(Башы өткөн сандарда)
– Сенин атаң Султан!
Апасынын ушинтип айтканын укту. Анын көздөрүнөн эки тамчы жаш кубалаша мөлт эте жакасына тамды. Ушул эки тамчы жаш анын чындыкты айтып жатканын тастыктап турган. Канат башын чайкай берди.
– Мүмкүн эмес!- деди ал Султан менен Жаркынды алмак-салмак карап. Теңселип кетти. Акылына эч нерсе чүргөлбөй жатты. Жанатан бери кыйкырып жаткан Жусуп да оозунан сөзү түшүп туруп калды. Ал окуя мындай болуп кетет деп эч ойлогон эмес эле. Жаркын өлүп баратса чындыкты айтпайт деп ойлочу. Далдырап, эмне кыларын билбей апкаарыды.
– Кантип? Кандайча? Апа?- деди Канат жалдырай.
– Кечир мени, уулум. Алым жетсе бул сырды өмүр бою жашырат элем, бирок азыр жашырыштын эч мааниси жок экенин сезип турам. Мен да чарчадым. Бул жүк канчалык оор экенин бир билсең...
– Канат, апаң күнөөлүү эмес, мен күнөөлүүмүн!- деди баятан бери араң турган Султан.
– Эгерде макул десең баарын башынан айтып берели. Кел, отурчу...
Жусуп артка кетенчиктей берди. Бир чоочун адам келип анын жакындарына кам көрүп жатканын көрүш оор эле. Бир заматта уулу менен аялына чоочун адамдай сырттан караш кыйын болчу. Ушул жерде акыйкат өзүнөн өзү калкып чыга берди. Көрсө, Жусуп буларга өмүр бою чоочун болуп жашаган экен. Азыр бул жерде кыла турган иши жок экенин түшүнүп, артка кадам таштады. Өпкө-өпкөсүнө батпай, жаш баладай ыйлап бара жатты. Бүттү баары, колунан учту да кетти. Өмүр бою эзип келген аялы, дайыма жүрөк тереңинде жек көргөн уулу, ит-мышыктай аңдышуу менен өткөн өмүрү, жоголгон ден соолугу... Баары таштап кетишти аны. Ал жеңилди! Чындыгында, ал жашоодон эбак эле жеңилген. Зордук менен Жаркынды ала качып келген күн – турмушунан алгач жеңилген күнү болчу. Кийин Жаркындын башынан таяк кетирбей жанын кыйнап, улам бир аялдын коюнунан туруп келип өч алымыш болгон оюндарында, уулдарын адам ордуна көрбөй кордогон учурларында жеңилген эле. Ошол убакта эле турмушунан утулган. Муну азыр чындап түшүндү. Эми моюнуна алып, өкүнүп ыйлап бара жатты.
ххх
Ата-эне-бала, үчөө жалгыз калды. Болгон окуянын баарын ата-энеси Канатка айтып беришти. Канат аларды угуп отуруп тагдырына таң берди. Төрөлгөндөн эле тагдыры чырмалышкан тура, ушул жашка чейин чече албай келе жаткан маселесинин баары анын төрөлүшүндө катылган тура. Атасынын ага муздак болгону, апасынын өмүр бою бактысыз жашаганы, тааныштардын ага табышмактуу карай беришинин себеби анын төрөлүшүндө жаткан турбайбы.
– Апа, эмнеге мурда эле мага айткан жоксуз?
– Корктум, сени жоготуп алам, сындырып алам деп ойлодум. Жусупка берилген уул болдуң. "Атам каалады" деп спортко бардың, "атам каалады" деп көп нерседен баш тарттың. Сенин колуңдан, сезимиңден жаман болсо да каарман болгон атаны жулуп алып, атаң башка деп айта албадым.
– Апам ай, апам...- деп жиберди Канат. Күйүп, ызаланып турган учурунда да апасына катуу айта албады. Жаман көрө албады. Тек башын жерге салып отуруп берди. Жаркын көз жашын төгүп жатты. Ал уулунун аны соттогон, жаман көргөн көз карашын көтөрө албайт эле. Канат ордунан турду.
– Уулум?
– Апа, мени жайыма кой, бул нерсени сиңирейин. Азыр мага эч нерсе дебеңиз.
