Анара Ишимова, 51 жашта: «Эки майып кызым, 2 неберем менен өлбөстүн күнүн көрүп жашайбыз»

Каарманыбыз оор турмушту баштан кечирип жаткан Анара айым. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү 2 кызы, алардан тышкары 2 небересин багып жаткан жалгыз бой эне. Тагдыр сыноосун кантип көтөрүп жатканын айтып берди. 

«15 жашымда майып балага алып берип коюшту»

– Мен, Анара Ишимова, 51 жаштамын. Кичи мекеним – Талас облусунун Талас шаары. Бакма кызмын. Кичинемде мени багып алган ата-энемдин эшик алдына бирөөлөр таштап кетишиптир. Баккан ата-энемдин мага чейин бир кызы бар эле, менден кийин 3 уулдуу болушкан. Мени өз балдарындай көрбөй, өгөйлөп чоңойтушту. Эс тартканы билем, тамак ичкенде дасторконго кошпой бурчка бөлүп коюшчу. Өз балдарын эркелетип, каалагандарын алып берип, менин муктаждыгым, каалоом менен эч иштери болгон эмес. 3-класстан тартып мени Талас шаарындагы жатак-мектепке беришти. 15 жашыма чейин анда окудум. Каникул учурунда үйгө барганымда “ары турчу, бир нерсе жыттанып келипсиң” деп кагып-силкишчү.

16 жашка толо элегимде мени колунда бар үй-бүлөнүн акыл-эси өспөй калган майып баласына зордоп алып берип коюшту. Менден бир ооз макулдук сурап да коюшкан жок. Турмушка бергенден көрө мени кесиптик орто окуу жайга тапшыртып коюшса болмок экен деп арман кылам. Бир адистик алып чыгып, ошону менен иштесем тагдырым башкача болмок беле?! Кыскасы, мен же ата-энелүү эмес, же жетим эмес кыз болдум.

«Эки кызым тең атасын тартып майып төрөлдү»

– Күйөөм менен жашап жүрүп кыздуу болдум. Кызым атасын тартып акыл-эси өспөй майып төрөлдү. 3 жылдан кийин экинчи кызым да аларга окшоп жарыкка келди. 3 майыпты карап, аларга кам көрүү мага өтө оор болду. Психикалык жактан да, физикалык жактан да абдан кыйналдым. Кайын атамдар бизди батирге бөлүп коюшкан. Кыздарым ооруп ыйласа мен да кошулуп ыйлайм. Күйөөм болсо жардам бермек тургай, менин жардамыма муктаж. Эки кызымды алып баккан ата-энемдикине барып, "күйөөм менен ажырашам" десем, алар “эки кызың менен батыра албайбыз, барып жаша” деп кууп жиберишти.

Ажырашып, 2 кызымды алып батирге чыгып алсам, жолдошум келе берип тажатты. Акыры 25 жыл мурун 2 кызымды боорума кучактап Бишкекке келе бергем. Кыздарым кеч отуруп, кеч жөрмөлөштү. 4 жашында басышты. Тилдери чыккан жок, учурда 2-топтогу майып.

«Улуусу жини келгенде агрессивдүү»

– Бишкекке келген соң иштейин дедим. Кыздарым майып балдар үйүндө, психо-неврологиялык борбордо болуп, жалпы 15 жылдай тарбияланышты. Мен ошончо жылдар ичинде иштеп кыздарыма барып, керектүүлөрүн алып берип, кам көрүп турдум. Орусияда 5 жыл иштеп келдим. Кышы абдан катаал болот экен, тиштеримдин баары сезгенип түшүп калды. Буту-колдорумда да оору пайда болду.

Орусиядан келген соң кыздарымды колума алдым. Тапканым батирибизге, тамак-ашыбызга жетпеген жашоо өтүп жатты. Ижара акысын төлөй албай калсак кожоюн кууп чыгат...

Учурда кыздарымдын улуусу 34тө, кичүүсү 31де. Улуусу бир аз булдуруктап сүйлөйт, бирок сөздөрүнө түшүнүү мүмкүн эмес. Кичүүсү сүйлөй албайт. Улуусу жоош, бирок оорукчан болгонгобу, кээде жини кармайт, кыйкырат, өкүрөт, баарын чачат. Андайда коркуп эшикке чыга качабыз. Кокус бирибизди бир нерсе кылып салбасын деп коркобуз. Качан тынчтанып калганда киребиз үйгө.

Кичүүсүнүн жини бат келип, бат тарайт. Бирок жини келгенде агрессивдүү болуп кетпейт.

