Атанын турмуштагы ордун, даражасын атанын чыныгы тарбиясын көргөндөр абдан жакшы сезе алышат. Белгилүү обончу, ырчы Түмөнбай Колдошов атасы тууралуу маанилүү кеп кылып берди. Анын ар бир сөзүнөн атага болгон өзгөчө урмат, сыймык, тартынуу, ыйбаа кылуу да байкалып жатты.
«Залкарлардын көбүн атам аркылуу тааныдым»
– Балдар үчүн ата-эне институту абдан маанилүү экен. Жашоомдо, азыркы тандаган жолумда атамдын таасири чоң болду. Атам азыр 76 жашта. Бала кезинде милиция кызматкери болгусу келчү экен. Алматыга жогорку милиция мектебине тапшырам деп барып, өтпөй калыптыр. Кийин айдоочулук курска окуп, айдоочу болду, негизинен колхоздун жумуштарында иштеди. Азыр дагы атамдын эс-тутуму күчтүү. Кыргыз тилинин орфографиясын, пунктуациясын, стилистикасын жакшы билет. Сүйлөп жаткан сөзүбүздөн ката табат. Химиябы, алгебрабы, географиябы, баарынан маалыматы бар.
Менин поэзия, кара сөздүн күйөрманы болуп калышыма атамдын салымы зор. Китепти көп окуган киши. Бала кезимде экөөбүз адабият, ырчылардын чыгармачылыгы жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Ал окуган чыгармаларын көркөмдөп айтып берет, мен кызыгып ошол чыгармаларды окуп чыгам. Барпы Алыкулов, Түмөнбай Байзаков, Райкан Шүкүрбеков, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев сыяктуу залкарларды атам аркылуу тааныдым.
«Асанкалый Керимбаев каза болгондо ыйлады»
– Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы каза болгондо радиодон угуп кадимкидей кыйналды. “Рыспай Абдыкадыров өлүп калды, ушундай талант эми жаралабы?” деп кейиди. Атамдын ыйлаганын бир ошондо, анан Асанкалый Керимбаев каза болгондо көрдүм. Таланттарга, алардын чыгармачылыгына сый-урматы абдан жогору. Рыспай Абдыкадыров бүгүн өтсө, мен ыйлайт белем, ыйлабайт белем ким билет?..
Атам аябай чынчыл киши, анан пунктуалдуу, мамилеге өтө так. Үйдө бычагыбыз, араабыз, балтабыз да дайым курч, ар бири өз ордунда турчу. Азыр деле айылга барганда биз тургуча бут кийим, машинебизден бери жууп-тазалап коёт. Анан кыйын уста. Атам жасаган жыгач күрөк, чөмүчтөр азыр да айрым үйлөрдө илинип турат.
Чоң атам Колдош чоң улакчы болуптур. Бирок атам улак чапкан жок. Атам атты жакшы такалайт, мурун айылдагылардын баары аттарын атама алып келип такалатышчу.
«Аккордеонду кыйкылдатып, үйдөгүлөргө уйку деле бербептирмин»
– Адегенде бир тууган таежем Орозкүл Эгемовадан комуз черткенди үйрөндүм, бирок алып кеткен жокмун. Анан аккордеон үйрөнмөкчү болуп, таежемдин аккордеонун сурап алып эртеден-кечке кыйк-куйк кылып баскылап отурчумун. Азыр ойлосом, үйдөгүлөргө уйку деле берчү эмес экенмин. Бир күнү “Көк-Ташым” деген ырдын обонун кыялымда окшоштургандай болуп 2 саат ойнодум. Атама барып “мен аккордеон үйрөндүм, ата, “Көк-Ташымды” ойноп жатам” деп мактандым. “Аа, жанагы кечке кыйк-куйк кылып жатканың ошол “Көк-Ташым” беле?” деди. Көрсө, атам бери жактан угуп, байкап турган экен. Анан бир күнү базардан аккордеон сатып берди. Андагы сүйүнүчүмдө чек жок эле. Мектепке сабакта отурсам да оюмда аккордеон турчу. Бүгүн өзүм ата болуп, балаңдын каалап жаткан нерсесин алып берип, анын бактылуу болгонун сырттан карап туруунун өзү бакыт экенин эми түшүнүп жатам.
«Атам алгачкы концертиме келбей койду»
– 2012-жылы туулган айылыма алгачкы концертимди коюп калдым. Афишага “обончу Түмөнбай Колдошов” деп жаздырып, жаныма 2-3 чыгармачыл инсанды кошуп алгам. Кеч кирди, эл жок. Атам да концертиме келбей койду. Көрсө, айылда мал-келди жайлап коюп кечирээк келишет экен. Бир убакта эл келип, залга батпай калды. Маанайым көтөрүлүп, концертти жакшы өткөрүп, түн бир оокумда үйгө барсам, атам колун артына алып сыртта ары-бери басып жүрүптүр. Жанымдагы ырчылар “концерт жакшы өттү” дегенде гана кичине жазылды. Ошондо “өзүн-өзү обончу деп алыптыр, сени ким айтты обончу деп?” дегени эсимде.
Дагы бир жолу гезитке интервью берип, журналист “канча обонуңуз бар?” деп сураса “40ка жакын обонум бар” дептирмин. Атам ошону окуптур, чалып “канча обонуң бар?” деди. “Кыркка жакын обонум бар, ата” десем, “канчасы элге тарады, эл ырдаган ырларың барбы деги?” деди. Ойлонуп, “5-6га жетсе керек” десем, “анда мындан кийин 5-6 эле обонум бар деп айтып жүр” деп урушту. Ойлонуп көрсөм, туура айтыптыр.
Атамдын телефонду үйрөнүп алганы кээде мени кыйнап коёт. Азыр баары интернетте да, атам комментарийлерди окуп нерв боло берет. 2-3 жыл мурун жумушума байланыштуу интернетке жагымсыз, туура эмес маалыматтар чыкты. Атам окуп калыптыр. “Финансы маселелериң боюнча интернетте жүрөсүң, айт чыныңды. Тазасыңбы?” деди чалып. “Мен аралашкан эмесмин, ата, тазамын” десем, “анда жакшы, сага ишенем” деди. Атам “жетекчи болуп иштеп жүрөсүң, таза иште, бирөөнүн акысын жебе. Эгер “балаң жаман иш кылыптыр” дегенди уксам, көтөрө албайм, өлүп калам” деп калат. Бул сөз мен үчүн мыйзамдан да жогору турат.
«Атама «Көздөрүң менен коштошуу» деген ырым жакканын билдим»
– Атам дайым “өнөр үйрөнгүлө, өнөр бир күнү курсагыңарды тойгузат” дечү. Менин курсагымды эле тойгузбай, чыгармачылыгымды, турмуш шартымды, баарын жасап берди. Өнөрүм мага аброй алып келди, жумуш таап берди, илимге жол салды, мага бүгүнкү Түмөнбай Колдошовду берди.
Атам “Түгөйүм”, “Жолугарым билгемин” сыяктуу диапазондуу ырларды ырдайт. Ошондой табиттеги киши. Ар бир ырыма анализ берет. Бир жолу сапарда баратсак радиодон менин аткаруумдагы “Жарты кайыкты” берип калды, атам “ушул ырың бир аз чийкирээк да” деди. Кээ бир ырларымды угуп “ушуну жөн эле койбойсуңбу” деп коёт, ошол жетиштүү. Текстке абдан маани берет. “Бул ырларың жакшы” деп ачык айткан жок атам. Бирок “Көздөрүң менен коштошуу” деген ырым жакканын билдим. 2 жыл мурун айылга барганда атам “Көздөрүң менен коштошууну” ырдап берди. Аябай жагымдуу болду. Мен үчүн бул таберик. Атам менин ырымды ырдайт деп такыр ойлобоптурмун.
«Атам менин балдарымды да тарбияласа дейм»
– Азыр балдарым же айылдык эмес, же шаардык эмес болуп чоңоюп жатышат. Аларды атам менен апамдын урушканы да пайда эле. Бирок атамдар ага чыдашпайт, айылда жүргөндү жактырышат. Атамдын биз менен бирге жашап, биздин балдарды да тарбиялап беришин, төрүбүздө күүлүү-күчтүү отурушун каалайм. “Мен атамдан бактылуумун, анткени менин атам бар” деген сөз бар го. Анын сыңары, мен да бактылуумун, атам бар, апам бар. Ушул бактым узак болсун деп тилейм.
Гулийпа Маметосмон кызы