(Башталышы)
– Карып кетипсиң...- деди аялдын ичи ачыша. Тиги жылмайып башын чайкап койду. Муну менен жолугуп калам деп бир ойлосочу. Эгерде алыстан караанын эле көргөндө качып кетмек. Бул так маңдайынан чыкты. Качканга же саламдашпай өтүп кеткенге болбой калды. Жүрөгү солк этти. Дайым ушундай, качан Элести көрсө ушундай реакция болот өзүндө. Курган жүрөк бир солк этип алып, тыпырап кага баштайт. Куду биринчи жолу көргөндөй. Канча жылдар өттү, суулар акты, ал эми бечара жүрөк эч мурункусунан жазбайт.
– А сен мурункудай эле экенсиң.
Элес муну кермек даамы бар какшыктай сезип, кыпкызыл болуп кетти. Али бул сөздү чын дилинен эле айткан болчу. Мурункудай супсулуу. Арыкчырай, койкойгон денеси дагы деле көркөм, болгону көздөрү кайгылуу. Бул көздөрдүн капканына бир чалынган адам оңбой калат. “Ансыз деле оңбой калбадыңбы” деди ичинен өзүн-өзү шылдыңдаган Али.
– Кечирип кой, сага башкача угулушу мүмкүн, бирок мен чын дилимден айттым. Сен чындап мурункудай эле экенсиң.
– Кандай анан, жашооң?- деди аял, керилген каштарын серпип маңдайына түшкөн чачтарын оңдоп койду. Дагы бир тааныш кыймыл. Али көзүн ала качты. Көргөнчө көрбөй күйгөн оң муну.
– Мурункудай, өзүң билгендей. Чапкылап жүрөм. Биздин ишти билесиң да.
– Үйлөнө элексиңби?
– Кантип үйлөнөм?- деди оозун ачкан Али. Башкалар айтса эч нерсе эмес эле, Элестин айтып турганына жаны кейип кетти. – Менин балдарым... Билесиң... Дагы деле издеп жүрөм...
Тамагына бир нерсе туруп калгандай, андан ары бир сөз айтса ыйлап жиберчүдөй буулугуп кетти. Азыр бир ооз сүйлөсө эле ыйлап жиберчүдөй тиштенип турду.
– Али, он жыл өттү...
– Хе, сен айтпачы ушуну... Канча жыл өткөнүн сенден жакшыраак билем. 10 жыл, 5 ай, 8 саат...
– Эгерде бир жылчык болсо табылмак... Үч көтөрдүң өлкөнү, журналист кесиптештериң такыр эле апта калтырбай жазып, сүрөттөрүн байма-бай чыгарып жатышты. Атаң, өмүр бою органда иштеген адам, ошол да таба албады. Дагы канча издейсиң?
– Өмүр бою издейм. Акыркы демиме чейин балдарымды издейм жана табам. Көрөсүң, мен табам!
– Он жыл өттү...- деди Элес ойлуу.
Али терең дем алып, демин басып биртке турду. Анан айтпай коёюн десе болбой оозунан ушул сөз ыргып кетти.
– Мени таң калтырган эмне, билесиңби? Сен кантип унутуп калдың? Алар сенин балдарың болчу. Сен аларды тогуз ай бою курсагыңда көтөрдүң. 5 жыл бирин, 4 жыл бирин коюнуңа алып жаттың. Жыты мурдуңда калды. Элестери көз алдыңда. Сен кантип эл катары үмүт үздүң? Сен кантип ушинтип эле жоготуп алганга макул болдуң?
– Үзбөгөндө эмне кылат элем? Сен айтчы, эмне кылышым керек эле?
– Жанымда болушуң керек болчу.
Али акыры өктөөсүн айтып тынды. Элес жаштуу көздөрүн ала качты. Акырын гана башын чайкады.
– Сенин жаныңда жашоо мүмкүн болбой калганы үчүн кеттим. Сени менен жашоо тозокко айланды. Сен бир аңга түшүп кеттиң, чыга албай жаттың. Мени ошол депрессиянын чуңкуруна кошо түшүрө баштадың. Ага да чыдайт элем, сен мени дем алдырбадың. Мага сенин жаныңда аба жетпей жатканы үчүн кеттим мен...
– Анан дароо эрге тийдим де...
– Эмне кылат элем? Жашоо уланыш керек болчу. Сени менен кошо мүңкүрөп отура бергенде эмне пайда тапмакмын? Ооба, эрге тийдим. Балалуу болдум.
– Сен алардан оңой эле үмүт үзүп койдуң!- деди өжөрлөнгөн Али.
– А сенчи? Үмүт үзбөй тытынып издеген сен кайсы пайданы таптың? Сени ойлогондон, сага жан тарткандан улам айтып жатам. Өтмүштү жайына кой. Өттү, кетти. Баары бир кайтарып ала албайсың ал күндөрдү.
Али бир нерсе айтайын деп калганда аларды көздөй келе жаткан кичинекейди көрдү. Ушул учурда ал Элести көздөй чуркап жетти. Кыз бала экен.
– Апаке...
Алинин көзү бакырайып кетти. Так өзүнүн жоголгон кызы аны көздөй чуркап келе жаткандай сезиле түштү. Аябай окшош экен. Чачы, өңү, көздөрү... Кичине кыз апасын кучактап, бир нерселерди айтып жатты. Элес эмне кыларын билбей калды. Бала багуучу кыз аны коё берип жиберет деп ойлогон эмес эле. Бул кыз Алинин жарасын тырмай турганын сезчү. Аны бир карап алып заманасы куурулуп кетти. Эми Элестин жүрөгү күйүп бара жаткандай сезди. Алинин көздөрүндөгү балдарына болгон кусаны, тойбой калган сүйүүсүн, өксүк болгон көңүлдү, айыга элек жараны көрбөй коюш мүмкүн эмес эле да. Бир нерсе деп жубатыш да мүмкүн эмес.
– Жүрү, кеттик, кызым. Айсулуу...
– Эмне-е?
Али түтөп кетти. Жоголгон кызынын атын да кийинки тийген күйөөсүнөн төрөгөн кызга коюп алганын карасаң.
– Ооба, Айсулуу!
– Башка ат таппай калдыңбы?
– Менин тагдырга берген жообум ушул болду, Али. Балдарымды таппай калганда алардын ордун баса турган нерсеге мен да муктаж элем. Менин жашоого үмүт кылдырган, андан ары жолумду улаганга күч берген ушул кыз... Мен сендей күчтүү эмесмин, Али. Мен агымга тескери сүзө албайм. Мен жөн гана баш ийем. Сен да баш ий.
Али сөз таба албай калды. Ушундан көрө көрбөй, билбей койсо эмне?
– Аман бол...
Күңк эте берди да, бурулуп басып кетти. Элес кызын колунан жетелеп ары кетти. Али бир аз баскандан кийин артына кылчайды. Кылчайбай басып кеткиси келген, бирок эмнегедир дагы бир жолу көргүсү келди. Элес кымбат баалуу машинеге түшүп узап кеткенин көрдү. Каңырыгы түтөп кетти. Оңой эле минтип өз бактысын куруп кеткен мурунку аялына жакшылык каалай албай же ичиндеги ич күптүсүн коё бере албай түйшөлдү. “Эмнеге ушул сейил бакка келдим эле?” деп да кыжалат боло берди. Көрбөсө болмок. Алиден кийин турмушка чыгып, жакшынакай кыз төрөп кадимки жашоосу менен жашап жатканын көрбөсө болмок. “Эмне кылсын, ага да жашоо керек. А балким, анын кылганы туурадыр. Же бир майнап чыкпагандан кийин...” Ушинтип ойлоп алып өзүнө-өзү жини келип кетти. Кайра эле ичинен Элести күнөөлөп жатканын сезди. Кантип унутуп койгонго болот? Эч нерсе болбогондой, андай балдар төрөлбөгөндөй, Алиге эч кандай сезимдери болбогондой баарын унутуп койгону кантип болсун? Башка адамдар унутсун. Болду, эми табылбай калды десин, бирок Элес антпеши керек эле да. Ал Алинин жанында үмүтү өчпөй, дагы да болсо изин кубалап тынып-тынчыбай жашаш керек эле. “Жок, туура эмес кылып жатасың, Али. Сен да он жылдан бери тынчышың керек эле” деди өзүнө-өзү. Тилекке каршы, бул анте албады. Ойлуу келе жатканын анын кошунасы Болот көрүп калды.
– Ассалоом алейкум, ой, сен эмне такыр эле шаабайың сууп?
– Алейкум салам, чарчадым.
– Албетте, чапкылап эле жүрөсүң. Журналисттердин баары эле сендей тынчы жок немелер болушабы, ия?
Али күлүп жиберди. Күлгөн ага аябай жарашат. Маңдайы жаркый түшөт. Өзү да өтө көрктүү неме, күлгөндө ого бетер бажырая түшөт.
- Сага канча күндөн бери бир арыкчырай кара көз айнек тагынган жигит келет. Кызыктай неме экен. Чукулап эле бир нерселерди сурамыш болот. Шектенип калдым. Телефон номериңди берген жокмун.
- Болот байке, ким экен ал? Эмне дейт?
- Али деген журналистке жолугам дедим эле дейт. Анан...
- Ии?
- Балдары жоголуп кеткен турбайбы? Табылдыбы, палан-түкүн... Кыскасы бир аз шектендим. Аркасынан телефонго тартып калдым.
Али дароо чыйрала түштү. Он жылдан бери ага балдарыңды таап берем деп эчендер келди. Көзү ачыгы, бакшысы... Билип туруп деле кээде алданып калган учурлары болду. Бирок бир дагы жолу эч биринин аркасынан түшпөй койгон жок. Болот байкеси ага сүрөтту көрсөттү...
(Уландысы кийинки санда)