Экөө тең угат, күнүмдүк колдонулуучу сөздөргө түшүнөт, айтканыңды кылат. Мисалы, "жылуу кийин" десең кийинет, "кел" десең келет. Экөө тең өз алдынча жууна, өздөрүнүн кирин жууй албайт. Азыркыга чейин мен жуунтуп, кирлерин жууйм.

«Кыздарымды зөөкүрлөр кордоп кетишти»

– 2 жыл мурда кыздарымды бирөөлөр зордуктап кетишти. Мен ал учурда Бишкектин бир базарынан арзан азык-түлүк алып, кайра башка базарга алып барып сатып, тыйын-тыпыр таап жүргөн кезим эле. Сыягы, зөөкүр (же зөөкүр 2 адам) менин базарга кеткен учурумдан пайдаланып, үйгө келип, кыздарымды коркутуп мүдөөсүнө жетип жүргөн окшойт. Менимче, “апаңа айтпа, айтсаң сени да, апаңды да өлтүрөм” деп коркуткан окшойт. Мүмкүн, бычак такап коркуткандыр. Болбосо, кыздарым мага жаңсап болсо да айтышмак, билдиришмек.

Мен кыздарымдын кош бойлуу экенин билген эмесмин. Врачка алып барып текшерткенимде “6 айдай болуп калыптыр” дегенде гана билип, нес абалда калдым.

Майып кыздарды зордуктоого кандай маңкурттун дити барды деп үнүм Кудайга жеткидей ыйладым. "Ушунун колунан келиши мүмкүн" деп шектенген коңшу эркектердин баарына барып чаң-тополоң салдым, "өлтүрөм, соттотом" деп коркуттум, милицияга бердим. Зөөкүрдү табууга аракет кылдым. Бирок аракетимдин баары текке кетти. Милиция ишти аягына чыгарган жок.

Кыздарым ошентип 2 жыл мурун удаа төрөштү. Неберелеримдин жаш айырмачылыгы 2 ай. Алардын атасы бирби же эки башкабы, билбейм.

«2 майыпка 2 ымыркай кошулуп, жашоом оорлошту»

– Неберелерим угат, түшүнөт, өздөрү басып чуркап жүрүшөт. Бирок тилдери чыга элек. Убагында тоспосок шымдарына сийип коюшат. Сийгилери келгенде белги бере алышпайт, болбосо тосуп алып турмакпыз, такма жалайык кийгизгенге аргасызбыз. Педиатрларга текшертсек “жакшы эле” деп коюшат. Бирок билгендер “2 небереңди неврологго текшертишиң керек, аларда оору бар же жок экенин бил” дешүүдө. Кыздарым оорукчан болгонго мен да ойлонуп жүрөм. Жакшы невролог табылса алып барып текшертем.

Кыздарым төрөгөндөн кийин абдан кыйналдым. 2 майыпка 2 ымыркай кошулуп, төртөөнү тең карап, багып, жуунтушка туура келди. Түнкүсүн кыздарымды тургузуп балдарды эмизгиле дейм, балдар тойбой калышса сүт жылытып берем.

Неберелериме жөлөк пул алайын десем “айылда жер үлүшүңөр бар экен” деп чыгарып беришпейт. Баккан ата-энемдин көзү өтүп кеткен, алардын балдары мени менен катташпайт. Бир кайнагам гана жылда күздө ун, картошка таштап кетет. 

«Эл жардам берсе жашообуз жеңилдейт эле»

– Жашап жаткан батирибиз чакан 2 бөлмөлүү үй. Айына ижара акысына 15 миң сом төлөйбүз. Эки кызыма майыптыгы үчүн 13 миң сом пенсия чыгат. Бул башкалар түгүл, батир акысына да жетпейт.

Кээде айрым адамдар азык-түлүк, кийимден жардам берип калышат. Каткан нан, суу менен калган күндөрүбүз көп болот. Неберелерим ачкалыктан ыйласа зээним кейийт. Кыздарым балдары кичинесинде карашып мага жардам бере алышчу эмес. Азыр өздөрү көтөрүп, ойнотконго жарап калышты. Кыскасы, мен жокто 1-2 саат балдарын карап тура алышат.

Жашаган жерибиз “Дордой” базарына жакын болгонго ал жакка чыгып соода кылайын дейм, бирок акчам жок. Тигүү цехтеринен буюртма алып, үйдөн тигейин десем тигүүчү машинам жок.

Боорукер адамдардан жардам сурайм. Биздин жашообуздун оңолушуна жардам берсеңиздер, бизден кайтпаса да Кудайдан кайтар.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:
МБанк: 996 707 401 873

Канымжан Усупбекова       

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1136, 12-18-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан