Бир жылдары “Окуучу кыз” ыры менен элге таанылган ырчы Ирлан Таалайбеков учурда музыкант, тамада дагы. Ырчы мырза жубайы Аида Шакралиева экөө “Жан шерик” рубрикабыздын каармандары болушту.
– Кош келипсиздер! Маңдайымда маектешкени турган жан шериктердин качан, кантип таанышканы кызык...
Ирлан Таалайбеков: – Биз 2007-жылы, февралда, мен жаңы ырдап чыгып жаткан мезгилде таанышканбыз. Спорт ордосунда концерттен кийин кыздар сахнанын артына өтүп, сүрөткө түшүп калышчу. Ошентип бул дагы курбулары менен келген.
Аида Шакралиева: – Жок, бизди курбу кызым тааныштырган. Концертке мен барган эмесмин, адашып жатат (күлүп). Экөөбүз кийин, мен курбу кызыма жолукканы барганда таанышканбыз.
И.Т.: – Ошентип таанышып, 2 жарым жылдай сүйлөштүк. Кычыраган кыштын чилдесинде, элдин баары Жаңы жылдан кийин эс алып жатканда, январдын төртүндө баш кошконбуз. 2010-жыл болчу. Бирге түтүн булатканыбызга 15 жылга чукулдап калды, буюрса, эки уул, эки кыздын ата-энеси болдук.
– Үйлөнүү сунушун кантип киргиздиңиз?
И.Т.: – Үйлөнөбүз деп эле айткам.
А.Ш.: – Мага сунушту кайненем киргизген. “Сөйкө салып коёлу” деп сөйкө салып, бир жылдан кийин баш коштук.
И.Т.: – Эми ал убакта жашпыз да, мен 21демин, жубайым 22де. Апам “үйлөнөсүңбү?” деп калды. Ага чейин апам менен Аиданы тааныштырып койгон элем, макул дедим. Жаш кезде үйлөнүп алганыбыз деле жакшы болуптур. Азыр улуу балабыз 8-класста окуп жатат. Эрте баш кошконубузга өкүнбөйбүз, апам небере жыттап, Кудай буюрса, улуу балам үйлөнгөндө чөбүрө жыттап калса жакшы да. Ошондон бери турмуш менен алышып келатабыз. Үйлөнгөндөн кийин сахнадан жок болуп кеттим.
– Эмне үчүн сахнадан жок болуп кеттиңиз?
И.Т.: – Толуп кетпедимби аябай. Анан музыкант, тамада болуп иштеп жүрдүм. Азыр деле тамадалык менен үй-бүлөмдү багып жатам.
– Толуп кеткениңизге эмне себеп?
И.Т.: – Тойго кирип кеттим да. Күндө казы-карта, чучук жей берип толуп кеттим. Ырдап элге таанылган кезде аябай арык эмес белем.
– Ырчылыкты таштадыңызбы ошондо?
И.Т.: – Жок, жок, ырдап жатам. Анча-мынча ырлар, клиптер бар. Аранжировка да жасайм, студиям бар. Ырчыларга ыр, кинолорго музыка жазып жатам. Ошол эле чөйрөдө жүрөм.
– Баш кошкондон кийин жашоо кандай уланды?
А.Ш.: – Биз баш кошкондон кийин айылда бир жумадай эле турдук. Эки чыны, эки кашык, бир төшөгүбүздү көтөрүп алып шаарга келип батирге чыктык. Бир чоң чаар сумкабыз бар эле, ошону көтөрүп алып эле ары-бери көчүп жүрчүбүз.
И.Т.: – Ой, биз бир жылдын ичинде эле 6 батир которгонбуз.
А.Ш.: – Мен биринчи балабызды төрөгөн кезде экөөбүздүн апаларыбыз баштапкы төгүмүн төлөп, ортодон ипотекага батир алып беришти. Калганын өзүбүз төлөп, 10 жыл жашадык. Анан аны сатып, жер үйгө көчтүк. Азыр Ак-Ордодо жашайбыз. Турмуштун жакшы эле түйшүктөрүн көрдүк, эл катары эле. Оюмда жаш жубайлар сөзсүз ушундай кыйынчылыктардан өтөт, бул нормалдуу эле нерсе деген түшүнүк жашачу. Чыдаш керек, акыры баарына жетебиз дечүмүн. Ошентип бир бөлмөлүү үйгө жеттик, ичин толтурдук. Батирлеп жүрүп өзүбүздүн үйгө көчүп барганда бир башкача сезим болгон. Анан машине алдык экөөбүзгө тең. Баары акырындык менен болуп келе жатат.
– 15 жыл ичинде кандай материалдык же моралдык кризистерди жеңдиңиздер?
