Пи Дидди деген ким?
Пи Дидди белгилүү америкалык рэп ырчысы. Рэпердин 9 ыры “Грэмми” сыйлыгына талапкер болуп, экөөнү жеңип алган. Анын “I'll Be Missing You" ,“Shake Ya Tailfeather” чыгармалары көптөгөн сыйлыктарды уткан. 2022-жылы Forbes журналы анын байлыгын 1 миллиард долларга баалап, аны рэпер Жей-Зиден кийинки эң бай хип-хоп аткаруучусу деп тапкан. Учурда Пи Дидди камакта: тергөөчүлөрдүн айтымында, ал ондогон жылдар бою акча, музыкалык келишимдердин ордуна мырзалар менен аялдарды, жаш балдарды сексуалдык зомбулукка дуушар кылган укмуштуу “жапайы кечелерди” уюштуруп келген. Мындан тышкары ага "сексуалдык соода менен алектенген" деген айып тагылууда.
Педофилия, баңгизатка байланыштуу чыр
Ырчыга байланыштуу алгачкы чуулгандуу окуя 2023-жылы анын экс-сүйүктүүсү Кассандра Вентура Пи Дидди бир нече жылдар бою аны сексуалдык зомбулукка дуушар кылганын ачык айтып чыкканда башталган. Бирок кийин ал маселе тынчтык жолу менен чечилгенин түшүндүрүп, дароо арызынан баш тарткан. Андан көп өтпөй рэперден жабыр тарттым деп башка жабырлануучулар чыгып, аларды ырчы алгач баңгизат колдонууга мажбурлап, кийин топ адамдар менен жыныстык катнашка барууга түрткөнүн айтып берип, сексуалдык зордуктоо, порнографиялык видеолор үчүн айыпташкан.
Ашер, Жастин Бибер ырчынын курмандыгы болушканбы?
Рэпер кезинде жаш ырчыларга продюсерлик кылуу менен алектеген. Анын жапайы кечелерине өспүрүм кезинде Жастин Бибер, Ашер сыяктуу ырчылар катышып курмандыгына айланган болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Алсак, ырчы Ашер маектеринде 14 жашында Пи Диддинин “жиндидей” кечелерине катышып жүргөнүн билдирип, “мен баламды эч качан андай кечелерге катыштырбайт элем” деп айтканы бар. Ошондой эле учурда Жастин Бибердин “Пи Дидди менен 48 саат” деген чыгармасы кызуу талкууга алынууда. Маектеринде Бибер бир нече жолу өспүрүм кезинде чоң жараат алган окуяны башынан өткөргөнүн, Голливуддун музыка индустриясында педофилия күчөгөнүн кыйытып келет. Билли Айлиштин жылдызы жанып келе жатканда Бибер ага шоу-бизнестеги эң коркунучтуу адамдардан коргонууну сунуштаган. Мындан улам дүйнө коомчулугу Пи Диддинин бузуку кечесине катышкан бардык Голливуд жылдыздарынын тизмесин ачыктоодо. Арасында дайымкы конок катары Леонардо Ди Каприо, Пэрис Хилтон, Эштон Катчер, Келли Осборн, Жей-Зи, Бейонсе, Мэрайя Кэри менен күйөөсү Ник Кэннон, Памела Андерсон, Ким Кардашьян жана башкалар бар. Көпчүлүк эксперттер аталган чуулгандуу окуя бүтүндөй Голливуд жылдыздарынын абийирин төктү деген пикирде.
Жактоочулары 50 миллион доллар сунуштаса да абакта калтырышкан
Үстүбүздөгү жылдын март айында Пи Диддинин Лос-Анжелес, Майами, Нью-Йорк шаарларындагы үйлөрүндө тинтүү жүрүп, федералдык укук коргоо кызматкерлери анын үйүнөн ок дарыларды, 1000 литр балдар майларын табышкан. Рэперге эркектерди, кыздарды, жаш балдарды сексуалдык зордук-зомбулукка мажбурлаган деп айып тагышкан. Ошондой эле тергөө ишинде ырчы сексуалдык кылмыштуу империяны түптөп, күзөтчүлөрү, үй кызматкерлери менен бирге үзгүлтүксүз коркутуп-үркүтүү, шантаж кылуу менен алектенгени айтылат. 16-сентябрда Пи Дидди кармалып, Бруклиндеги убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ырчынын жактоочулары аны бошотуу үчүн
50 миллион доллар сунушташкан, бирок сот артистти коом үчүн коркунучтуу шектүү деп эсептеп, өтүнүчтү четке каккан. Буга рэпер ачкачылык жарыялоо менен жооп берди. Кийинки сот отуруму 9-октябрда болот. Эксперттер кылмышы далилденсе, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн деп эсептешет.
Лунара Бекиева