Кой
(21.03–20.04)
Алдыда этияттык менен бирге чечкиндүү аракеттерди талап кылган өзгөчө жума келе жатат. Кээ бир мүчүлүштүктөрдөн улам айрым маселелерди кийинкиге жылдырууга туура келет. Бул кызыгууңузду өөрчүтө бериңиз, анын артынан кызыктуу идеялар келет. Убакыттын өтүшү менен үй-бүлөлүк жашоо сиз үчүн кызыксыз, бир калыптагыдай сезилиши мүмкүн. Чыдай туруңуз, жашооңуздун бул этабы да өтөт, кызыктуу күндөр алдыда.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Үй-бүлөңүзгө жаңы адам кошулушу мүмкүн. Чөйрөңүздө жүргөн адам кызыктуу жумуш сунуштайт, алгач ал жумуш сиз үчүн эместей туюлушу мүмкүн, бирок аракет кылып көрүңүз. Айымдар биринчи жолу натыйжа же пайда үчүн эмес, өзүңүздүн канааттанууңуз үчүн көбүрөөк иштейсиз. Студенттер окутуучусу анын билимин туура баалабай төмөн баа коюп жатса таарынбашы керек, азыркы “начар баалардын” кийин жашоодо көп пайдасы тиет.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Сүйүү, мээрим издеп көпчүлүктүн көңүл борборунда болууну каалап, укмуштуу окуяларга аралашып калуудан этият болуңуз. Жашоо принциптериңизди өзгөртүүнү талап кылган көйгөйлөр жаралат. Жумушта жетекчилик сиз баш тартууга мүмкүн болбогон нерсени сунуштайт. Ишке ашырчу идея, максаттардын баарын сандыктан чыгарып, алар менен бөлүшүңүз. Саякатка чыгууга жана документтерге байланыштуу иштерди кийинкиге жылдырып туруңуз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жаңы жумушка орношуу сунушу түшөт, бирок азырынча ал сунуштан баш тартып турганыңыз жакшы. Сиз ал жумушка толук жоопкерчилик менен мамиле кылсаңыз да, физикалык жактан жүктөлгөн милдеттерди аткара албай каласыз. Жаңы таанышуулар, жолугушууларга сын көз караш менен карайсыз. Сүйүү жаатында кабыл алынган чечимдер сизди уйгу-туйгу кылат, эгер туура эмес чечим кабыл алганыңызга көзүңүз жетсе, аны оңдоп кетүүгө кеч эмес.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Толук эркиндигиңизди сезип, ыңгайлуу зонадан чыгып, укмуштуу нерселерди жасап көрүңүз. Кыска, бирок жемиштүү саякатка чыксаңыз болот. Сүйүү мамилесинде кызганчаактыгыңыз, талапчылдыгыңыз, бардык нерсени көзөмөлгө алуу аракетиңиз түгөйүңүз менен мамилени бузушу мүмкүн. Сүйүүңүздү далилдөөнүн башка жолдорун издеп көргөнүңүз туура. Ар кандай эксперименттерден баш тартыңыз, айрыкча каржыны талап кылган эксперименттер абдан кооптуу.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бардык куралдарыңызды ишке салыңыз, харизма, профессионалдуулук, жоопкерчиликтүүлүк, креативдүү ой жүгүртүү жана башка сапаттарыңызды. Жакындарыңыздын ден соолугуна көңүл буруңуз, сиздин жардамга муктаж болот. Ийгилик өзүнөн-өзү келбейт, канча аракет болсо, ошондой деңгээлде түшүмүн көрөсүз. Жеке каалоолоруңузга акча короткондон аянбаңыз, жакшы тамак, жакшы кийим алсаңыз, өзүңүздү күнөөлүү сезбешиңиз керек.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Адамдар менен бат тил табышуу, чечендик сапатыңыз жакшы жыйынтык берет. Романтикалык мамилелерди баштоо үчүн эң сонун убакыт. Мырзалар сөздөрүнө, иш-аракеттеринде этият болуусу зарыл. Сизге кадимки деп эсептеген нерсени башкалар туура эмес түшүнүп калат. Сүйүктүүңүз менен таарынышып жүрсөңүз, аны менен чукушуп, сөз талашып отурбай, жөн гана унчукпай кутулганыңыз жакшы. Сабырдуулук жана токтоолук сизге башкы жардамчы болот.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Жеке мамиледе сезимдердин жетегинде калбаңыз, сүйүктүүңүздүн бардык аракеттерин салкын кандуу кабыл алыңыз. Сизде азыр жетиштүү энергия бар, алты ай алдыга план түзүп, аны ишке ашырууга киришсеңиз болот. Чаян мырзалардын жашоосунда кызыктуу таанышуулар, хоббилер пайда болушу мүмкүн. Лидерлик сапатыңыз менен айланаңызда пикирлеш адамдарды чогултасыз. Жаракат алып калуу коркунучу бар, техника менен иштөөдө абайлаңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Көптөн бери жетише албай жаткан ишти бүтүрүүгө эми убакыт келди. Келишимдерди түзүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жакшы убакыт. Ишиңизде бир нерсе туура эмес болуп жатса, өзүңүздү жемелөөнү токтотушуңуз керек. Жумушта провакациялар, түрдүү сыноолор болушу күтүлөт. Бирөөнүн оюн сыйлабагандыктан, текебердигиңизден сүйүктүүңүз сизден кол үзүп кетиши ыктымал. Андыктан сизди кыйратуучу мүнөзүңүздү оңдоого аракет кылыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптада өтө активдүү болуунун кереги жок. Убактыңызды инсандык өсүүңүзгө жумшаңыз. Сейилдеп, китеп окуп, медитация жасап же йога менен алектенсеңиз болот. Жашооңуздагы сүйүүнү табасыз, ал күтүүсүз кирип келет. Жамааттык иштерде, биргелешкен аракеттерден жакшы майнап чыгат. Жумушка короткон энергияңыз өзүн толугу менен актайт. Айланаңыздагы адамдарга жакшылап көз салыңыз, балким, сизди түйшөлткөн керексиз мамилелерди үзүшүңүз керек болот.
Суу куяр
(21.01–19.02)
Жашоодо керектүү күчтү үй-бүлөңүздөн гана аласыз. Демек, сизге энергия булагын берчү – бул жакындарыңыз, алар менен көбүрөөк болуңуз. Кесиптештериңиз менен мамилеңиз ойдогудай болбой, жамаат ичинде сиз тууралуу ар кандай кептердин тарашына себепчи болот. Кайсы бир максатка жетүүдө амбицияларыңызды тизгиндеңиз. Ашыкча амбициялар стресске, ийгиликсиздикке жана максаттарга жетпей калса көңүл калууга алып келиши мүмкүн.
Балык
(20.02–20.03)
Чөйрөңүздү кеңейтип, жаңы адамдар менен толуктоо үчүн эң сонун мезгил. Ачылбаган таланттарыңыз, жөндөмдөрүңүз ачылат. Кандай иш баштасаңыз да сөзсүз андан жыйынтык болот. Командада иштөөгө жана кесиптик чөйрөгө байланышкан маселелерди оңой чечесиз. Сүйүүдө сезимталдыгыңызды туура түшүнгөн түгөйүңүздү табасыз. Виртуалдык таанышуу, аралыктан сүйүү мамилесин куруу сыяктуу окуялардын каарманы болосуз.