Саясат жана коом

УКМК ири микрокредиттик уюмдардын ишин текшерүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдөгү бир катар ири микрокредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Текшерүүгө карыз алуучулардан түшкөн даттануулар себеп болгонун билдирди мекеменин маалымат кызматы 18-сентябрда. Кайсы каржы уюмдары текшерилип жатканы боюнча маалымат берилген жок. Жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбашы (жылдык үстөгү 33 пайыздан ашпашы керек), насыя берүү жол-жоболорунун бузулганы (кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү аракеттери), ошондой эле милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга жалган отчётторду берүү көрүнүштөрү текшерилип жатканы айтылат маалыматта.  

Кредит берүүдө өлкө мыйзамдарынын бузулушу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертет УКМК.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2024-жылдын алгачкы 3 айында Кыргыз жарандары микрокредиттик уюмдардан 13,6 миллиард сом суммасында насыя алышкан. Бул 2023-жылдын алгачкы кварталына салыштырганда 2,6 миллиард сомго көп. 2023-жылдын январь-март айларында чакан каржы уюмдарынан 192 миң жаран кредит алса, 2024-жылы бул мезгил аралыгында кардарлардын саны 263 миңди түзгөнү айтылат.

2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 79 миллиард сом жумшалат

2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 79,2 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу Бишкекте 18-сентябрда 2025-жылдын республикалык бюджетинин долбоору талкууланган коомдук угууда Каржы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын жетекчиси Талас Айдарбек уулу билдирди. Тышкы карызды төлөөгө 48,6 миллиард сом, ички карызды төлөөгө 30,7 миллиард сом бөлүнмөкчү.

2023-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө жумшалган сумма 53 миллиард сомду түзгөн. Ал эми 2024-жылга болсо 66,9 миллиард сом каралган. Мунун 42,9 миллиард сому тышкы карызды, 23,9 миллиард сому ички карызды жабууга деп бөлүнгөн. Айдарбек уулунун билдиришинче, 2027-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө каралган сумма 111 миллиард сомду түзөт.

Расмий маалыматка таянсак, 2024-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 245 миллион долларды түзгөн. Мунун
4 миллиард 570 миллион доллары тышкы карыз, 1 миллиард 674 миллион доллары ички карыз болуп саналат. Ал эми тышкы карыздын көбү Кытайдын Экспорт-импорттук банкына (1,7 миллиард доллар), Азия өнүктүрүү банкына
(713 миллион доллар), Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (711 миллиард доллар) жана Эл аралык валюта фондуна (435 миллион доллар) таандык.

Нурлан Шакиев: “Кыргызстанда эч кандай саясий өзгөрүүлөр болбойт”

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев 18-сентябрда парламент жыйынында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал боюнча билдирүү жасады. Спикер эл арасында такталбаган маалыматтар көбөйүп кетти деген пикирде.

– Акыркы күндөрү айрым саясатчылар, ушак-айыңга жакын адамдар "өлкөдө өзгөрүүлөр болот экен, референдум өтөт экен, парламент таркап, депутаттардын саны кыскарат экен, чоң саясий өзгөрүүлөр болот экен" деген ушактарды чыгарып жатышат. Мунун баары калп. Эч кандай саясий өзгөрүүлөр болбойт, алдыда 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар жүрөт. Шайлоону таза өткөрүп алышыбыз керек. Бул боюнча өлкө жетекчилиги менен бүгүн эле сүйлөштүк,- деди төрага.

Нурлан Шакиев коомчулукта кызуу талкууга түшкөн дин жаатында сунушталган мыйзам долбоору боюнча да пикирин билдирди.

– Талкууларга туура багыт берип коюшубуз керек. Дин иштерине мамлекет аралашпайт. Мыйзамды да дин иштери боюнча комиссия, аалымдар жазып келишет. "Жоолукчандардын жоолугун чечтирет экен" деген сөздөр айтылып жатат. Эч качан андай болбойт, бул биздин салтыбызда бар. Апаларыбыз, кыз-келиндерибиз жоолук салынган,- деди парламент жетекчиси.

Жанар Акаев: «Айылдарга адам аттарын койгонду токтотуш керек»

Айылдарга, көчө, шаарларга адам аттарын коюу туура эмес. Мындай пикирди 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди. Жыйында өлкөдөгү бир топ айылдардын атын өзгөртүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзамдын долбоору талкууланып жаткан.

– 17 айылдын аты өзгөртүлүп жатса, анын 12сине адам аттары коюлуп жатыптыр. Ушул көрүнүштү токтотуш керек, минтип кете берсек өлкөдө соо айыл калбайт. Кыргызда “атамдын атын жок дегенде бир көчөгө коюп калайын” деген "оору" бар. Ушуну жетишкендик катары көргөндөргө таң калам, мындай идеологиядан кетишибиз керек. Мамлекеттик ишкана болгон райондук билим берүү бөлүмдөрүнө да адам аттарын коюп баштадык, эртең министрликтерге да бирөөнүн атын коёбуз деп чыгышат,- деди Акаев.

Буга чейин парламент төрагасы Нурлан Шакиев дагы айыл-шаарлардын тарыхый аттарын сактап калуу жана аларга адам аттарын ыйгарбоо зарылдыгын билдирген.

– Кайсы жерге адам аттары коюлса, ошол жерде ызы-чуу көп. Кыргыздын мыкты уул-кыздары көп, бирок баарынын аттарын коюуга айылдар жетпейт,- деген Шакиев.

Айта кетсек, мурдагы Кара-Буура району учурда Айтматов, Исфана шаары учурда Раззаков деп аталат. Жер-суу аттарына адам ысымын ыйгаруу аракети акыркы жылдары күчөгөнү байкалат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1137, 19-25-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан