй уулмун деп эсептейм. Кайсы учурларда? Бардык учурда, Кыргызстанда жүргөндө да, чет өлкөгө чыкканда да, ар дайым биз кыргызбыз деп күйүп-бышып турам.

АКЫРКЫ ЖОЛУ...

 

... качан китеп окудуңуз?

– 2-3 ай болуп калды, бирок өтө деле көп эмес. 1 бетин эле окудум (күлүп).

... кимден кечирим сурадыңыз?

– Бир жолугушууга кечигип барып калдым, ошондо кечирим сурадым.

... качан бирөө менен уруштуңуз?

– Кечээ жакында жол тыгынында туруп бирөө менен урушуп кеттим, “көзүңө карап айдабайсыңбы” деп.

... качан ыйладыңыз?

– Белим ооруп, катуу оорутканда чыдабай кичине ыйладым.

... качан көп суммада акча короттуңуз?

– Келинчегиме чакан дүкөн ачтык эле, ошондо товарга көп акча короттум.

... канча узак жол бастыңыз?

– Той-топур кызматында 400 чакырымдай жол басып келдим.

... көп киреше таптыңыз?

– Көп акча эми табам, буюрса. Азыркы тапканыбыз аз дагы, көп дагы эмес, орточо. Кудайга шүгүр.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1136, 12-18-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан