Испан киносинун иконасы, Голливуддун жарык жылдыздарынын бири Пенелопа Крус быйыл 50 жашка чыкты! 50 жылдык жашоосунда эмнелер гана болгон жок, ар бир күнүн кызыктуу, эсте каларлык окуяларга бай жашаган актрисанын өмүр жолуна кылчайып көрдүк. Актриса тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз.
Туулган жери: Испания, Алькобендас
Туулган жылы: 1974-жыл, 28-апрель
Жылдыз белгиси: букачар
Бою: 168 сантиметр
Кесиби: актриса, модель
Тартылган белгилүү тасмалары: “Кариб деңизинин пираттары”, “Бандиттер”, “Вики Кристина Барселона”, “Ваниль асманы”, “Кокаин”, “Кайтуу”, “Параллель энелер” жана башка
Ысымы
Пенелопанын ысымынын да кызыктуу тарыхы бар. Испандардын белгилүү ырчысы Жоан Мануэль Серраттын “Пенелопа” деген ыры бар. Бул чыгарма Итаканын падышасы Одиссейдин Пенелопа аттуу жубайына арналган экен. Ырдан таасирленген ата-эне кызына Пенелопа ысымын ыйгарышкан. Мекенинде актрисаны Пе деп чакырышат.
Үй-бүлөсү
Автомеханик (атасы) менен чачтарачтын (апасы) кызы. Үч бир тууган, иниси менен сиңдиси да чыгармачылык жолунда. Иниси Эдуардо композитор, ырчы, сүрөтчү, ал эми сиңдиси Моника да бийчи, актрисалык кесибин аркалап келет. Бир туугандардын балалыгы чачтарачканада өткөн. Мектептен чыккандан кийин апасынын жумушуна барып, үй тапшырмаларды аткарып, анан да кардарлардан шаардагы акыркы жаңылыктарды уккан кызыктуу болчу алар үчүн.
Балет
“Киного келип калам деген ой, кыял деген жок болчу. Анткени 9 жыл балетке бардым. Бул бийге болгон кызыгуум 4 жаштан башталган, кызыгуум кумарга, сүйүүгө айланды. Бий студиясында канча тер төгүлдү, канча жолу ыйладым, бутумдун тырмактарын жулуп салчумун, анткени жаракат ала берип капкара болуп өспөй, жансыз абалга келишчү. Жумасына 6 күн 5-6 саат машыгат элем. Бутумдун манжаларынын баары кыйшайып калган. А мен сахнада “Карменди” ойнойм деген максат менен машыга берет элем. Кийин эмнеге мынча балетке байланганымды ойлонуп көрдүм, көрсө, балет деле актрисалык чеберчиликтин бир түрү экен да”деп эскерет Пенелопа айым.
Кино
Бир күнү курбусу Сальма Хайек (ал кезде Сальма киного аралашып калган эле) тартуу иштерине кечигип жатканын, бирок үйүндө свет өчүп, чач жасалга, макияж жасай албай жатканын айтып телефон чалат. Пенелопа аны апасынын жумушуна чакырып, чачын жасап, колунан келишинче макияж жасап берет. Анан кино тарткан процесске кызыгып, курбусу менен чогуу барат. Ошол жактан энергиясы ашып-ташкан, сулуу бийкеч продюсерлердин көзүнө илинип, телевидениеге чакыруу алат. Анда кыз 15 жашта гана болчу. Актрисалыкка кызыгуусу күчөп, классикалык бийди таштап салган
Дебют
Апасы анын балерина болушун каалачу. Чыныгы бийчи катары аты чыкпаса да, бул өнөрдү бир-эки тасмада көрсөтүп, бийчинин образын мыкты ачып берген. Пенелопанын дебюттук ролу кинодо эмес, теледе башталган. 15 жашында “Mecano” тобунун клибине тартылган, андан соң өспүрүмдөр берүүсүнүн алып баруучусу болгон. 17 жашында кинодогу жолу ачылып, “Ветчина, ветчина” тасмасына тартылган. Аз убакыт аралыгында популярдуулукту багынткан Пенелопа “Испаниянын секс символу” атала баштаган.
