Гүлкан Молдобекова, депутат: «Бийликти мактай да, сындай да алабыз»

14 жылдык тажрыйбасы бар мугалим, учурда парламент депутаты Гүлкан Молдобекованын маегин сунуштайбыз. Жакында анын парламенттеги иш бөлмөсү тинтүүгө алынып, жардамчысын УКМК кызматкерлери кармап кеткени кабарланды. Депутат айым менен ошол окуя жана башка темаларда кенен баарлаштык.

– Кандайсыз, Гүлкан айым? Резинка өтүкчөн ылай кечип жүргөн сүрөттөрүңүз чыкты, селден жабыркаган Ысык-Көлдө жүрдүңүз окшойт?

– Ооба, сел келген 18-август күнү Темиров айылында болчумун. Бир күн тынбай жамгыр жаап, анан эле күрүлдөп сел кирип келди. Таластын кызы, Ысык-Көлдүн келинимин. Кайындарыма жардам берип 3 жума ошол жакта жүрдүм. Башында кырдаал оор болчу, айылга асмандан таш жаагандай эле болду да. Өтүкчөн жүргөн сүрөтүмдү бир журналист кыз тартып интернетке чыгарып коюптур. Негизи пиарга жакын киши эмесмин. Канча күн Ысык-Көлдө жүрдүм, бир да жолу өзүмдү тартып сүрөт жүктөгөн жокмун. Ошол журналист “Балбак мырза (ред.: Түлөбаев) сел каптаган айылга 1 саатка келип, 10 сүрөт жүктөптүр. Ал эми Молдобекова 10 күндөн бери жүрөт, бир да сүрөтүн жүктөй элек” деп жазып коюптур. Аябай күлдүм.

– Өткөн аптада сиздин иш бөлмөңүз тинтүүгө алынып, жардамчыңыз УКМК кызматкерлери тарабынан кармалганы айтылды, ошол окуя боюнча кенен айтып берсеңиз?..

– Мен дагы бул кабарды жаңылыктардан окудум. Ал учурда Ташкентте Жогорку Кеңештин төрагасы менен чогуу иш сапарда жүргөнбүз. Биринчиден, менин иш бөлмөм тинтүүгө алынган жок, мына ошол иш бөлмөдө отурабыз сиз менен. Жардамчымды кабылдамадан кармап кетишиптир. “Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсү тинтүүгө алынып жатат” деген кабарды окуганда мен деле таң калдым. Бир аздан кийин фракция жетекчибиз Жанар Акаев чалып “эже, сарсанаа болбоңуз, сиз боюнча маселе жок, жардамчыңыз боюнча экен, аны кармап кетишти” деп айтты. Ал жигит менде 2021-жылдан бери консультант болуп иштечү, ишине так, жоопкерчиликтүү бала. “Алдамчылык”, “документтерди жасоо” беренелери боюнча айып тагып жатышат дешти. Чынында, толук маалыматым жок, калганы тергөөдө билинет да. Жардамчым менен бетме-бет жолугуп окуя боюнча сүйлөшө элекмин. Окуянын мындай өнүгүшү мен үчүн таң калычтуу болуп жатат. Ага мындан бир ай мурун укук коргоо кызматкерлери эскертүү берген экен. Менимче, кенебей жүрө берген окшойт, балким, ошол үчүн иштеген жерине келип кармап кетишти.

– Парламенттин эки чакырылышына депутат болдуңуз, саясатка келип калган жолуңуз кандай?

– 10-классты бүтүп эле Кыргыз улуттук университетинин Механика-математика факультетине тапшырып, окуп калгам. Окуумду аяктагандан кийин университет жетекчилери мени жумушка алып калышты. 8 жылдай университетте математика мугалими болуп студенттерге сабак бердим. Кийин Ишеналы Арабаев атындагы жогорку окуу жайга которулуп иштеп жүрдүм. Жалпысынан 14 жыл агартуучу болуп иштедим. 1992-жылдары Союз кулап, элдин жашоосу кыйындаганда бизнеске өткөнбүз. Бизнес менен бутка турдук, үй-жай кылып, балдарыбызды окуттук-чокуттук. Анан 2007-жылы жолдошум Мирбек Асанакунов парламентке КСДП партиясынан депутат болуп шайланып калды. Мендеги саясатка болгон кызыгуу ошондо башталды окшойт. 2010-жылы КСДПнын мүчөсү болуп 46-катарда катталып, бирок шайлоодо өтпөй калгам. 2015-жылдагы шайлоодо өтүп кеттим.

