Таштандыдан тамак жеген фригандар

Фриган деген ким?

Фриганизм же фригандар жөнүндө кабарыңыз барбы? Фриганизм англис тилинен түшүндүрмө бергенде “freeganism: free — «эркин, бекер» жана vegan — “веганизм” деген маанини түшүндүрөт. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул кыймылдын өкүлдөрү таштандыга чыгарылган тамак-аштарды жешет. Көчөдөгү селсаяктар үй-жайы, тамак-ашы жок болгондуктан калдыктарды жегенге аргасыз болсо, фригандар экологияны сактоого салым кошуу максатында таштанды тамак-аштарды жешет.

Адамзат үчүн өндүрүлгөн тамак-аштын төрттөн үч бөлүгү (дүйнөлүк статистика боюнча триллион тоннадан ашык) таштандыга кетет делет. Мына ушул маселе менен күрөшүү – фригандардын негизги максаты. Алар таштандыдагы калдыктарды же өздөрү жешет, же башкаларга таратып беришет. Алардын ою боюнча, тамак-аш ресурсун болушунча сарамжал колдонуп, калдык дегенден арылуу керек. Бул аз тамактан дегендикке жатпайт, болгону калдык чыгарбагандай колдон деген маани. 

Качан пайда болгон?

Фриганизм кыймылы 1980-жылдары АКШда пайда болгон. Активисттер “Бомбанын ордуна тамак” деген лозунг менен митингге чыгышып, көрүүчүлөргө бекер тамак-аш таратышкан. Алардын максаты – бомба жана башка адамзатына кереги жок курал-жаракка ири суммадагы каражат коротпой, анын ордуна жакырчылыкка, ачкачылыкка көңүл буруу керек деген ойду тиешелүү жактарга жеткирүү, адамдардын оюна сиңирүү эле. Ал эми элге таратылган бекер тамак-аштарды супермаркет, базар, кафе-ресторандардан алышкан, болгондо да колдонуу мөөнөтү өтүп, калдык катары эсептелгендерди. Мына ушул митингден кийин фриганизм кыймылы жана анын өкүлдөрү катары фригандар келип чыккан.

Негизги эрежелери

Фригандарда да бузууга жол берилбеген эрежелер сакталат. Алардын эң негизгилери:

– Тамак-ашты кайдан алба (дүкөн, кафе, таштанды челеги жана башка) тазалыкты сактоо керек. Антпесе, калдык чыгарган жайдын кожоюндары экинчи бербей коюшу мүмкүн же тамак-ашка химиялык заттарды чачып салышы ыктымал.

– Өзүң жей алгандан көп албоо керек. Эгер калдык катары саналган азык көп болсо, анда муктаждарга таратуу кажет.

– Азык-түлүктү дүкөн, супермаркет, кафе-ресторан же болбосо көп кабаттуу үйлөрдүн таштанды челектеринен гана алуу керек. Жеке үйлөргө кирүүгө, суроого тыюу салынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1138, 26-сентябрь-2-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан