Белгилүү кыл кыякчы, жакында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган Залина Касымова маек төрүбүздө. “Мен мамлекеттен наам алган биринчи кыл кыякчымын, буга чейин бул аспапты черткендерге такыр наам берилген эмес, бул да болсо кыргыздын улуттук аспаптарына болгон урмат” дейт Залина айым.
– Саламатсызбы, Залина? Сыйлыгыңыз кут болсун! Наам алгандын кубанычы тарай элек болуш керек?
– Чоң рахмат! Чынында, наам алганым мен үчүн дагы күтүүсүз болду, анткени ал үчүн документ тапшырып чуркаган эмес болчумун. Мындан 2-3 жыл мурун аракет кылып көргөм, бирок анда документтерим тийиштүү комиссияга жетпептир деле. Ошондон кийин наам, сыйлык дегендерден үмүт үзүп койгон элем. Таарынып эмес, “эми буюрганы да” деп жолумду уланта бергем. Быйыл Маданият министрлигинен өздөрү чалып, документтеримди сурашты. Анан чогултуп тапшырып койдум. 31-августка 2-3 күн калганда чалып куттукташты. Албетте, кубанасың, “шок” болосуң.
Биринчи атама сүйүнчүлөдүм, анткени ал кишинин менин чыгармачылыгыма кошкон салымы зор. Мага мурун эле чөйрөмдөгү артисттер “кыл кыякчылардан сен эле эки-жакка чыгып жүрөсүң, наам, сыйлыкка документ тапшырбайсыңбы” дей беришчү. Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы болот дегенге эми ишендим.
– Канча жылдык изденүүнүн, мээнеттин жыйынтыгы бул?
– Колума кыл кыяк кармаганыма быйыл 30 жылга чукулдап калыптыр. 4-классымдан тарта ар кандай кароо-сынактарга катыша баштагам, кыл кыяк чертип дүйнө кыдырдым, жүздөгөн мамлекеттик жана коомдук иш-чараларга катыштым. Эсиңиздерде болсо, мындан 2-3 жыл мурунку сыйлык тапшырууда “сыйлыкты татыктуу алды, татыксыз алды” деген талкуулар кызыган. Ошондо президент “мындан ары баарын өзүм көзөмөлдөйм” деп айтпады беле. Чын эле көзөмөлдөгөн окшойт. Ушул сыйлык кыл кыякчыларга биринчи жолу берилип жатканын баса белгилегим келет. Наамды агайым Бакыт Чытырбаев менен чогуу алганыма аябай сыймыктандым. Эгер мени окуткан устатыман мурда берип коюшканда да, кыл кыякчы катары ушул наамга татыктуу болсом да, мага ыңгайсыз болмок. Андыктан бул мен үчүн, кыл кыягым үчүн, мен өмүрүмдү арнап койгон искусство үчүн кош майрам болуп калды. Учурдан пайдаланып президентибизге, өзүм иштеген Искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошовго ыраазычылык билдирем.
– Улуттук аспаптар анча баркталбай калган да мезгилдер болгон. Учурда абал жакшырып бараткансыйт...
– Бир топ жакшы. Учурда түпкү салт-наркыбызга, өзөгүбүзгө кайталы деген аракет жүрүүдө. Бул артисттерге да кадимкидей сезилип жатат. Мен жаңыдан кыл кыяк чертип баштаганда улуттук аспаптарыбыз азыркыдай бааланчу эмес, чынында. Кичине кезимде троллейбуста өзүмдөн чоң кыягымды көтөрүп алып баратсам чоң эле апалар “ии, кызым, бул эмне деген аспап, айланайын?” деп боору ооруп карашчу. Кыл кыяк десем, түшүнбөгөндөй түр көрсөтүшчү. Мен окуган музыкалык мектепте дагы классикалык аспаптар улуттук аспаптарга караганда жогору бааланчу. Окуучулардын көбү скрипка менен фортепианону тандап кетишет эле. Комуз, кыл кыяк ойногондор экинчи сорт болуп калчубуз (күлүп). Ал кезде жаш болсом да мындай теңсиздик мени ардантчу, ичимден “көрөсүңөр, кийин “ии, бул эмне деген аспап?” деп боор ооруп карабай, “вау, бул кандай сонун аспап!” деп суктанасыңар” дечүмүн. Ошол күндөргө да жеттик, бирок көп кыйынчылык, сыноолор менен жеттим. Өткөндө сыйлык тапшыруу күнү баарыбызды автобуска салып алып жаңы салынган Ак үйгө алып барышты да. Ошондо көз алдыма кыл кыяк көтөргөн 9 жаштагы секелек Залинанын жашоосу тартылды. Көрсө, бул наам мага оңой келбептир, артында түмөн түйшүк, ысык-суук күндөр, тынымсыз изденүүлөр, дөңгөлөк үстүндө өткөн өмүр жатат.
– Дагы бийиктей бериңиз! Эми жашоо турмуш тууралуу пикир алышсак. Ажырашкан аялдар коомдо өгөйлөөгө көп кабыларын айтышат, сизге андай мамиле байкалабы?
– Ооба, өгөйлөнүп калган учурлар болгон. Өгөйлөнүп дегенде такыр эле элден бөлүп салуу эмес, “сен эми жалгыз бойсуң да” деген туура эмес көз караштар, мамилелерди жон терим менен сезгем. Ата-энеден алган тарбия, өзөк болот да адамда, кыйын сыноолордо ошол нерселер сактап кетет экен. Көп аялдар ажыраштым деп эле өздөрүн курмандык сезишип, ошол бет капты чечпей жүрө беришип, аягында чын эле сынып калышат. Коом сындырбайт аларды, өзөгү алсыз болгондуктан өздөрүн өздөрү сындырышат. Кыз киши ушундай оор турмуштук абалда турганда төркүндүн колдоосу аябай маанилүү. Кээ бир ата-энелер “чыдап жаша, балдар үчүн жашап кет” деп жатып ошонун айынан зордук, кордук болуп жатпайбы. Ата-эне кандай учур болбосун баласын кабыл алганды билиши керек. Мени ата-энем сүйүүгө, мээримге тойгозуп чоңойтуп, күчтүү кылып, өйдө-төмөндү көрсөтүп тарбиялаган экен, кыйынчылыктарды убактылуу сыноо катары кабыл алдым.
– Балдардын ата мээримин толук албай өсүп жатканы капа кылбайбы?
– Чынын айтайынбы, эки балама сүйүүнү өзүм деле кенен берип жатам. Кудайга шүгүр, өксүгү жок эле чоңоюп жатышат. Баарына атасын күнөөлөй берсем, ал нерсе мени да, балдарымды да өстүрбөйт. Чыңалган абалды коё бердим, баары өттү-кетти, ар ким өз жашоосу менен. Экинчиден, балдарым таятасына абдан жакын, керектүү аталык мээримди андан ашыгы менен алып жатышат. Биздин бөлүнүп чыгып башка жашаганыбызга аз эле болду, ага чейин таята, таенесине эркелеп өсүштү. Азыр экөө тең жеке мектепте окушат, балам 5-класста, кызым 9-класста билим алууда. “Ии, качан чоңоюшат” деген балдарым – азыр жардамчыларым, колу-бутум узарып калды.
– Акыркы жолу качан ыйладыңыз эле?
– Бир жолу кичинемде “Айкөл жазы” деген сынакка катышып, берилип, чын жүрөгүмдөн кыяк чертсем “Мыкты костюм” деген диплом карматып коюшкан. Ошондо сахна артына өтүп алып өңгүрөп ыйлагам. Бул эми чыгармачылыкка тиешеси жок эле адамга “Эмгек сиңирген артист” деген наам бергендей эле көрүнүш болуп калды да (күлүп). Көрсө, калыстар тобунда музыканттар эмес, ар кайсы кесиптин ээлери калыстык кылып отурушкан экен.
Кыска-нуска
– Ырчылыкты таштадыңызбы?
– Кезинде эне болуп, сезимдерим толкуп-ташыганда ырдап койгом, азыр ырчылыкка каалоо жок.
– Калп айтасызбы?
– Жок, уятым чыдабайт. Калп айтсам деле күлүп билдирип коём.
– Кошумча киреше булагыңыз барбы?
– Буюрса, жакында болот.
– Эл билбеген өнөрүңүз барбы?
– Сайма саям, курак курайм.
– Фобияңыз?
– Жөргөмүш, курт-кумурскалар.
– Уюлдук телефонуңуз канча сомдук?
– 2 жыл мурун Айфон 13тү 115 миң сомго сатып алгам.
– Берешенсизби же сараңбы?
– Керек учурда берешен, керек учурда сарамжалмын.
– Туруктуулук же кескин секирик?
– Мүнөзүмө, жашоо образыма туруктуулук ыйлайык келет.
Лунара Бекиева