Эмнеге саясатка келдим? Балдар чоңойду, үй-жайлуу болушту, өзүбүз үчүн жасачунун баарын жасап бүттүк да. Кой, эми эл үчүн иштеп, элге кызмат кылалы деген ой келди. Депутаттык миссиямды канчалык татыктуу аткарып жатканыма эл баа берсин. Бирок “ушул айым депутат болуп турганда ушул иштер жасалды эле” деп айткан нерселер болуш үчүн жакшы эле аракет кылып жатам. Мугалимдердин маянасын, пенсияларды жогорулатуу боюнча мыйзамдарды демилгелеген авторлордун бири болдум. 6-чакырылышта Социалдык саясат комитетин жетектеп турганымда элге пайдалуу көп мыйзамдар жазылды. Айтор, элге керектүү, пайдалуу мыйзам болсо эч качан каршы чыккан эмесмин.

– Учурда көпчүлүк кесиптештериңиз бийликке сын айтуудан абайлап калышты. Сизде деле кооптонуу барбы?

– Мен эч нерседен коркпойм го (күлүп). Ишимди так аткарып жатсам эмнеге коркоюн? Кыргызда жакшы сөз бар “маңдайга жазылганын көрөбүз” деген. Буюрганын көрө жатарбыз.

– Парламенттеги “Альянс” фракциясынын позициясы туруктуу элеби?

– Биздин фракция мактачу жерде мактап, сын айтчу жерде сын айта алабыз. Кайсы бир топтун таламын талашуудан алыспыз. Чындык, адилеттүүлүк тараптабыз десем болот.

– Учурда кыздардын кеч турмушка чыгуусу, жигиттердин кеч үйлөнүүсү кадимки көрүнүш болуп баратат. Мисалы, көпчүлүк кыздар 25-30 жашта турмушка чыгууну туура деп эсептешет экен. Бул тенденцияга көз карашыңыз кандай?

– Биз байкеңер менен 20 жашыбызда баш кошконбуз. Экөөбүз КУУнун механика-математика факультетинде чогуу окуп, курсташ элек. Ошол жактан таанышып, кыз-жигит болуп, окууну бүткөндө баш коштук. Мен 21 жашымда төрөгөм, азыр улуу балам 40та. Кыздар кеч турмушка чыгабыз деп баланы жарыкка алып келүү убактысын кечиктирип жатышат деп ойлойм. Мисалы, 23-24 жашта төрөгөндө жашсың, энергия көп, балаңды анча-мынча кыйынчылыкка моюн сунбай чоңойтуп аласың. 24-35 жаш бул төрөй турган курак да. 25 жашыңда баланын түйшүгүн тарткан менен 40 жашта төрөп түйшүк тарткандын айырмасы эки бөлөк. Кичүү кызымды 40 жашымда төрөгөм. Кыздар 22-23, жигиттер 25-26 жашында турмуш курса туура го. Эрте балалуу болушса, балдары да эрте чоңоюп, колу-буту узарып калат да.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, жолдошуңуз учурда эмне менен алектенет?

– Жолдошум азыр мамлекеттик кызматта эмес. Үйдөгү чарба жумуштары менен алек, бош убакта неберелерин бакчага ташып, мектептен тосуп алып келет. Кээде мени жумуштан алып кетет. Мага “саясаттан чарчаган жоксуңбу?” деп калат. "Чарчаган жокмун, саясат мага жагат, иштейм дагы" деп коём (күлүп). Эки уулум, бир кызым бар. Балдарым экөө тең бала-чакалуу болуп, өз алдынча жашашат. Биз азыр жолдошум, эрке кызым үчөөбүз эле турабыз. Бош убакта кызым менен дүкөн кыдырып ага кийим алганды жакшы көрөм. Анан балдарым, таттуу неберелерим менен убакыт өткөргөн жагат. Эс алуу күндөрү баары бапырап үйгө келгенде аябай кубанам. Ысык-Көл жакын го, кээде эс алуу күндөрү жайында неберелеримди Көлгө алып кетип калам.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1137, 19-25-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан