Уккансыз, балким, уга элексиз. Мүмкүн, толук маалыматыңыз жоктур. Бул санда коксартроз деген илдет тууралуу маалымат беребиз. Материалды даярдоого белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков көмөктөштү.
Дарт кемирчектин кургап калышынан башталат
– “Коксартроз” байыркы латын сөзү, кыргызча “жамбаш сөөк” дегенди билдирет. Медицинада коксартроз “жамбаш менен кашка жиликти бириктирген муундун оорусу” деп түшүндүрүлөт.
Жамбаш менен кашка жиликти бириктирген муун – бул кемирчек болот. Кемирчектин курамында суу жана майлуу зат бар. Майлуу зат, суу кемирчекти кургап кетүүдөн сактап, майлап, кыймылдуу, ийкемдүү кылып турат. Кемирчек кайсы бир себептен сезгенет да, андагы суу, майлуу заттын көлөмү азаят. Ошондуктан кемирчек акырындап кургап, жукарып, жарыла баштайт. Кемирчекте нерв болбойт. Качан гана жукарып калганда артында жайгашкан нерв кысылып, жанчылып баштап, оору билинет. Жарылган кемирчек акырындап сөөктөн ажырай баштайт. Кемирчектин милдети төмөндөгөндөн улам кашка жиликтин башы менен жамбаш сөөк бири-бирине уруна берип, аларда сезгенүү жаралат. Сезгенүү сөөктөрдүн тегерегиндеги булчуң, тарамыш, байламталарга да тарап, алардын алсызданышына, булчуңдардын кичирейишине алып келет. Бузула баштаган сөөккө, кемирчекке сыртынан бир нерсе тийгенде катуу оорутат.
Муунду, башкача айтканда, кемирчекти тегерете сөөктөр өсө баштайт, бул муундун томпоюп чоңоё башташынан, кыймылдабай, иштебей калганынан билинет. Адам отура да, жата да албай калат.
Коксартроз бир муунда же 2 муунда тең болушу мүмкүн. Дарт адатта 40 жаштан ашкандарда жолугат. Бирок акыркы жылдарда 35 жаштарда да кездешип жатат.
Оорунун жаралышына артрит, семиздик себеп болот
– Дарттын келип чыгышына, башкача айтканда, кемирчектердин жешилип, үстүнө тегерете сөөктөрдүн өсүп кетишине төмөнкүлөр себеп болот:
• Тукум куучулук
• Жаш курак. Жаш өткөн сайын жабыркаган кемирчектин калыпка келүү жөндөмдүүлүгү төмөндөйт
• Ашыкча салмак. Адам семире баштаганда салмагы өсөт, анчалык салмак кемчирчекке күч келтирип, акырындап бузулууга жеткирет
• Сөөктүн тубаса паталогиялары. Мисалы, кашка жиликтин башындагы томуктун толук өспөй калышы (дисплазия), тубаса жамбашы же тизеси чыгып төрөлүү, тизенин жоктугу, бир буттун кыскалыгы жана башка
• Оор жүк көтөрүп, ташып жана дайыма тикеден туруп иштөө
• Жаракаттар. Буга бутту кайрып алуу, катуу жыгылуу, муундагы сынык, бийиктен кулоо, жамбашты сындырып алуу сыяктуулар кирет
• Спорт менен ашыкча алектенүү. Көбүнчө секирүү, оор атлетика, парашют спорту
• Булчуңдардын оорусу. Кашка жилик менен жамбаштагы булчуңдардагы сезгенүүнүн кемирчекке өтүүсү
• Сөөктүн, муундун оорулары. Мисалы, ревматоиддүү артрит, муундардын инфекциялык сезгениши
• Ички без оорусу (кант диабети)
• Май тамандык, сколиоз да дарттын жаралышына кошумча болушу ыктымал
Оорутуу жамбаштан баштап шыйракка
чейин тарайт
Дарттын белгилери бир топ:
• Жамбаш, сан, жука чурай, тизе, шыйрактагы оорутуу
• Муундардын тегерегинин шишиши
• Басканда кычыраган үндүн чыгышы, басыктын бузулушу
• Ооруган жамбаш, бут жакка кыйшайып басуу
• Кемирчектин жешилип кичирейишинен улам ошол тараптагы буттун кыскарышы
• Буттун жакшы кыймылдабай калышы, буттун башынын чымырашы, таякчан басып калуу
Дарттын 4 стадиясы бар
1-стадия. Оору белгилери анчалык билине бербейт. Кара жумуш кылганда, узагыраак басканда оорутат да, тынч эс алганда оорутуу жоголот.
2-стадия. Мында кемирчектер азыраак жешилет. Оорутуу сан, тизе, шыйракка өтөт. Тынч эс алганда оорутуу көпкө барып басылат.
3-стадия. Муун шишип, кыймыл бир аз азаят. Оорутуу мурункудан көбүрөөк сезилип, тынч абалда деле билине берет. Адам таякка жөлөнүп басып калат.
4-стадия. Кемчирчек жешилип бүтөт. Оору басылбайт. Май тамандуулук келип чыгат, бут кыскарат, булчуңдар ичкерет.
Адамдын жашоо образына, иштеген ишине, өзүн кароосуна жараша ар бир стадиянын аралыгы бир нече жылга чейин созулушу ыктымал. Оорутуу жазда, күздө күч алат.
МРТ – дартты так аныктайт
– Дарылоодон мурда, албетте, текшерилүүдөн өтүү абзел. Диагноз койдуруу үчүн ортопедге, ревматологго же хирургга кайрылуу керек. Диагностиканын ыкмалары булар:
• Рентгенография. Мында кемирчектердин арасы канчалык ачылып калгандыгы, кемирчектердин үстүнө сөөктөрдүн канчалык өскөндүгү аныкталат
• УЗИ – сөөктөрдүн тегерегиндеги сезгенген булчуң, тарамыш, байламталардын абалын билүү үчүн керек
• Компьютердик томография. Бул рентгенографияны толуктап, муундун жана анын айланасындагы ткандардын абалынан толук маалымат берет
• Магниттик-резонанстык томография – бул муун, сөөктөрдүн абалын толук анализдөөгө мүмкүндүк түзөт
• Кандын биохимиялык анализи (сезгенүү жана зат алмашуу канчалык экендиги аныкталат )
1-2 –стадиясында муунду сактап калууга болот
– Дарылоодо дарттын стадиясына жараша ревматолог, ортопедден тышкары мануалдык терапевт, физиотерапевттин да жардамы керектелет. Оорунун алгачкы белгилери билингенде ревматологго кайрылуу зарыл. Ревматолог муундардын сезгенүүсү боюнча адис. Кокус оору өтүшүп баштаган болсо, анда ортопедге кайрылуу зарыл болот.
Оорунун 1-2-стадиясында консервативдүү дарылоо жүрөт. Дарылоо ичине оорутууну басуучу, ооруну өнүктүрбөй кармап туруучу, сезгенүүнү жана булчуңдардагы чыңалууну кетирүүчү, жабыркаган кемирчекти калыпка келтирүүчү дары-дармектерди камтыйт. Диета, физиодарылоо, дарылык көнүгүүлөрү сунушталат. Кан жана зат алмашууну жөнгө салуучу дарылар, дары майлар, дары пластырлар да, албетте, кошулат.
Семиздер арыктоо үчүн калориялуу тамактарды азайтып, кыям, булочка, таттуу сыяктуулардан баш тартуулары керек болот.
Дарылык көнүгүүлөр инструктордун коштоосу менен жасалат. Аларды үйрөнүп алган соң бейтап үйүнө чыкканда өз алдынча жасай берет. Бассейнге барып, йога менен машыгуу да айыгууга жардамчы болот.
Оорунун 3-стадиясында дарылар жардам бере албайт. Реконструктивдүү операция жасалып, муун сакталып калынат. Операцияда кемирчектин үстүнө өсө баштаган сөөктөр кесилип, муунду сүйөп туруучу металл пластина коюлат. Операцияга макул болбосо оорусун өтүштүрүп баспай калганда келет.
4-стадиясында оору өтүшүп кеткен болот. Мында жасалма муун салынат. Ал табигый муундун милдетин аркалайт. Жасалма муун болсо кымбат турат.
Дарттын алдын алуу
• Жаракатка кабылбоого аракет кылуу, өзгөчө жамбаш жана кашка жиликтен
• Семирип баратканда арыктоого аракет кылуу
• Кара жумушту белге, бутка күч келтирбей акырындан жасоо
• Оорунун белгилери билинер замат дарыланып, ооруну өтүштүрбөй калуу жана башка
Канымжан Усупбекова