«КАЛЫСТЫК БОЛСО, КАМЧЫ ЭМЕС, ТАШ МЕНЕН УРСА ДА УТАТ ЭЛЕК». Көкпар чуусу боюнча кыргыз оюнчулары сүйлөйт

Астанада өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жер улактын финалындагы адилетсиздик менен эсте калары талашсыз. Дүйнө коомчулугу күбө, финалдагы Кыргыз-Казак беттешинде казак оюнчулары кайра-кайра эреже бузуп, кыргыз оюнчуларын камчылап, жеңден тартып, тизгин менен муунтуп, айтор, таза күч сынашуудан ачык эле качышты. Оюнга калыстык кылгандар да буга көз жумуп, эптеп жеңишти Казак курамасына алып берип тынышты. Таблодо 5:4 деп жазылып, "казак жер улакчылары жеңди" деп жарыяланганы менен бул жеңишке кубангандар көп болгон жок. Жеңилсе да кыргыз оюнчулары башты бийик көтөрүп, оюн талаасынан Кыргыз желегин бийик желбиреткен бойдон чыгып кетишти.  

Кубаныч Султан уулу, жер улак боюнча улуттук курамдын оюнчусу: «Казак оюнчуларынан он эсе өйдө экенибизди билдим»

– Оюн абдан жакшы башталды, атым Суусамыр дагы мен каалагандай иштеп берип, ишим жүрүшүп жатты. Экинчи салымды салып, эсепти 3:1ге айлантканымда казактын 10-катар санындагы оюнчусу мени чембердин жанынан бир ирет камчы менен чаап жиберди, анысына көңүл деле бурган жокмун. Аңгыча артымдан кубалап келип кайра бет талаштыра чапты. Биз алардан мындай жоруктарды күткөнбүз, ошондуктан ага каяша кылып кол көтөргөн жокмун. Бул учурда укук коргоо кызматкерлери казак оюнчуларын тыйгандын ордуна артта турган биздин балдарды дубинка менен уруп башташты. Ызы-чуунун башталышына ошолор себепчи болушту. Бизди камчы менен урганына, тизгин менен муунтканына териккен жокпуз. Эгерде калыс өз ишин так аткарып, таза ойноого мүмкүнчүлүк бергенде камчы эмес, таш менен урса дагы жигитче ойноп утканга даяр элек. Ызы-чуудан улам оюн токтоду. Оюн улангандан кийин бизге жетиштүү деңгээлде ойноого таптакыр мүмкүнчүлүк берилген жок. Биз улакты жерден эңип алган кезде кайра ортого таштатып салып жатты калыс. Калыс казак оюнчуга улакты алдырып туруп анан, ышкырык жаңыртып жатты. Оюн баштан-аяк эреже менен өткөн жок, билгенин жасашты. Бул беттештен кийин биз казак оюнчуларынан бир эмес, он баш өйдө турарыбызды, аттарыбыз дагы он эсе мыкты экенин билдим. Биздеги беттештер абдан таза, калыс өтөрүнө дагы бир жолу ынандым. 

Рамис Кудайбергенов, көк бөрү жана жер улак боюнча эксперт: «Эреже 14 жолу одоно бузулган»

– Мурдагы оюндарды эске алуу менен оюнчуларыбызды психикалык жактан баарына даярдап чыкканбыз. Ал жерде старттык чийинден баштап эреже бузуу өтө көп болду. Топтун ичинде тизгинден кармоо, камчы салуу сыяктууларды эске албаганда, андан башка да 14 одоно эреже бузууну видеодон далили менен көрдүк. 2 мүнөттүн ичинде 4 жолу одоно эреже бузулду. Анын үчөөсүн бир оюнчу бузду. Көкпардын эрежеси боюнча мындай оюнчу кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилиши керек эле. Эрежеге ылайык, оюн камерага толук тартылып, талаш жараткан ар бир эпизоду көрсөтүлүш керек болчу. Башкы калыс аны көрсөтүүдөн баш тартты. Адилеттүүлүк болбосуна көзүбүз жетти. Бүт дүйнө көргөн эпизоддорду биз ал жерден далилдей албай койдук. Оюнду кайрадан улантканга макул болгонубуз үчүн бизди азыр көпчүлүк айыптап жатат. Эки мамлекеттин биримдиги, кошуна элдин ынтымагы үчүн бир оюн эч нерсеге арзыбайт. Конок болуп келгенден кийин уюштуруучу тарапка сыйлабастык болбосун, элдин биримдиги үчүн деп оюнду уланттык. Оюнчуларды, күйөрмандарды бир желектин алдына бириктириш үчүн бизге эл аралык оюн керек болчу. Биз ушул максатта барганбыз, ал жакка казак командасын уяткарып утуу үчүн деле барган эмеспиз. 

Рамис Жунусалиев, Көк бөрү федерациясынын президенти: «Калыстардан, оюнчулардан каталар кетти»

– Эки жылдын ичинде Казакстандын көкпар федерациясы менен көптөгөн жолугушууларды өткөрдүк. Эки федерациянын ортосунда көптөгөн иш пландар бар. Финалдык оюн үчүн биз бүт федерацияны күнөөлөбөйбүз. Калыстардан, машыктыруулардан, оюнчулардан каталар кетти. Биз аларды 1-ноябрга көк бөрү жана көкпар боюнча биримдик кубогуна чакырып расмий кат жолдодук. Бул оюн, спорт, эки элдин ортосунда ар кандай туура эмес ой-пикирлер болбошу керек. Эки элдин ынтымагы үчүн биз бардык кадамга даярбыз. 

Жолдошбек Орозбаев, жер улак боюнча улуттук курамдын капитаны: «Биздин бир клуб эле жеңип коё турган улуттук курамы бар экен»

– Оюндун жүрүшүндө аябай көп туура эмес жагдайлар болду. Эми анын баарын айтып отурсак, актангандай болобуз. Калыска эле токтолсок, финалдын тагдырын ортодогу калыс эле чечип койду. Каалаган салымын эсепке алат, каалабаганын эсепке албайт. Атап айтканда, Өмүрбек Эсен уулунун бир салымы таза болгон. Бирок калыс аны эсепке албай койду. А өздөрүнүн оюнчуларыныкы чемберге тийип, чийинден бир аз чыгып турса дагы эсептеп жатты. Казак тарап акча жагынан эле күчтүүрөөк болбосо, оюнчулары, калыстары, аттары биздикинен өтө эле алсыз экен. Таза оюн болсо казактын улуттук курама командасын биздин “Ынтымак”, “Достук”, “Сары-Өзөн” сыяктуу клубдар эле утуп коё турган экен. Жеңиш 100 пайыз бизде болчу, балдарга ойноого мүмкүнчүлүк бербей коюшту.

Негизи көп нерсеге даяр болуп барганбыз, бирок калыс жекеме-жекеде өздөрүнүн оюнчуларына улакты алдырып туруп анан оюнду баштатат деген нерсе оюбузга да келген эмес. Бизге Казак тараптын мурунку оюнчулары, курамга кирбеген азыркы оюнчулары дагы келип “өтө эле туура эмес болуп калды, уялып турабыз” деп жатышты. Калыска, уюштуруучуларга канча нааразычылыгыбызды айткан менен, баары Казак тараптан болуп жаткандан кийин кандай болбосун өздөрүнүн жеңишине ылайыктайт экен да. Мындан ары алардан таза оюнду үмүт этпей эле коюш керек экен деген жыйынтыкка келдим. 

Нургазы Борбиев, көк бөрү калысы: «Казак оюнчулары чычалап бизге кол көтөрүп кетишти»

– Көк бөрү калысы катары оюнду баштан-аяк көрүп чыктым. Бул казак тарапка калыстын алып берген эле жеңиши болду. Башында калыс оюнга аралаша элек болчу, болгону оюнчулардын чаап, муунткан сыяктуу одоно аракеттерине көз жумуп жаткан. Менимче, ызы-чуудан кийин болгон тыныгууда бул калыска сырттан бирөө ушундай тактика түзүп берди, анан ошол ыкмага салып иш алып барды. Биз көк бөрүдө таза калыстык кылдык, керек болсо казактардын айрым аракеттерине көз жумуп жаттык. Себеби аларды жазага кетире бергенде алар чырдап оюнду токтотуп салышы мүмкүн эле. Мен тескерисинче, биздикилерди көбүрөк жазага кетирдим. Аягында “таза калыс деген силер турбайсыңарбы” деп казак оюнчулары чычалап, калыстарга кол көтөрүп кетишти. 

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1137, 19-25-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан