Калыс Жакыпов, ырчы: «Аял алып бергиле, жалгыз тажап кеттим деп...»

«Байкелер вино ичирип коюшуп...»

– Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң кичүүсүмүн. Баарыбыз уулбуз. Үйдүн кичүүсү болгондуктан мени аяп үйдөгү да, сырттагы да жумуштарды көбүнчө байкелерим жасашчу. Ата-энем күндүз жумушта болушат. Апам мени дайыма аяп, сырттагы кара жумуштарды жасатчу эмес. Ага агаларым да көнгөн. Кичинемден ырдап баштагандыктан, чоңойгондон кийин үйгө көп деле турбай калдым, комуз ийримине, спорттук машыгууларга барат элем. Балалыгым эң сонун, бактылуу өттү, баары жетиштүү, сонун балалыкты көрүп чоңойгом.

1 жаш 3 айымда басып, 2 жарым жашымда тилим чыгыптыр. Апам “көп ыйлабаган, жоош болчусуң” деп калат. Кичинемде атам айылдагы мектепте совхоз болуп иштечү экен. Ошол кезде мектептин курулушунда иштеген усталарды тамакка чакырганы апам мени жумшачу экен. Тилим чыга элек болгондуктан барып эшикти тепкилечү экенмин. Алар “тамакка чакырып келген турбайбы” деп мени көтөрүп алып келишчү экен. Апам ушуну көп айтат. Бир жолу тамакка чакырганы барсам ал байкелер вино ичип жатышкан экен, мага кичине ичирип коюшат. Мен кадимкидей кызып, алардын бөлмөсүндө уктап калыптырмын (күлүп).

«Кошуналардын үйүнөн эле курсагымды тойгузуп алчумун»

– Бала бакчага барбай калдым. Бала бакчага бара турган курагымда Бишкекке көчүп келдик. Шаарга жаңы көчүп келгендиктен, байкелеримди айылга чоң ата-чоң эне, таята-таенебиздин колуна таштап келишкен. Кийинчерээк келишти алар. Бишкекте жаңы конуштарда жашачубуз, атам менен апам күндүз жумушка кетет, а мен үйдө жалгыз калам. Апам күндүз жегенге деп тамак жасап кетет, мен кошуналардын балдары менен ойноп, ар кимдин үйүнө кирип курсагымды тойгузуп жүрө берет элем. Атам-апамдар жумуштан келер убак болгондо үйгө келип бөлмөнү жыйнамыш этип койчумун. Кээде кечигип калышса жинденип төшөктөрдү чачып салчумун. Үйдө жалгыз кала берип тажаган окшойм, бир күнү “мага аял алып бергиле, үйдө жалгыз отуруп тажап кеттим, аялымды “Дордойдон” коробка чогултуп болсо да багам” дептирмин (күлүп). Бала кез дегенде дароо ошол биз жашаган Ак-Бата конушу эсиме түшөт.

«Мугалимим алмашкандан кийин жакшы окуй баштадым»

– Негизи аша чаап тентектик деле кылган жокмун, бирок башкага жемимди жедирбеген, көп мушташкан бала элем. Көчөдөн балдар өтүп баратса, тийишип, кээде алар менен мушташа кетчүмүн. 1-класска жаңы барганда атам “1-“ж” класска барасың” деп жөнөтүп жиберди. Мен өзүм эле барып, эжелерден “1-“ж” класс кайсы?” деп сурап, таап киргем. 3-класска чейин окууга көнүшө албай кыйналдым. Мугалимдерден уруш жеп, жакшы окуй албай жүрдүм. 4-класска көчкөндө ролик тээп баратып кулап акырегимди сындырып алып, 1-2 ай сабакка барбай калдым. Ошондо классымды өзгөрткөнгө туура келди. Анан Кымбат Асанбековна деген мугалимдин колуна түштүм. Ошол эжебиздин колуна баргандан кийин жакшы окуй баштадым. Ал эже мен жаңы барганда эле класстын маданият министри кылып, аябай көтөрмөлөдү. Мага ушундай колдоо жетпей жатканбы, кийин дароо эле отличник болуп кеттим. Мага тарых, география, кыргыз тили, кыргыз адабияты сыяктуу гуманитардык сабактар жакчу. Алгебра, химия, физика деген сабактарды жактырчу эмесмин. Бул сабактардан мугалимдер башка сабактарга, активдүүлүгүмө карап көтөрмөлөп баа коюп беришчү. 8-класска чейин жакшы окудум. Андан кийин өткөөл куракта, чоңоюп бараткангабы, сабакты жакшы окубай койдук. 9-класстан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга окуп кеттим.

«Эң биринчи устатым Бакыт Мамаев»

– Үй-бүлөбүз негизи ырга жакын. Мен жаңы төрөлгөндө эле атам “ушул баламды ырчы кылам” деп ниет кылган экен. Ошол учурда орустардын Кай Метов деген ырчысы популярдуу болуп жаткан экен. Атам “менин балам ырчы болот, ушул ырчы Кай Метовдой чыгарам” дечү экен. Мына, буюрса, атамдын тилеги ишке ашып, азыр ырчы болуп жүрөбүз. Кенедей кезимден бери эле ырдап, ар кандай сынактарга катышып жүрчүмүн. Чындап ыр жаздыруу 2-классымда башталган. 2-классымда мектебибизге Бакыт Мамаев агайыбыз ийрим ачып, ошол аркылуу ырдап чыкканбыз. Музыка жаатында биринчи мугалимим Бакыт Мамаев. Комузду биринчи үйрөткөн Рыскул деген агай, Нурак Абдырахманов агайдан да сабак алгам. Эң биринчи сахнага “Кыргызстан” деген ырды ырдап чыккам, 2-классымда циркте ырдагам. Комуз менен ырдап, күү чертип мектептин атынан көп сынактарга бардык. Барган сайын байгелүү орундарды алып келчүбүз. 2-класстан баштап ар кандай ийримдерге, комузга, вокалга бара баштагам. Андан сырткары сабактарым бар. Мектептен келгенден кийин ойноп жатсам атам чакырып келип комузду, аккордеонду карматып коёт, “кайтала” деп. Ошол кезде абдан жиним келчү, баламын да, ойногум келет. Азыр атама ошол үчүн рахмат айтам. Азыр каякта болбосун, сахнада электр жарыгы өчүп калса да жандуу үн менен ырдай алабыз. 

«Өткөөл курак үнүмдүн өзгөргөнү менен билинди»

– Ата-энем, бир туугандарым мени азыркыга чейин эркелетишет. Кичинемде “Сары жөжө” дешчү, азыр Кальчик, Кай, кичинекейим дешет. Өткөөл курак мага көп деле билинген жок, билингени үнүмдүн өзгөргөнү болду. Мутация деп коёт, ичке үндөн жоон үнгө өтөт. Ошол учурда такыр ырдаган жокмун. 9-классты бүткөндөн кийин Күрөңкеевге тапшырып, 4 жыл окуп бүтүрүп, анан Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство окуу жайына тапшырдым. Колумда ушул эки окуу жайдын диплому бар. Чоңойдум деп Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүткөндө ойлоно баштадым окшойт. Ошол кезде иштейин, акча табайын деп калдым. Ага чейин да кээде официант болуп иштей калчумун. 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1137, 19-25-сентябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан