Каарманыбыз 30 жаштагы Назарбек Жанышев ойноп-күлө турган курагында майыптык менен алышып, ден соолуктун азабын тартып жатканын айтат. “Ден соолуктун сагы, пейилдин агы жакшы” дейт эмеспи, мен 15 жашымдан бери майыптык менен күрөшүп келем. Толук кандуу баса албайм, белим, сөөктөрүм ооруйт. Базарда самса сатып, курьер болуп да иштеп көрдүм” дейт каарманыбыз. Майыпмын деп жатып албай, дарыларына өзү акча тапканга аракет кылганы, айыгып кетем деген үмүтү бизди да суктандырды.
«Аттан кулап кетип майып болгом»
– Жашым 30да. Нарын облусунун Ак-Талаа районунан болом. Беш бир туугандын улуусумун. 15 жашыма чейин башка балдар сыяктуу эле дени-карды соо, ат минип, кой кайтарган бала элем. 2009-жылы аттан кулап түшүп, башым жерге катуу тийген. Ошондо башымдан жаракат алып, ооруканада көпкө дарыланып жатып калдым. Дарыгерлер “баш мээң чайкалган, башта шишик бар, операция жасаш керек” деп айтышты. Анда жаш болуп эч нерсени түшүнчү деле эмесмин, бирок ата-энем өздөрүнчө мага айтпай күбүр-шыбыр бирдемелерди сүйлөшүп, кээде ыйлап калышчу. Бир жолу апамдын ыйлап отурганын көрүп “эмнеге мага айтпай жатасыңар? Врачтар эмне дешти, өлөт бекем?” деп сурадым. Ошондо башымда шишик бар экенин, ал өлүмгө же майыптыкка жеткире турганын угузушкан. Майыптыктын башталышында катуу ооруп жүрдүм, жакшы баса албай белим эле ооруй берчү, кечке заңылдап башымдын ооруганы да токтобойт. Ал кыйналган күндөрүмдү эстесем азыр деле ыйлагым келет. Дарыгерлер бир гана операция жолун сунуштап туруп алышты, 2 жыл тынбай ооруй бергенимде ага деле макул болгом. Бирок операция жасаткандардын көбү “башка бычак тийгизип кестирбей эле кой, баса албай каласың, азыр басып, сүйлөйт экенсиң го” дешти. Ошондон кийин ойлонуп операциядан баш тарттым.
«Аялым үйүнө кетип эле кайра келбей койду»
– Дарыланам деп Бишкекке көп каттап, акыркы жылдары бул жакта эле бир тууган инилерим менен батирде жашап калдым. 2022-жылы бир кыз менен таанышып, мамилебиз келишип үйлөнгөн элек. Жашаганыбызга эки жыл болгондо айылына кетип эле, келбей койду. Ортодо уруш-талаш деле болгон эмес, баары жакшы болчу. Менин ден соолугумдан уялды окшойт. Анан акча-тыйындан да бир аз кыйналып калдык, аны кем-каржысын камсыздап бага албай калдым. Ажырашуудан кийинки абал абдан жаман экен, аябай кыйналдым. Дарыларымды да ичпей койдум. Себеби мени караган эч ким жок, жубайым убагында дарыларымды ичирип турчу да. Сабырдуулугум гана мени узакка созулчу депрессиядан сактап калды окшойт.
«Самса сатып, курьер болуп да иштеп жүрдүм»
– Бир тууган инилерим “иштебей эле үйдө отура бериңиз” дешет. Дарыларымдын баарын иним алып берет байкуш, өзүнө акчасы артпай калса биринчи менин дарымды ойлойт. Анын абалын көрүп үйдө бекер отура албайт экенсиң. Ата-энеме да ыраазымын, мени майып деп бөлбөй көзүмдү карап, ден соолугума сарсанаа болушат дайыма. Ошолордун аракетин көрүп үйдө бекер жата албайт экенсиң да. Анан өзүмдүн да кем-каржыма акча керек болду. Былтыр жайында тандырга бышырылган самсаларды алып үстүнө 10 сом кошуп элге сатып жүрдүм, “Дордойдон” диний китептерди алып “Ош базарда” кыдырып сатып калдым, быйыл велосипед тээп курьер болуп да иштедим. Бирок велосипедди эртеден кечке тебе албайм, белим оорутат. Көп бассам бутум ооруйт, кан басымым көтөрүлүп баса албай жатып калам. Ошого базарда отуруп бир нерсе сатып иштей турган орунум болсо сонун болмок. Азыр үйдө бекермин, жакшы болуп калсам базардан орун алып соода менен алектенсемби деп жатам.
«Майыптарга болгон мамиле ардантат»
– Мени кээ бир адамдардын майыптарга болгон мамилеси ардантат. Теңине албагандай, жийиркенгендей түрлөрүн көрүп калам. Телефон чалып алайынчы деп сурасаң беришпейт, уурдап кетет деп коркушат окшойт. Майып болгонум үчүн бир тарабыма ооп басам да, анан жакшы сүйлөй албайм. Кээде “ичип алгансыңбы, бутуңа тура албай массың го” деп урушкандар болот. Бир жолу ошентишкенде “жок, байке, мен майыпмын” десем “койчу шылтооңду, 100 грамм эле бастырып алыпсың” деген. Ошондон кийин жаныма майыптыгымды тастыктаган документимди ала жүрчү болдум. Шек санагандарга дароо көрсөтүп коём.
«Ата-энеме, бир туугандарыма ыраазымын»
– Мен ооругандан тарта ыйласам кошо ыйлап, күлсөм кошо күлүп жүргөн апам болду. Иним мени жетелеп мончого алып барып жуунтат, базарга алып барат. Ата-энеме, бир туугандарыма чексиз ыраазымын. Жашыраак кезимде теңтуштарым жыргап, каалаганын кылып жүрсө аябай ичимден бук болот элем. “Мен ооруп жатам, досторум жыргап жүрүшөт” деп ыйлаган күндөрүм болгон. Азыр антпей калдым, мени ойлогон, мен үчүн санаа тарткан адамдарды баалаганды, аларга ыраазы болгонду үйрөндүм. Кээде дени карды соо эле адамдар көйгөйүн айтса, ушунун көйгөйү менде болсо кана дейм. Окурмандардын арасында акылдуу, байлык-дүнүйөгө кызыкпаган, айылда жашайм деген кыз-келиндер болсо үйлөнөт элем. Ичпейм, чекпейм, ден соолугума байланыштуу көп учурда үйдөмүн, бирок эки-жакка чыгып иштей алам.
Жардам берүү үчүн реквизиттер:
Мбанк: 996 500 289 894 (Назарбек Ж.)
Лунара Бекиева