ххх
Канат машинасына отуруп, көл жээкти көздөй айдады. Толкундардын шарпылдаган үнүн угуп ойлонуп отура берди. Караңгы киргенин байкады бир маалда. Кайда барарын ойлоду. “Үйгө” деди мурункудай эле сезими. “Сенин үйүң жок мындан ары, Канат. Уям деп келген үйүң да, жакындарың да жок. Атам дегениң атаң эмес, апаң сенден чындыкты жашырган, иниң болсо... Сен кайда барасың? Бара турган, далыңды жөлөй турган, ишене турган кимиң калды? Баары сени сатып кетишти” деп жатты акылы. “Баары сени сатып кетсе да, сен өзүңдү сатпа. Канат боюнча кал, жүрөгүңдү кирдетпе, булгаба. Канат боюнча кал” деп жатты жүрөгү. “Акыл менен жүрөктүн ортосунда калганда, сөзсүз жүрөктү танда. Акыл алдап коюшу мүмкүн, жүрөк эч качан алдабайт” деп үйрөткөн жаш кезинен устаты. Ушул сөз бала кезинен жүрөгүнө сиңген экен. Бирөөнүн басып келе жаткандагы шыбыртын укканда башын көтөрө берди. Жанат экен.
– Сен кайдан?
– Ушул жерден эле.
– Кайдан билдиң менин бул жерде экенимди?..
– Жүрөк сезди,- деди күлүмсүрөгөн Жанат. Жанына келип отурду да,көзүнө тике карады.
– Мен башынан эле баарын билем, Канат. Башкы ролду ойносун деп атама бердим. Ал сени алып бул жерге келерин да, сага чындыкты ушул жерден айтышарын да болжолдогом. Аркаңардан чыктым. Жалгыз калганыңда жаныңа келиш үчүн, сенин жаныңда экенимди айтыш үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жаттым.
– Сен дайым ушундай учурларда чыга каласың,- деди күңкүлдөгөн агасы. Бирок ичинен инисинин жанында болгонуна жетине албай кетти. Негизи Жанат жакшы жигит. Болгону жакшы экенин элге билгизгиси келбейт, жаман адамдын ролунда жашаган ал үчүн ыңгайлуу.
– Сен кайдан билесиң?
– Мен билбеген балээ барбы?- деп күлдү Жанат. – Өспүрүм кезим болсо керек. Апам менен таежемдин сөзүн капысынан угуп калдым. “Канаттын атасы” деп жатышты. Кийин акылымда ушул сөздү тегерете бердим. Сен чын эле биздин породадан эмес болчусуң. Не акылың, не жүрөгүңдүн тазалыгы бизге окшобойт эле. Кыскасы, атама, апама, мага окшош эмес элең. Фактыларды улаштырып отуруп билип алдым. Апамдын Султан байкени издеп келип, жашыруун сүйлөшкөнүн көрдүм. Анан окшоштугуңар...
– Жанат, мен эмне кылам? Бул чындыкты жашоомдун кайсы жерине батырам?- деди айласыз мүңкүрөгөн Канат.
– Сени жакшы көрөм, Канат. Сен менин эч өзгөрбөгөн, сатпаган, бала күнүмдөн берки кумиримсиң. Сен мен кулап бара жатканда канча жолу таядың. Канча жолу кайра жолумду улашыма түрткү болдуң. Бул жолу сен таян мага. Жашоо бизди чыга албай турган чуңкурга кайра-кайра түрттү. Сенин кыйындыгыңдан, ниетиңдин тазалыгынан бардык сыноодон өттүк. Алия менен жашооңду жаркыратып жашайсың. Балдарың болот, сен мыкты уул, мыкты ага эле эмес, сонун ата да болосуң. Канат, Жараткан бизге баары жакшы болот деп убада кылган эмес экен. “Сыноолордон жеңип чыккандарга гана убада кылынган бейиши бар” дешет. Муну сен мага мөгдүрөп турганымда айткансың. Ийиниңди тосконсуң. Сууруп чыгаргансың азаптан. Эми мен сенин жаныңдамын. Сенин мындан аркы жашооң жомоктогудай болот, агам. Буга ишенем.
Канат инисин кучактап калды. Ыйлагысы келди. Дал кичине кездериндей бирине-бири дили уюп, караан болуп жүрөктөрү үн алыша согуп кучакташып турушту. Канчалык душмандашса да, оор сыноодон өтсө да булардын бири-бирине дили таптаза эле.
– Сен деле чоңоюпсуң! - деди көз жаш аралаш күлүмсүрөгөн Канат.
– Баса, биз Шоола көз жаргандан кийин Америкага кетүүнү чечтик. Жаңы жерде, үчөөбүз үчүн жаңы турмуш баштайлы дедик. Сага апам, Айдар аманат. Албетте, сенин тоюңдан кийин, Шоола тыңып алгандан кийин кетебиз...
(Уландысы кийинки санда)