“Биз бала кезде...” Бул сөздү учурда көпчүлүк ата-энелер балдарына айтып, азыркы балалык мезгил менен өздөрүнүн балалык доорун салыштырышат. Качмай топ, топ таш, ак чөлмөк, жашынмак... Санай берсе көп, дээрлик ойнолбой бараткан оюндар. Эксперттер болсо азыркы балдарды смартфондон алыстатуунун бир жолу – улуттук оюндарды үйрөтүү, алар менен чогуу ойноо деп жатышат. Макалада улуттук оюндарга дагы бир жолу кайрылалы дедик. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын доценти Бекжан Абдрахманов маалымат берет.
1-5 жаштагылар үчүн оюндар
– Кыргыз эли бала тарбиялоодо оюндарга дыкаттык менен көңүл бурган. Азыркы учурда “баланын колунун моторикасын өнүктүрсө тили бат чыгат” деп ар түрдүү курстар пайда болууда. Аны кыргыздар эбак эле билген. Бала тили чыга электе эле манжаларын кыймылдатып санаган. Мисалы, буудай куур оюну баланын колунун моторикасынын өнүгүшүнө жардам берген. Ошондой эле топ таш оюну баланын колунун ийкемдүү болушуна шарт түзгөн. Ташты жогору ыргытып, кайра тосуп алууга чеберлик керек да. Топ ташты үйрөтүүнүн философиясы – баланын колун устачылыкка же уздукка багыттоо десе болот. Таштарды кармаганда анын формасын, салмагын сезет. Учурда муну кум оюндары менен алмаштырып, курстарда үйрөтүлүп жатат.
5-10 жаштагылар үчүн оюндар
– 5 жаштан тарта чүкө оюну актуалдуу болгон. Чүкө ойноонун философиясы – стратегияны үйрөнүү болуп эсептелет. Анткени каршы тараптын оюн, ыкмаларын билип, “бул азыр минтип жатат, а мен мындай кылайын” деген логикалык ой жүгүртүүнү өөрчүтөт. Колдун түздүгү, таамай мээлөө, ыңгайлуу позиция издөө, мунун баары баланын жашоодогу ордун табууга жардам бере турган адаттар. Чүкө оюнунун жаш куракка жараша жүздөй түрү бар. Ар биринде жеңишке жетүүгө болгон аракет. Сергек ой жүгүртүүгө, шамдагайлыкка, сабырдуулукка үйрөтөт. Чүкөнү кызыл, жашыл, сары, ар түрдүү кылып боёо – балдарды кызыктыруу максатын көздөйт.
Учурда жаа атуу Олимпиада оюндарына кирген спорт түрү, ал эми кыргыз уулу 5-7 жашында жаа атканды билген. Баланын жашына ылайык кичине жаа, жебе, бута жасап беришкен. Жаа атууда көп философия жатат. Негизгиси – бирөө менен эмес, өзүң менен таймашуу, өзүңдү таанып-билип, алсыз жагың менен күрөшүү жана жеңип чыгуу. Бала жаа атып жаткан учурда шамал кайсы тараптан согуп жатканын, күн нуру кандай тийип жатканын, кыраакылыкты үйрөнөт. Дагы бир сыры – жаа атууда ички абал роль ойнойт. Шашкалактап, бутаны түз мээлебей же ою башка жакта болуп жебе атса бутага тийбейт. Жаа, жебе жана бута. Бута – максат, жаа – сенин даярдыгың, жебе – аракет. Ушул философияны кыргыз бир оюнга камтып, балага жаштайынан үйрөткөн.
Ал эми жоолук таштамай, ак терек-көк терек, көз таңмай деген оюндар баланы шамдагай болууга үйрөтөрү анык.
10-15 жаштагылар үчүн оюндар
– 10 жаштагы балдарды чоң кишидей эле кабыл алып, эркек балдарды аң уулоого, мергенчиликке алып чыга башташкан. 10-15 жаштарда тогуз коргоол оюну ылайык. Тогуз коргоолду кыргыздын шахматы деп койсок болот. Шахматта кандай сапаттар керектелсе, бул оюнда да ошондой. Логикалык ой жүгүртүү, математикалык эсеп, стратегиялык пландоо керектелет. Жогорудагы аталган оюндар баланы кара күч жактан даярдаса, бул оюн интеллектуалдык жактан машыктырат.
Ак чөлмөк оюну да ушул курактагы балдардын оюну. Ал командалык духту калыптандырат. Айлуу түндө ак чөлмөктү (бир карыштай ак сөөк же ак түстүү жыгач) табуу ыкчамдыкты, көрөгөчтүктү, командалык жөндөмдү талап кылат.
12-15 жаштарга кунан жарыш оюну туура келет. Кунан жарыш – өспүрүм балдардын жашоосундагы маанилүү сабак десе болот. Анткени эреже, мыйзамдарга баш ийүү керек. Атты чаап баратып атаандаштын атын башка-көзгө чаппаш керек, жолду кыскартыш үчүн аны кесип өтүүгө, айтор, башкалардын укугун бузууга болбойт. “Аракет кыл, бирок башканын укугун бузба” деген философия жатат.
15 жаштан кийин эркек бала бардык спорттук оюндарга катыша берсе болот. Көк бөрү, эр эңиш, балбан күрөш, ат чабыш, жорго салыш, аркан тартмай жана башка.
Баланы улуттук оюндарга кызыктыруунун кандай жолдору бар?
• Адегенде ата-эне өзү улуттук оюндарды билиши зарыл. Балдары менен чогуу ойносо аларда кызыгуу жаралышы мүмкүн.
• Айрым мектептерде тогуз коргоол, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар дене тарбия сабагынын программасына киргизилген. Мугалимдерден да көп нерсе көз каранды.
• Чүкө, ордо, тогуз коргоол оюндарын кадимки смартфонго тиркеме катары киргизип, заманга ылайыктоо ишин жолго койсо болот. Телефондогу айрым “түшүнүксүз” оюндарга тете кылып кызыктуу формага салуу.
• Балага кичинесинен тарта улуту жана улуттук оюндары тууралуу туура, кызыктуу кеп кылып берсе да жардамы тиет.
Нуржамал Жийдебаева