Кой
(21.03–20.04)
Аткарылышы кыйын пландарды түзбөй туруңуз, ишке ашпай калуу коркунучу бар. Азыркы абалыңызга шүгүр деп турганыңыз жакшы. Ашыкча шектенүүңүздөн улам жакындарыңыздын айткан ойлоруна бат реакция кылып, тез ачууңуз келиши мүмкүн. Сабырдуу болуп, үй-бүлө мүчөлөрүнө жакшы мамиле жасаңыз. Алдыда жашооңуздагы окуялардын өнүгүшүндө эки жол бар: толук туруктуулук же жан дүйнөңүздү бир нерседен чектөө.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Дароо байланышты үзүүгө шашпаңыз, бирок байкап баа берүүнү баштай бериңиз. Жумушта карьералык тепкичтен көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү бар. Ишкердик кылгандар бизнесине экинчи эргүү тартуулай алышат, буга чейин бир нукта келе жаткан бизнесиңизди жакшыртып, жаңы деңгээлге чыгара аласыз. Учурда сиздин негизги артыкчылыгыңыз – логикалык ой жүгүртүү жөндөмүңүз экенин унутпаңыз. Тез чечүүчү көйгөйлөр жаралса, насыя алып турсаңыз болот.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Аптада абдан активдүү болуп, энергияңыз ашып-ташат. Баштаган ишиңиз ийгилик менен аяктап, бардык кыйын кырдаалдан чыгуунун жолун оңой табасыз. Командада иштөөдө этият болуңуз, башкалар шектүү сунуштары менен сизди туура эмес жолго салып коюшу мүмкүн. Өз алдынча ойлонуп чечим чыгарууга аракет кылыңыз. Сүйүүдө “кызматтагы махабат” мамилеси орун алып, бул мамиле жашооңузду толугу менен башка нукка бурат.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жакын достордун, чөйрөңүздүн таасиринен жашоо деңгээлиңиз, дүйнө таанымыңыз өзгөрөт. Бул мезгилде мырзалар чечкиндүү болуп, эч нерсеге алаксыбай максатына жетиши керек. Бөйөн айымдар оор кырдаалда таяна турган, жөлөк болчу күчтүү мырзаны издеп жатышса, зарыга күтүүнүн кереги жок. Ал сиздин жашооңузга күтүүсүз кирип келет. Документ иштерине так болуңуз, туура эмес документке кол коюп шылуундарга алданып калуу ыктымалдыгы жогору.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Көптөн бери пландап жүргөн иштериңизди бүтүрүңүз: батирди оңдоо, айдоочулук күбөлүк алуу, эски чыр-чатактарды чечүү жана башка маселелерди. Жаңы долбоорлорду ишке ашырууда тартынбаңыз, тоскоолдуктарга багынбаңыз. Ал долбоорлор сизге ири кирешелерди алып келет. Таасирдүү адамдар сизди байкап, кесиптештер арасында аброюңуз жогорулайт. Жаңы байланыштарды түзүп, бизнес өнөктөштөрдү табуу үчүн да жакшы убакыт.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Майда жана ири сатып алууларды ийгиликтүү жасайсыз, өзгөчө техника жабдуулары менен үй буюмдарын сатып алууда. Оюңузду таамай билдирүү жөндөмүңүздү колдонуңуз, бул иш бүтүрүүдө чоң жардам берет. Чоң келишимдерди коркпой түзө берсеңиз болот, бирок кол коёрдон мурун шарттарын кылдаттык менен карап алыңыз. Эски нерселердин кайтып келүү ыктымалдыгы жогору, анын ичинде аткарылбаган убадалар, чекит коюлбай калган мамилелер жана карыздар.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Буга чейинки аракеттериңизди көрүп тагдыр сизди сыйлайт. Жашоого муңайып карабаңыз, өтө көптү пландаштыруунун да кереги жок, бүгүн жана азыр жашаңыз. Коомдук иштерде өзүңүздү көрсөтүп, өз атыңыз үчүн иштөөгө убакыт келди. Жумушуңуз менен жеке мамилеңизди бири-бири менен кесилиштирбей алып кеткенге аракет кылыңыз. Студенттер окуу программасын эрте өздөштүрүп, окуудан бош убактысында кошумча өнөрүнө да көңүл бурушканы жакшы.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чексиз энергияңызга карабай, башкалар менен мамиле курууда этият болуңуз. Айрыкча ашыкча сүйлөп идеяңызды уурдатып алышыңыз мүмкүн. Үй-бүлөдөгү, жумуштагы ордуңузду бекемдөө, кесибиңиз боюнча тереңирээк окуу сиз үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болушу керек. Мүлк сатып алуу үчүн жакшы мезгил. Тапкычтык жөндөмүңүз менен киреше алып келчү булактарды табасыз. Өзүңүзгө, эмгегиңизге болгон бааңыз өсөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Каржы чөйрөсүндө күтүүсүз өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн, чоң утушка ээ болосуз. Сүйүүңүздү жолуктурасыз, андыктан жаңы таанышууларга жана романтикалык жолугушууларга чакыруу болсо баш тартпаңыз. Мырзалардын сүйүү мамилесинде таарыныч, талаш-тартыштар орун алышы күтүлөт. Түгөйүңүзгө өзүңүздүн көз карашыңызды кабыл алууга мажбурлабаңыз, эркиндик бергениңиз туура. Ички үнүңүздү угуп иш кылганды үйрөнсөңүз сизде баары жакшы болот.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Өзүңүзгө жана жакындарыңыздын ден соолугуна көңүл буруңуз. Эски оорулар күчөшү мүмкүн. Алдыда сизди чоң сыноолор күтөт, бардык кесепеттерге даяр турушуңуз керек. Өзгөчө каржы жаатындагы сыноолор капчыгыңызды жукартат. Үйүңүздү тазалап, ыңгайлуулукту жаратып, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн эң сонун убакыт. Үй-бүлөдөгү гармония, өз ара түшүнүшүү узак убакыт бою сакталат. Айымдар өзүнөн акча аябаганды үйрөнүшү зарыл.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Бардык каталарды оңдоого, кесиптештер менен мамилени жакшыртууга убакыт келди. Ар кимден шектене берген мүнөзүңүздөн арылганда жан дүйнөңүздө тынчтык орнойт. Жакын адамыңыздын жетишкендиктерине кошкон салымыңыз бааланбай калгандыктан нааразы болосуз. Бирок бул нерсени түгөйүңүз менен ачык, бетме-бет отуруп талкуулашыңыз керек. Ушундай жол менен гана өз ара түшүнүшүүгө жана эмоционалдык абалыңызды жакшыртууга болот.
Балык
(20.02–20.03)
Жигердүү иштеп, мыкты натыйжаларга жетишсеңиз да капчыгыңыздын жукалыгы маанайды түшүрөт. Улгайган адамдардан кеңеш сураңыз, алар сиз азыр көргөн кыйынчылыкты эчак көрүп коюшкан, сөзсүз пайдалуу кеңеш аласыз. Позитивдүү маанай, шыйырдык менен көп кыйынчылыктарды жеңесиз. Сүйүүдө өнөктөшүңүзгө ыраазы болуңуз, анын учурдагы абалын түшүнүү менен кабыл алганыңыз жакшы. Балык айымдардын жашоосу камкордукка жана романтикага бай болот.