Голливуд
Голливудга 20 жашында келди. Жаңы келгенде “салам”, “жакшы кал” деген эки сөздөн башка англисче сүйлөй алчу эмес. Андыктан 2 жылын тил үйрөнүүгө, анан кайрадан балетке барганга кетирген. Киного аралашканы режиссёр Педро Альмодовардын эмгектерин баалап, чогуу иштешсем деген тилеги бар эле. Бул кыялы ишке ашып, 1997-жылы режиссёрдун эротикалык триллер жанрындагы “Тирүү дене” киносуна тартылган. Мындан кийин режиссёр экөөнүн мамилеси достукка өтүп, ал Пенелопа ал үчүн музага айланганын айтканы бар. Голливуд үчүн жаңы жүз, жаңы талант, жаңы дем, өзгөчө акценти бар актриса көптөгөн тасмаларга тартылган. Арасында “Оскар” алганы да бар (“Вики Кристина Барселона” тасмасы), тагыраагы, биринчи жолу испан актрисаларынын арасынан алгачкы жолу “Оскарга” Пенелопа Крус жеткен. Бул сыйлыкка баш-аягы 4 ирет талапкер болуп, бирөөндө жеңишке жеткен. “Оскардан” сырткары башка ондогон абройлуу кино сыйлыктары бар.
Модель
50 жаш кеп эмес. Анткени Пенелопа Крус азыркыга чейин мода дүйнөсүндө суроо-талапка ээ моделдердин бири. Көптөгөн бренддердин жүзү. Сиңдиси экөөнүн Мадридде кийим саткан дүкөндөрү бар.
“Баш ийбеген жүрөктөр” тасмасында кечке эт жей берип, тартуу иштери бүткөндөн кийин такыр эт жей албай, вегетариан болуп калган. Пенелопа уйкучулардын катарына кирет, 18 саат бою үзгүлтүксүз жыргап уктай алат. Испан жана англис тилинен сырткары французча жана итальянча жакшы сүйлөйт. Ал эми жаман адаттарына кайсылар кирет: акчага сарамжал эмес, болбогон нерселерди сатып ала берген адаты бар. Андан сырткары паровоздой эле көп тамеки тартат, анан да кока-коланы көп ичет.
Сүйүүгө бай...
Пенелопа Крустан сүйүктүүсүн кызганган, коруган айымдар көп. Буга актрисанын “Голливуддун үй-бүлө бузуучусу” атка конгону себеп.
Биринчи сүйүү үч бурчтугуна Голливуд актёру Мэтта Деймон менен илинген. Экөө “Баш ийбеген жүрөктөр” тасмасында сүйүшкөндөрдүн ролунда болчу. Тасмадагы роман жашоодо уланып, Мэтт Пенелопа үчүн сүйлөшкөн кызы, актриса Вайнона Райдерди таштап кеткен.
Мэтт Деймон менен роман бир нече айга гана созулуп, актрисанын көңүлүн “Капитан Кореллинин тандоосу” тасмасындагы өнөктөшү, актёр Николас Кейж табат. Махабатка мас болгон Кейж аялы Патриция Аркетт менен ажырашып кеткен. Бирок бул мамиле да көпкө узаган жок.
Андан кийин актрисаны дагы бир мачо актёр Том Круз жандап калган. “Ваниль асманы” тасмасынан кийин узарган мамиле Круздун актриса Николь Кидман менен ажырашуусуна алып келген. Экөөнүн мамилеси 3 жылга созулган.
Кийинки кезекте актёр Мэтью Макконахи. “Сахара” тасмасынан кийин жаралган роман да түбөлүктүү болгон жок. Анан Жош Хартнетт, Орландо Блум сыяктуу “красавчиктер” актрисанын торуна илинип чыгышкан.
Анан эле баары токтоду. Тагыраагы, актриса акыркы тандоосун жасады окшойт. 17 жашта кинодо дебют жасаган дебедикпи. Ошол дебюттук тасмасында Пенелопа актёр Хавьер Бардем менен тартылган эле. Тасмадан кийин жөн гана тааныш болуп жүргөн атактуулар 2007-жылы түгөйлөр статусуна өтүп, 2010-жылы үйлөнүү үлпөтүн өткөрүшкөн. Экөө учурда бир уул, бир кызды тарбиялаган бактылуу жубайлар.
Асыл Орозбекова