А.Ш.: – Мен чыдамкай экенмин (күлүп). Буларда той таң атканча деле болуп калат. Кеч келет, же эртеси келет. Эжелерим, курбуларым “күйөөң каякта, күйөөң жок го? Ушуга чейин жүрө береби?” деп таң калышат. Бул мага нормалдуу эле көрүнүш, көнүп калгам.
И.Т.: – Кыскасы, мен үйлөнгөнү үйдө отура элекмин, иштеп келе жатам. Анын үстүнө үйдө отура албайм, 2-3 күн үйдө отуруп калсам буулугуп депрессия болуп баштайм. Көчөдө жүрө берип көнүп калат экенсиң. Эркек үйдө аялы менен аял болуп тыгылышып отурса, уруш ошондон чыгат.
– Бирок үйдүн деле иши бар да, жубайыңызга кол кабыл кыласызбы?
И.Т.: – Кол кабыш кылам майда-чүйдөлөргө.
А.Ш.: – Үйдүн ичиндеги жумуш меники. Сырттагы өзүнүкү.
И.Т.: – Үйдө кошо отура бергенде урушуп кетебиз.
– Катуу урушуп көрдүңөр беле?
И.Т.: – Көп эле урушканбыз, идиш-аяк кагышат да эми.
А.Ш.: – Жок, аябай катуу деле урушкан эмеспиз. Мунун мүнөзү ушундай, жини мурдунун учунда. Бирок кайра бат эле жини тарап, унутуп калат. Башында бир аз көнө албай жүрдүм, кийин буга карап ылайыкташып калдым. Азыр бул ачууланып баштаганда мен унчукпайм. Анткени бир сааттан кийин кайра баарын унутуп, эч нерсе болбогондой сүйлөп каларын билем да. Бир жолу таарынып үйгө кетип калганым да бар. Биринчи балам колумда, экөөбүз уруша кеттик. Анан акырын такси чакырып баланы алып апамдыкына кетип калдым. Бул эртеси артымдан барып алып келген. Апама барып айткан деле эмесмин, жөн эле айылдап келдим деп койгом. Апам ага чейин “сен күйөөң менен таарынышып кетип мага айтсаң, сен кайра кечиресиң, а мен кечире албайм” дечү. Ошого апама айтсам күйөөмдү жаман көрүп калат деп айтчу эмесмин. Ушул убакка чейин эле ошол ойдомун.
– Таарынышып кеткенде ким биринчи кечирим сурайт?
И.Т.: – Менден кетсе мен кечирим сурайм. Мындан кетсе бул кечирим сурабайт.
А.Ш.: – (Күлүп) Мен сүйлөбөй жүрө берем. А бул өзү сүйлөй берет, анан унутуп калам. Көбүнчө Ирлан кечирим сурайт.
– Ким көп “косяк” кетирет?
А.Ш.: – Бул.
И.Т.: – 2 жылдан бери көп кетирбей калдым. Мурун ары-бери басып, достор менен түндөп майрамдап кетесиң. Ар кандай кырдаал болуп кетчү да эми.
– Андайда кызганчусузбу?
А.Ш.: – Жок, кызганган жокмун. Башында болгон чыгар, бирок азыр кызганбайм.
И.Т.: – Бул “артисттер кыз-келиндерге жакын болот экен” деп кызганбай калды да (күлүп). Артисттер аймактарды кыдырып кетебиз да. Кээде телефонум өчүк болуп калган, кээде өзүм өчүк болуп калган күндөр да болду (күлүп).
А.Ш.: – Башында бир аз кыйын болду, кийин көнүп калдым.
– Балдарга ким катуураак, ким жумшак?
А.Ш.: – Мен кечке уруша берем, бирок урушканыма көнүп деле калышкан, тоготушпайт.
И.Т.: – “Атаң келсе өпкөңдү үзөт” деген бизбиз да.
А.Ш.: – “Атаңарга айтам” дегенде анан “апа, айтпаңызчы” деп сестенип калышат. Болбосо бул урушпайт деле, бирок коркушат.
– Эркек киши кыздуу болгондон кийин жумшарат дешет го, өзгөргөнү байкалдыбы?
А.Ш.: – Аябай эле өзгөрдү. Бул көптөн күткөн кызыбыз болду. Мен башында эле кыз күткөм. Экинчи балабыздын уул экенин билгенде кыз төрөйт элем деп ыйлаганым эсимде (күлүп).
– Үй-бүлө урабай сакталып турушу үчүн эмне керек экен?
А.Ш.: – Сабырдуулук керек. Сен айтчы эми...
И.Т.: – Ошо, бири-бирин сыйлаш керек негизи.
А.Ш.: – Ооба, анан чыдаш керек. Мен чыдадым.
И.Т.: – Негизи аял киши чыдап коюш керек. Аял киши эстүүрөөк да, эркектин анча-мынча кылык-жоругуна көз жумуп койсо эле үй-бүлө сакталат.
– Бактылуу болуңуздар!
Гулийпа Маметосмон кызы